Эне баланын саламаттыгы, ак халатчандардын кош көңүлдүүлүгү

8 - Ноября  2017 | 9 : 3289
Эне баланын саламаттыгы, ак халатчандардын кош көңүлдүүлүгү

 

 

Быйылкы жылдын 9 айында эле төрөттөн улам 9 энени жоготуп алдык...  Ошол эле тапта  акыркы жылдары аялдарды операция жолу менен төрөтүү өсүп жатат. Бул үчүн ак халатчандардын кызыкчылыгы да бар экени Гипократтын антын алгандар  арасында деле ачыкталды. Дагы бир көңүл буруучу жагдай,  ВИЧ илдетине чалдыккан энелерден жарыкка келчү наристесин таза төрөтүү аракети көрүлүп жаткан менен учурунда  бул илдет аныкталбай калган жагдайлар да орун алып, дарылоо иши кеч башталган фактылар жүз берүүдө. Мына ушул сыяктуу маселелер Базар-Коргон районунда  саламаттыкты сактоо тармагын талкуулаган координациялык кеңеште ачыкталды. Жыйынды Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары  Ырысбек  Ызабеков алып барды. 

 

Энелердин өлүмү...

Областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисинин орун басары Гулнара Маматалиеванын баяндамасында, былтыркы жылга салыштырмалуу энелердин өлүмү көбөйдү. 1 аял кош бойлуу кезинде, 8 аял төрөт жана төрөттөн кийинки учурларда дүйнө салган. Каза болгондордун 7си үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда, бирөөсү ФАПта көзөмөлдөнгөн,  4 аял ооруканага оор абалда келип түшсө, бирөөсү Россия Федерациясынан өтө оор абалында кайрылган. Наристесин жарык дүйнөгө алып келүүнү каалап, бирок ажалга моюн сунган энелердин алтоосу областтык төрөт үйүндө, бир аял Сузак райондук аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө, дагы бири областтык кургак учукка каршы күрөшү борборунда жана 1 учур Кочкор-Ата аймактык ооруканада кете берген.

Өлүм себебинин структурасындагы биринчи орунда экстрагениталдык оорудан 4 эне, сепсистен үчөө, кан кетүүдөн бирөө, анестезия кабылдоосунан бирөөсү жалган жашоо менен кош айтышкан.

Энелердин өлүмүнүн бардык учурлары боюнча областтык штабда, алты айдын жыйынтыгы менен Координациялык комиссиясында, 2 жолу республикалык комиссиянын көчмө жыйынында каралган. Медициналык кызматкерлерге административдик жазалар берилген.

Район-шаарлардан дал ушул Базар-Коргондо 9 айда эле төрт эне кете берген. Мындан улам аймактык оорукана текшерүүгө алынып,  бир топ кемчиликтер орун алып олтурат. Областтык клиникалык оорукана жетекчиси Жаныбек  Карабаев да мындагы оорукананын тийиштүү адистерине төрөтүүдө жол берген кемчиликтери боюнча тийиштүү  кызматкерге айтылган менен дале кемчиликтер жоюлбай жатканын, кош айтышкан энелердин айрымдарын сактап калса боло турганын айтып, дарыгерлерди оңолууга чакырды.  Ызабеков да ар бир эненин тагдыры ойлонтчу маселе экенин, олуттуу кароого чакырды.

 

Эненин саламаттыгыбы же халатчандын алкымыбы?

Бул жолку жыйында эл арасында “дарыгерлер акча алуу үчүн операция(кесерова) көп жасашат экен” деп айтылып келген кепти  ак халатанчандар өздөрү тастыкташты.  Тактап айтканда энелердин өлүмү боюнча баяндамада Базар-Коргон аймактык ооруканасындагы абал талкууланды. Баяндамада айтылгандай, Базар-Коргон районунда 9 айда 2304 төрөт катталган. Төрөт үйүндө эне өлүмү катталбаган менен  аялдар өтө оор абалда областтык ооруканага которулган. Жыл башынан бери эле операция жолу менен 109 эне төрөсө,  пландуу түрдө 6, шашылыш түрдө 103 операция жасалган. Бул район үчүн кесерова жолу көптүгүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу башкармалыгынын жетекчиси Т. Нышанов катуу белгиледи.

-Район үчүн операция жолу менен төрөтүү көптүк кылат. Бул кадам эненин өмүрүн сактап калуу үчүн жасалдыбы же башка кызыкчылык барбы? Ушул суроо мени кызыктырат. Капа болбогула айрым учурда ак халатчандар өз кызыкчылыктары үчүн да операцияга беришет. Себеби өз алдынча төрөгөн энеден дарыгерлер акча ала алышпайт. Операция жолу менен төрөгөндөрдөн 10 миң сомдон жогору акча алышат -деди  ал өз сөзүндө. 

 

Базар-Коргон ооруканасындагы кемчиликтер

Базар-Коргон аймактык ооруканасында бир катар кемчиликтер орун алганы айтылды.  Аталган оорукананы текшерүүгө  алган жумушчу топтун баяндамасына караганда жугуштуу ооруларды алдын алууга, кызматкерлерлин билим деңгээлин көтөрүү боюнча аракеттер бар. Бирок оорукана ичинде дарыгерлердин шалаакылык мамилелери ачыкталды. Мисалы каттоо жүргүзүлүүчү медициналык жардам берүүгө байланышкан жугуштуу оорулардын нозологиялык форма тизмеси түзүлгөн менен  төрөт бөлүмүнөн катталган эндометрит жана сепсис учурлары тиешелүү журналга катталбаган.

Акырек астындагы катетер менен толук камсыздалбаган. Быйылга жылга жогоруда аталган медициналык жабдык  9 ай ичи  сатып алынган эмес. Оорулуулар өздөрүнүн эсебинен алууга туура келген. Бул маселеде оорукана жетекчилиги 2 жолу тендер жарыялашкандыгын, айтышты. Бирок калган ооруканаларда дары-дармектерди, жабдыктарды сатып алууда эч кандай маселелер болбой эле алып жатышкандыгы,  оорукана жетекчилигинин шылтоосу экендиги баса белгиленди.

Мындагы ооруканада Сепсиске күмөндөлгөн оорулуулардын канынан батериологиялык лабораторияга анализ алынбай калган учурлар да аныкталган.  Оорукананын клиникалык бөлүгүн текшерүүдө да  кемчиликтерге жол берилген.

 

ВИЧ илдети кандай?

Жалал-Абад дубанында жалпы ВИЧ илдетине кабылган жалпы 890 жаран  каттоодо турат.  Алардын 511и эркек, 379ун аял заты түзөт. Булардын ичинен быйылкы жылдын 9 айында 95 адамдан жаңыдан табылган,  анын ичинен үчөөсүн жаш балдар түзөт. Областтык СПИДке каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Элмира Сатарованын айтымында, ВИЧ илдетке кабылгандардын дээрлигин 40 жашка чейинки жарандар түзүүдө. Адистердин белгилөөлөрүндө жылдан жылга ВИЧке кабылган аялдардын саны өсүүдө. Быйылкы жылдын 1-октябрына карата жалпы бул эпидемия тарагандан бери ВИЧ илдетине кабылган 80 бала катталган, басымдуу көпчүлүгү же 58 бала 2005-2012-жылдар ичинде аныкталып табылган. Жугуу жолдорун анализдей келгенде парентералдык жол менен 31 балага, 46 өспүрүмгө энесинен, гетеросексуалдык жол аркылуу 1 кызга жукса, 2 баланын бул илдетке кабылуусунун жугуу жолу белгисиз болууда.  Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан ВИЧ илдеттүү 46 балага ай сайын 3000 сомдон жөлөк пул чегерилген.

ВИЧ илдети  башталгандан бери област боюнча ВИЧ энелерден 151 наристе төрөлгөн, алардын ичинен 81 наристе эффективдүү профилактикалык жумуштун натыйжасында илдеттен таза деп табылып, каттоодон чыгарылган. Тилекке каршы 7 бала ВИЧ илдетине чалдыккан, калган балдар мөөнөтү жетпегендиктен ВИЧ толук аныктала элек.

Саламаттыкты сактоо тармагында кабыл алынган программада энеден балага ВИЧти жуктурууну төмөндөтүү, 2021-жылга чейин бул жугуу жолун таптакыр жок кылуу каралган. Бул максатты ишке ашыруу үчүн акысыз тест-системалар менен камсыздандырылган. Тиешелүү адистер окутулуп үйрөтүлгөн. Иш ыргагы жүрүп жатат. ВИЧ инфекциясын алдын алуу жолунун акыркы этабы-эне сүтүн алмаштырып, анын ордун жасалма сүт менен камсыздоо жолго койулуп келе жатат.

Быйылкы жылдын 9 айында област боюнча ВИЧ энелерден төрөлгөн 31 бала жасалма сүт азыктарына муктаж болгон, көпчүлүк жерлерде туура түшүнүшүп жакшы аракеттер болууда.  Болгону Сузак, Ноокен райондорунун айрым айыл өкмөттөрүндө  дарыгерлердин бир нече кайрылууларына карабастан эненин жасалма сүтүн камсыздоо жолго коюлбай келет.

 

Кеч дарылоо

Област боюнча ВИЧке текшерилгендердин 61 пайызын кош бойлуу аялдар түзгөн, бирок Чаткалда толук текшерилбейт. Андагы райондо каттоого алынган 93 кош бойлуу аялдын 35и ВИЧке  текшерилбей калган.   Дал ушул райондо  кош бойлуу аял май айында 14 жумалык мөөнөттө каттоого турган менен ВИЧке өз учурунда текшерилбей калган.  Мунун натыйжасында дарылоо иши кеч башталып калган. Негизи мынтип кош бойлуулар толук өтпөй калып жаткан тапта  эксперттердин район-шаарлардагы лабораториялардын кыскаруу  сунушун министрликке жибергени ойлондуруп жатат. ВИЧти аныктоо үчүн район-шаарлардагы 11 ИФА жана ВИЧ лабораторияларында жүргүзүлөт. Мындагы лабораторияларга эксперттер тарабынан  талдоо жүргүзүлүп 5 ИФА жана лаборатория эффективдүү эмес деп табылган. Тактап айтканда Ала-Бука, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Базар-Коргон, Сузак райондорунда кыскартылып жоюлуу алдында турат. Бирок аймактык оорукана жетекчилери да бул сунушка макул болушкан жок. Бул кыскаруу жүзөгө ашса кош бойлуу аялдардын бул илдетке чалдыканын аныктоо кыйынга туруп калат.

Баяндамада маалым болгондой, быйылкы жылдын 9 айында 38784 жаран текшерүүдөн өткөн. Бул жарандардын басымдуу бөлүгү кош бойлуу аялдар жана медицина кызматкерлери түзүүдө.  Башка тармактын өкүлдөрү камтылбай жатат.

Көмүскөдө жүргөн ВИЧ илдеттүү жарандарды аныктоо боюнча алгылыктуу жумуш байкалбай жатканы да ойлондурат.

 

Кургак учук кантти?

Быйылкы жылдын 9 айында кургак учукка биринчи жолу кабылган 733 оорулуу табылды.   Областтык кургак учукка каршы күрөшү борборунун директору Бурул Кадырованын ырастоосунда  кургак учукка кабылгандарды табуу боюнча аракеттер көрүлгөн.  Жыл башынан бери дубанда 12507  балага туберкулин жасалып, 91 баладан туберкулездун белгилери табылып, текшерилип 73 баладан кургак учук оорусуна кабылганы такталды. Ооруга чалдыккан жашы  жете эле өспүрүмдөрдүн  арасынан 2 бала дарыга туруктуу экендиги аныкталып, дарылоо курстарынан өтүүдө.  Дагы бир өкүнүчтүүсү Базар-Коргон, Сузак райондорунда бир очоктон бештен ашуун бала катталган учурлар да кездешти. Бул кырдаал ак халатчандарды ойлондурат. 

Өткөн жылга салыштырмалуу ооругандардын арасында медицина кызматкерлеринин катталышы азайды. 2017-жылдын 9 айында 3 медицина кызматкеринен кургак учуктун ар кандай түрү менен катталган. Булардын ичинде кургак учукка каршы мекемелердин кызматкерлери жок. Бардык медицина кызматкерлери медициналык кароодон табылып, өтүшүп, кабылдап кеткен учурлары кездешкен эмес. Андан сырткары өспүрүмдөр жана чоңдор арасында адаттагыдай эле флюорографиялык текшерүүдөн өткөрүү жүргүзүлүп,  86 оорулуу табылды.  Бактериоскопия жолу менен 2368 оорулуу текшерилип, алардын ичинен 370 оорулуудан кургак учук таякчасы табылган.

Генэкссперт ыкмасы менен 1159 оорулуу текшерилсе, андан 259 жаран кургак учукка каршы дарыларга сезимтал, 96 оорулуу рифампицин дарысына туруктуу деп табылып, дарыланышууда.

Түштүк референс лабораториясына 1851 анализ жөнөтүлүп, 56 оорулуу МЛУ туберкулез, 30 оорулуу ПЛУ туберкулез менен табылган. Айтор калкка тамыр жайып бараткан ооруну өз учурунда аныктоо,  токтотуу, алдын алуу багытында бирдиктүү иш аракеттер көрүлүп, дартка кабылгандар ачыкталууда.  Ошол эле тапта мамлекет тарабынан   бул дартка кабылгандарды коргоо максатында бейтаптардын  дарылоо мекемелерге баруу үчүн  жол кирелерин төлөп берүү жагы жергиликтүү бийликке милдеттендирген. Бирок бул оорулуулардын абалына көңүл кош карагандар да жок эмес. Ыйгарымдуу өкүлдүн орун басары Ы. Ызабеков аким-мэрлердин социалдык тармагын тейлеген орун басарларын бирден тургузуп  кургак учукка кабылгандардын жол акыларынын төлөнүүсүн сурады, бийлик өкүлдөрү баарысы учурунда төлөп бергендигин айтышты. Жол акыларынын төлөнүүсү боюнча  өз ара кайрадан такташтырыла турган болду.

Бул ак халатчандардын, калк саламаттыгын талкуулаган жыйында  кургак учукка,  ВИЧ илдетине кабылгандарга камкордук көрүү, аларга карата жасалган кош көңүлдүк мамилени жөнгө салуу маселелери кабыргасынан коюлуп, орун алган кемчиликтеди жоюу керектиги белгиленди. Эгер айрым ак халатанчандар кемчиликтерин жойбосо  кызматынан кол жууп калуусу мүмкүндүгү айтылды.

 

Жумагүл ШАЙЫКОВА.

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

“Бузулган үйлөрдө жашадык, адашып барган балдар ыйлашчу” “Бузулган үйлөрдө жашадык, адашып барган балдар ыйлашчу”

  Сирияда бийликке каршы акциялардын арты жаңжалга айланып,  жарандык согуштун тутануусуна себепкер болгон эле. Андагы аймакта жүрүп жаткан жарандык согуштун оту өчпөй жатканына  быйыл туура алты...

8 - Декабря  2017 | 10 : 26117
Демилгелүү жаштар көп Демилгелүү жаштар көп

  Келечек муунга ишеним менен караган мамлекетте жаштарга көңүл бөлүү, алардын демилгелерин колдоо кадамдары жаман эмес. Дилгир, иш билги, билимдүү  жаштар колдоп кубаттоого арзып,  ишеним  менен ...

10 - Ноября  2017 | 9 : 3248
Боштондук үчүн курмандыктар-эч качан унутулбайт Боштондук үчүн курмандыктар-эч качан унутулбайт

    1916-жылдагы Үркүн – кыргыз элинин орус падышалыгынын колониялык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшү. Россия империясы Орто Азияда...

8 - Ноября  2017 | 9 : 082
Коомчулукту катыштыруу менен жайыттарды туруктуу башкаруу Коомчулукту катыштыруу менен жайыттарды туруктуу башкаруу

         Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда малдын саны жыл санап өсүү менен бирге жайыттардын тартыштыгы байкалып, жыл өткөн сайын деградацияга учураган жайыттардын аянты көбөйүп жатканы...

2 - Ноября  2017 | 9 : 18122
Көрсөткүчтөр көңүлгө толот, бирок, көңүлдөгүдөй иштебегендер да бар... Көрсөткүчтөр көңүлгө толот, бирок, көңүлдөгүдөй иштебегендер да бар...

  Быйылкы жылдын 9 айында Жалал-Абад дубаны капиталга инвестицияларды тартуу жагында гана планга жетпей калбаса, башка тармактык көрсөткүчтөрдөн алга жылуулар болгону областтык коллегияда маалым болду....

27 - Октября  2017 | 10 : 32131
Төрагынын дубанга жасаган сапары Төрагынын дубанга жасаган сапары

Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков  эки күндүк иш сапары менен болду. Анда бир катар соцобьектилерди болду,  өзгөчө жер көчкүдөн жабыркагандарга акчалай колдоо көрсөтүп...

9 - Октября  2017 | 5 : 29132
Инвестициянын көлөмү өсүүдө Инвестициянын көлөмү өсүүдө

      Быйылкы жылы сегиз айдын ичинде Жалал-Абад шаарына тартылып келинген жалпы инвестициянын көлөмү өткөн 2016-жылдын сегиз айына салыштырмалуу 165,6 пайызга өскөн. Мында негизинен тышкы инвестицияны...

19 - Сентября  2017 | 12 : 34105