Чейрек кылым жол баскан театр

10 - Ноября  2017 | 6 : 10321
Чейрек кылым жол баскан театр

 

 

Жалал-Абад областтык барпы атындагы кыргыз драма театры өзүнүн  чейрек кылымдык мааракесин коомчулуктун катышуусунда белгиледи. Мындай салтанат 2-ноябрь- Маданият кызматкерлеринин  кесиптик майрамы жана  аталган театрдын ХХУ сезонунун башталышы менен коштолду.

 

Театр таржымалына саякат

1921-жылы Жалал-Абад областындагы таланттуу жаштардын тобунан Үгүт бригадасы уюшулган жана кеңири программадагы концерт, оюн-тамашаларды тартуулап, областтын аймагын кыдырышкан. Алардын катарында дасыккан лекторлор да болушуп, учурдун актуалдуу маселеси боюнча лекцияларды окушкан.1935-жылы Драмалык топ негизделип,кыргыз жана өзбек труппасы пайда болгон.1939-жылы драмалык топ Москвада өткөн кыргыз маданияты күнүндө У.Гаджибековдун “Аршин мал алан” музыкалык драмасы менен катышкан.1960-жылы азыркы Барпы атындагы драма театрынын имараты курулуп, 6-ноябрда Маданият сарайы катары пайдаланууга берилген.1961-жылы Маданият сарайынын алдында орус элдик театры уюшулган.1983-жылы орус элдик театры кыргыз элдик театры аталып,  “Утуш”, “Бүтпөгөн сөз”,”Жайлоодогу торгойлор”,”Канатсыз куш” спектаклдери сахнага чыккан.1992-жылы ошол кездеги областтык жана шаардык жетекчиликтин Буйругу менен Жалал-Абад шаардык кыргыз театры болуп түзүлгөн. Мында театрдын таржымалында чон тамга менен ал кездеги кайрадан уюшулган областтын тунгуч жетекчиси,кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, мамлекеттик жна коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, маркум Бекмамат Осмонов менен шаардын биринчи мэри Касым Исмановдун ысмы калды. Андан кийинки област башчысы Абдыжапар Тагаевдин да театр үчүн жасаган мээнети чон экени айтылат.1993-жылы областтык статус берилип, ага кыргыздын төкмө акыны Барпы Алыкуловдун ысмы ыйгарылган.Ал эми  чон милдетти моюнга алып,  драма театр деген статус алгандагы биринчи жетекчи Абдираим .Дубанаевдин эмгеги айтылса, анын соңунан ишти улантып кетишкен Айкүмүш Аксы, Кеңешбек Балтабаев, Бахтияр Сыдыковдордун  мээнети чоң. Ал эми бул театрды түптөп кетишкен Кыргыз эл артисттери  Медетбек Капарбеков, Бахирдин Аалиев, Болуш Мадазимовдорду да унутууга болбойт. Акыркы жылдары жетекчиликти моюнга алган Санжарбек Берикбаев театрды андан ары өнүгүүсүнө изденүучүлүк, жаңычыл аракеттерин жасап жатканы байкалат. Анткени, бул тетардын аты алыска угулуп, ынтымактуу жамааттын таланты таанылып турган кез.

 

Эсте калчу салтанат

Чейрек кылымдык мааракени белгилөо  каадасы “Театр дүйнөсүнө саякат”, “Театрга 25 жыл”, “Сүрөттөр сүйлөйт” көргөзмөлөрү менен башталды. Мында театрдын жаралуу таржымалы сүрөттөр, ар кандай буюм тайымдар менен толукталган. Ысмы коюлган Барпы апыздын үй музейинен да айрым буюмдар алынып келинген. Кызыгы эч жерде кездешпеген, апызга таандык жеке буюмдарды ушул жерден көрүүгө болот.  Ушул ирмемдерде “Барпы апыз” спектаклинен үзүндү тартууланып, салтанаттын катышуучулары эч кимге,эч качан жеңилбеген, оозунан сөз берметтери шекердей гана агылып турган  Барпы  атабыздын өмүр жолуна саякаттап келгендей болду. Мына ушундай  образ  тартуулаган Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Бакыт Жумалиевдин жараткан ролу ырасында да  төкмө акындын өлбөс элесин көз алдыга келтиргендей болду. Андан кийин театрдын таржымалын камтыган “Тетар кечээ, бүгүн жана эртең” аталышындагы  видеослайд көрсөтүлдү. Негизи  театрдын жамааты  бул мааракеге изденип, чыгармачылык менен катуу даярдык көрүшкөндүгү ачык эле байкалып турду. Кыргыз республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү, “Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, Кыргыз эл акыны Рахматулла Козукеевдин алып баруусундагы салтанатта Кыргыз Өкмөтүнүн  областтагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов куттуктоо сөз сүйлөдү. Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиевдин жана өзүнүн атынан куттуктоосун айтуу менен маданият тармагынын орду жана аткарган кызматы, анын ичинде  маараке ээлери болгон Барпы театрынын чыгармачыл жамаатынын калктын рухний байлыгын арттыруудагы кызматы опол тоодой экендигин белгилеп кетти. Мындай салтанат ар кандай сыйлык тапшыруу ирмеми менен көркүнө чыгат да. Областтык жетекчилик андай салттан четтеп кеткен жок жана театрдын жаш артисттери Чынгыз Тургуналиев менен Баатыралы уулу Ильяска “Ардак грамота” тапшырды. Ал эми Кыргыз эл артисттери Шахра Талипова, Арзыбек Бедияров баштаган бир катар маданият кызматкерлерине акчалай белек берди. Шаар мэриясы да  жалпы театр үчүн анан айрым  кызматкерлерге ушундай эле белегин тартуулады. Сузак району жана областтагы укук коргоо, медицина, билим берүү, маданият тармагындагылар да кур келбестен, майрам ээлерине ширин-ширин сөздөрүн айтышып, жылуу каалоо-тилектерин билдиришти жана белектерин тапшырып жатышты.

 

Министрликтин белеги жана жаңы сыйлыктар

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү  Муктасар Өзбеков жалпы маданият тармагынын коомдогу аткарган кызматына кеңири токтолуп жатып, анын ичинде азыркы салтанаттын кунөөкөрлөрүнө карата  калыс ойлорун ортого салды. Албетте, атайы жол арытып келген соң, ала келген “Маданияттын мыкты кызматкери ” төш белгисин театрдын башкы сүрөтчүсү Кубатбек Адиев менен артист Кубатбек Табалдиевдердин төшүнө такты.  Мындан сырткары кесиптештерин куттуктоо үчүн Чүй, Ысык-Көл, нарын, Ош областтык театрлардын жана КРнын Театр ишмерлер  Союзунун өкүлдөрү да келишкен. Мында эсте каларлык белек Театр ишмерлер  Союзу ала келген жаңы сыйлыктар болду. Республикалык гана эмес, эл аралык мааниге ээ болуп бараткан Кыргыз эл Баатыры Сабира Күмүшалиева атындагы сыйлык ушул театрдын таланттуу актрисасы, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Шайырбүбү Мамбетовага, Кыргыз эл артисти Советбек Жумадылов атындагы сыйлык театрдын дагы бир таланттуу артисти, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Бакыт Жумалиевге, Кыргыз эл артисткасы Алима Жангорозова атындагы сыйлык тетардын артисткасы Галина Коңурбаевага, Кыргыз эл артисткасы Гүлшат Дуулатова атындагы сыйлык театрдын жаш артисткасы Нуриза Анаркуловаларга тапшырылды.Чейрек кылымдык мааракенин шарапаты менен мына ушундай сыйлык менен сыймыкка жетишип жаткан театр кызматкерлери дагы да чыгармачылык дем менен иштегенге шык алышканын белгилешет.

 

Театрдын келечеги кең     

Айтканга оңой болгону менен таржымалы узун, бирок, чыныгы тетар статусун алгандан берки чейрек кылымдык жол баскан Барпы атындагы кыргыз драма театрынын келечеги кең экендиги ушул салтанатта гана байкалган жок. Анын акыркы жылдардагы арыштуу кадамы, “ биш жакадан баш, бир жеңден кол чыгара, чыгармачылык менен, изденип иштеп жаткан таланттуу жамааттын жана алардын башында турган жаңычыл жетекчи Санжарбек Берикбаевдин мээнетинен улам ачык көрүнө баштады. Театр акыркы жылдарда эле  оозго алардык ийгиликке жетти. Өткөн жылдагы  Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунда “Курманбек баатыр” драмасын коюшуп, гран-при сыйлыгын жеңип алгандыгы анын бир мисалы. Кыргыздын белгилүү драматургдарынан тартып, дүйнөлүк, классикалык драмаларды унутта калтырбай, сахнага алып чыгып жатышат. Республикалык, эл аралык театрлар фестивалдарына, ар кандай кароо сынактарга катышып, байгелүү кайтып жатышат. Театрдын ички материалдык-техникалык абалы жакшырууда. Көрүүчүлөр менен жакын болуу, театрга тартуу жагында изденүүчүлүктөр бар. Жогорку жана атайын орто окуу жайлары менен келишим түзүшүп, кезек-кезек жолугушуу шаанилерин уюштурушат, спектаклдерди тартуулап турушат. Негизи театр-турмуш күзгүсү, жашоого, маданиятка жол ачып берген  багыттама экендигин тастыктап жатышат. Мына ошол себептен да  КРнын Театр ишмерлер Союзу  Кыргызстандын түгштүк аймагындагы маданият жайларынын жетекчилеринин арасынан  театр директору Санжарбек Берикбаевди “Жылдын мыкты жетекчиси” деп тапкан жана ушул наамды ыйгарышты.

Белгилей кетели  жыйырма беш жылдык таржымалы бар  Барпы театрынын жамааты өз репертуарына элүүдөн ашуун драманы  сахнага алып чыккан, ал эми   өз мааракесин коштой  ХХУ театралдык сезонун грузин драматургу Антон Цагареллинин “Ханума” комедиялык спектакли менен ачты жана көрүүчүлөргө тартуулашты.

 

Бактыкан АЖЫМАМАТОВА.

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сузакта 20 гектар  жерге логистикалык борбор курулат Сузакта 20 гектар жерге логистикалык борбор курулат

  Сузакта камыш баскан 20 гектардай жерге логистикалык борбор куруу көздөлүүдө. Мындай маалыматты Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бүгүн өмүрүн айыл чарба...

16 - Февраля  2018 | 8 : 1727
Суу маселеси чечилүүсү шарт Суу маселеси чечилүүсү шарт

  Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бүгүн өмүрүн айыл чарба тармагына арнаган кызматкерлер менен жолугушту. Анда талаачылыкта, айыл чарба багытында...

16 - Февраля  2018 | 8 : 4727
Ооганчылар күнү эскерилди Ооганчылар күнү эскерилди

Ооган согушунун ардагерлеринин ошол кездерде жасаган күжүрмөн эрдиги өлкөбүз үчүн чоң кызмат жана Мекенди сүйүүнүн үлгүсү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын вице-мэри Турдаалы Темирбаев Жалал-Абад...

16 - Февраля  2018 | 9 : 730
ЖАМУ: ЖАЛАҢ ЖИГИТТЕР КҮЧ СЫНАШЫШТЫ ЖАМУ: ЖАЛАҢ ЖИГИТТЕР КҮЧ СЫНАШЫШТЫ

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономикалык-юридикалык факультетинде тайпалар арасында волейбол боюнча мелдеш уюштуруп, ал алдыдагы Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналды. Алты команданын ортосундагы...

16 - Февраля  2018 | 10 : 1720
Жалал-Абад: Жыл өнөр жайдын өсүшү менен башталды Жалал-Абад: Жыл өнөр жайдын өсүшү менен башталды

    Жалал-Абад шаары 2018-жылдын биринчи айын өнөр жайдагы өсүү менен баштады. Башкача айтканда, январь айындагы өнөр жай продукциясын өндүрүү жагынан өсүү темпи 108,7 пайызга жетти. Бул тууралуу...

16 - Февраля  2018 | 10 : 1923
ИРЕТСИЗ, МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН КҮРКӨЛӨР АЛЫНАТ ИРЕТСИЗ, МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН КҮРКӨЛӨР АЛЫНАТ

  Жалал-Абад шаарынын мэриясы шаар аймагында иретсиз, мыйзамсыз курулган же орнотулган күркөлөрдү салып салуу аракеттерин башташты. Шаар мэри Салайдин Авазов өзүнүн буйругу менен иретсиз жайгашып, шаар...

16 - Февраля  2018 | 10 : 2624
ЖАМУ: ООГАН СОГУШУНУН  АРДАГЕРЛЕРИНЕ СЫЙ-УРМАТ КӨРСӨТҮЛДҮ ЖАМУ: ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИНЕ СЫЙ-УРМАТ КӨРСӨТҮЛДҮ

  Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Ооганчыларга таазим” аталышындагы иш-чара болуп, анда Ооган согушуна катышып келген окутуучуларга сый-урмат көрсөтулдү.  Ал Ооган...

16 - Февраля  2018 | 10 : 2933