Кырчындай кыйылган тагдырлар...

10 - Ноября  2017 | 6 : 551041
Кырчындай кыйылган тагдырлар...

 

 

Акыркы күндөрү “алыс жолго чыгам”- деп,  ажал тапкандар арбыды. Статистикалык маалыматка таянсак,   2017-жылдын 10 айында эле өлкө  боюнча  5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 700дөй адам мерт кетти.  Оо дүйнө салган жарандардын жакындарынын күйүтүн, көз жашын,  жол карап энесин, атасын күткөн жаш балдардын абалын  сөз менен айтуу мүмкүн эмес.  Бул балакет баскыр жол кырсык азайбай,  күн сайын эле арбып барат.  Жалал-Абад дубанында эле өткөн апта Ош-Бишкек жолунда  он адам кырсыктап, бири да аман калган жок.  Токтогулда бир күндө эки чоң кырсык жүз берип,  анда да 6 жаранды жоготтук. Күн сайын тооруган  кырсык  кайсыл бир үй-бүлө мүчөлөрүнө муң кайгы, төгүлгөн көз жаш, көкүрөк толгон арман, өксүк алып келүүдө.  Айтор,  кырсыктан эле жарандарыбызды  эч кандай согушу жок эле кырып салмай болдук...

Айдоочулардагы  кайдыгерлик

Жалал-Абад областында быйылкы жылдын он айында Патрулдук милиция бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда    527 жол транспорт кырсыгы катталды, өткөн  жылы 567 жол кырсыгы катталган.  Кырсыктын кедергисинен 113 жаран бул жарык жашоо менен кош айтышып,  кете беришти. Алардын ичинен 11ин жашы жете элек өспүрүмдөр түзөт.  Жалал-Абад ОИИБдин ПМБнүн уюштуруу жана үгүт насаат боюнча тескөөчү Нурлан Саркаров быйыл дубанда кырсык азайганын белгилейт.

-Былтыркы жылга салыштырмалуу бизде жол кырсыктары 8 - 10 адам өмүрүн алган окуяларды эске албаганда  бир топ эле азайды. 2016-жылдын он айында  567 кырсык болсо,  быйыл 527ге түштү.  Жаракат алып кайрылгандар 2016-жылда 982  болсо, быйыл  917  жаран кайрылган. Кырсык 13 пайызга чейин азайган.  Бирок,  каза болгондордун саны төрткө өскөн. Оң рулду унааларды бөлүп айта турган болсом, оң рулдуулардын катышуусундагы кырсык да кыскарган, жаракат алгандар да аз. Тилекке каршы,  оң рулду унаадан бараткан жолоочулардын каза болуусу өскөн.  Жол кырсыктар  рулда олтургандардын жол эрежелерине баш ийбестен жол чаңыткандары  башкы себеп болуп жатат.  Көбүнчө   айдоочулар шашып,  катуу ылдамдыкта айдагандыктан, жакшы эс албастан жолго чыгып алышып уктап кетишкендиктен,  жол тилкесине карама-каршы чыга калуудан улам унаа кагыштары орун алган. Ошондуктан айдоочуларга жолдо шашпай, өз нугунда айдоого чакырат элек.  Саат жебесине маани берсек, түнкү саат бирден эртең мененки 7ге чейинки аралыкта кырсык көп катталат. Мына ушул саат аралыгында 42 адам дүйнө салып олтурат - дейт Нурлан Саркаров. Патрулчулардын дагы бир анализине көңүл бөлсөк, күндөргө бөлө келгенде жекшемби күнү кырсыктагандар арбын болууда.

Жол белгилери

Адатта айдоочулар чү дегенде эле кырсыктын орун алуусун жол белгилеринин жоктугуна, жолдун начардыгына түртө салышат.  А бирок ага патрулчулар макул эмес. Анткени,  жол белгилери өзгөчө орун алып жаткан Ош – Бишкек жолунда жетиштүү.  Тескерисинче,  бакыйып  белги турган жерде  чоң авариялар болгон.  

- Биздин адистер берген маалымат боюнча  9151 жол белгилери  орнотулган.  Бүгүнкү күндө 2885  белги жетишсиз болуп турса, 6169 белги эскилиги жетип,  алмаштырууга зарыл турат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жолдордун абалы, жол белгилердин коюлушу өтө зарыл болгон аймактар боюнча жыл сайын маалымат  берилип келет. Акырындык менен белгилер деле коюлуп жатат. Жүргүнчү ташуучулардын жол белгилерге түртө салуулары таптакыр  акылга сыйбайт. Чукул бурулуш бар экени боюнча турган белгиге көңүл бурбастан катуу ылдамдыкта “бурулам” -  деп өмүрүнө балта чапкан айдоочулар көп болуп жатат, - деген пикирин баса белгилейт Н. Саркаров.

Өмүрүн дал ушул жол коопсуздугун сактоого арнаган, бир топ жыл областтык жол кайгуул кызматын башкарган  Кудайберди  Мусалиевдин пикиринде  кырсыктардын көбөйүүсүнө бир топ факторлор себеп болууда:

-Кырсык жасаган айдоочулардын жоопкерчилиги көп каралбай калууда. Ошондуктан  айдоочуларга жоопкерчиликти күчөтүү керек. Көрүп жатабыз,  айдоочулар бири-бирине телефон менен байланышып  ГАИ бар экенин билдиришет,  же “ГАИ бар” деген белги беришет.  Айдоочу дароо ылдамдыкты азайта калышат, бир аз көздөн кайым болгондо кайрадан катуу  ылдамдыкка чыгып алышат. Айдоочулар өмүрүн  бизге керектей мамиле жасашат. Айдоочулар да акыл калчап, күйүүчү майдан үнөмдөөгө кызыкпастан жаран тагдырына, аман соо көздөгөн жерине жетип алуусуна басым жасоолору керек. Айып пулдарды көбөйтүп,  тартипти күчөткөндө гана айдоочулар ойгонушат окшойт.

Экинчиден мамлекет “Патрулчулар  унааларды техникалык кароодон өткөрүүдө  200 сом алышат”  - деп,   жеке менчик фирмалардын колуна карматты. Алар азыр 2000, 3000 сомдон пара алып жатышат. Ошондуктан унаалардын техникалардын абалы жакшы эмес.   Унаалардын техникалык кароодон канчалык өткөнү боюнча эч ким жооп да бербейт. Жеке менчик ишканалар   кароодон өткөрүп коюшат, болду, аларга жоопкерчилик  да каралган эмес. Үчүнчүдөн - айдоочулук күбөлүктү каттоо,  сыноо мөөнөтү,  күбөлүктөрдү кантип берип жатышканын жакшы билебиз, алар да кырсыктар үчүн жооп беришпейт.  Менин жеке пикиримде ППС менен жол кайгуул кызматын бириктирип туура эмес кылышкан. Жол көзөмөлдөөчүлөр өздөрүнчө болушу керек эле. Ырас,  жол кырсыктарына жооп бергенден кийин жол көзөмөлдөчүлөр мурункудай айдоочуларды даярдап, унааларды техникалык кароодон өткөрүүнү колго алууну кайрадан кайтарып берүүсү керек. Анан жол коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөрдөн  сурашса туура болмок.

Автомектептерде абал кандай?

Айдоочулук күбөлүктү  автомектептердин босогосун аттабай сатып алгандар, эптеп көз көрсөтүп, барып алгандардын саны арбып, мунун арты да кырсыктардын  көбөйүүсүн шарттап жатканы коомчулукта ачык эле айтылып келет.  Керек болсо,  автомектептердин лицензиясын кайтарып алуу, кайрадан катуу көзөмөлгө алуу демилгеси да көтөрүлүүдө.  Ал ортодо Билим берүү жана илим министрлиги айдоочуларды даярдаган 220га жакын мектептерди текшерип, теңинен көбүнө эскертүү берди.  Ал эми областта болсо,  Билим берүү министрлигинин, каттоо кызматынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн жумушчу топ да бардык авто мектептерди текшерүүгө алышып, натыйжада материалдык-техникалык базасынын жетишпегендигинен негизинде  6 автомектепти убактылуу жабышкан. Транспорт каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо сыноо боюнча Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Исаков Айтбайдын айтымында областта жалпы 32 автомектеп бар.

-Област боюнча 32 автомектептин ичинен 14тү  кесиптик лицейлердин базасына карайт, 18 менчик автомектеп бар.  Быйылкы жылдын 1-мартынан 10-мартка чейин атайын түзүлгөн жумушчу топ бардык автомектептердин абалын жеринен көрүп чыгышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кочкор-Ата шаарындагы № 77- кесиптик лицейде айдоочуларды окуткан менен практикалык көнүгүү өткөрүлгөн эмес. Аралдагы авто мектепте  материалдык - техникалык базасы талаптарга жооп бербейт. Майлуу-Суу шаарындагы жеке менчик мектепте да   авто практиканы өткөрүү  жакшы эмес. Ноокендеги  “Аска кут” менчик мектебинде айдоочуларды  “Б, С”  категориясында даярдап келишкен, текшерүүдө “С” категорияга үйрөтүүчү автоунаа жок болуп чыгып, “С” категориясы боюнча  лицензиясы алынды.  Таш-Көмүрдөгү лицейде да абал жакшы эместигинен окутууну убактылуу токтотушкан. Мына ушул эки мекеме бүгүнкү күнгө чейин кемчиликтерин жоё алышкан эмес. Калгандары кемчиликтерин жоюшту. Автомектептерге күтүүсүз текшерүүлөр да тынымсыз жүрүп жатат. Көзөмөл катуу болуп калган, - дейт ал.

Анын белгилөөсүндө  “айдоочулук күбөлүк сатылып жатат”,- деп бир жактуу жамандоо туура эмес.  Азыр автомектептер да  сапатка өтүп калышкан.   Автомектептерден бүтүп келгендер онлайн аркылуу экзамен тапшырып жатышат.

-Биздин мекеменин кызматкерлери экзамендерге кийлигише алышпайт. Окуп келиштиби,  ийгиликтүү экзамен тапшырдыбы,  күбөлүккө ээ болуп жатышат. Кулап калгандары да болууда. Алар он күн сабак берген мугалими менен кайрадан даярданып келишип,  экинчи жолу сынактан өтүп, андан кийин гана күбөлүктөргө ээ болуп жатышат. Жол кырсыгына кабылган айдоочулар боюнча бизде да анализ бар, ар бир кырсык болгон жерде биздин кызматкерлер да болушат. Айдоочулук күбөлүк алганына жыл айланбай кырсыкка кабылгандар кескин азайды. 30-40 жылдык тажрыйбасы  бар айдоочулар деле оор кырсыктарды жасап коюшууда. Кырсык орун алса эле күбөлүк бергендерди, автомектептерди күнөөлөй берүү туура эмес, - дейт Айтбай Исаков.

Маалым болгондой жыл башынан бери областта 16 миң 256 күбөлүк берилген, анын ичинен  7811 алмаштырылган. 29 эл аралык күбөлүк алынган.

 Кан жоготуп, кайрылгандар көп

Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын сынык -жаракат  бөлүмүнө жыл башынан бери 342 бейтап кайрылган болсо, анын 295ине операция жасалган. Алардын  46сын  жол кырсыгына кабылып, оор абалда келгендер түзөт.  Сынык - жаракат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Тайлановдун айтымында, кокустан жол кырсыгына кабылгандар көбүнчө кан жоготуп келишет.

 -Бизге өтө оор абалда келгендер басымдуулук кылат. Жыл башынан бери жол кырсыктан улам оор абалда келген 46 жаранга операция жасалган. Кырсыктагандар көбүнесе баштан, колу, бутунан жаракат алып келишет. Унаанын ылдамдыгы жогорулаган сайын адамдын салмагы дагы  10 эсе көбөйөт. Ошончо салмак менен урулганда жүргүнчүнүн сөөктөрү майдаланып чачыра,  сынып кетип жатат. Кан жоготуулар өтө көп. Эгер жамбаш сөөк сынган болсо  2,5 литрге чейин,  кашка  жилик сынса  1,5 литрге чейин,   жото жилик сынганда 500 граммдан 1 литрге чейин кан кетет.  Анан да эң коркунучтуусу сөөк сынганда  үч күнгө чейин кан токтобойт,  булчуңдар арасына бүт кан толо берет. Оорулуунун жашоосунда коркунуч дал ушул кан жоготуу.  Оорулуу кансырап,   40 пайыз кан жоготуп алса,   өлүмгө дуушар болот. Кырсык орун алган жердеги бейтапка канчалык жардам бат болсо, ошончолук алардын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болот, - дейт Алмаз Тайланов.  Айтор,  ак халатчандарды да ойго салат.

ЖКнын депутаты  Дастан Бекешов айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү мыйзам долбоорун иштеп жатат. Эл өкүлүнүн пикиринде   адам өмүрү кыйылган менен эки тарап келишип алып,  айдоочулар жоопкерчилик тартпай калгандыктан  кырсыктар азайбай жатат.  Айдоочулар катуу жазага кириптер болгондо гана кыскаруусу мүмкүндүгүн айтууда. Ал иштеп жаткан мыйзам долбоорго канчалык өзгөрүү-  толуктоолорду кошууну,  эми  парламент өкүлдөрү чечкени калды. Бийлик тарап да, коомчулук да айдоочуларга жазаны катаалдатуу демилгесин көтөрүшүүдө.   

 

Жумагүл ШАЙЫКОВА.

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Ок атуучу курал алынды Ок атуучу курал алынды

                            Жума ичинде Жалал-Абад областында жарандардан 3 сайлуу ок атуучу куралдар алынды. ОИИБнын аймактардагы бөлүмдөрү эл арасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу...

21 - Сентября  2018 | 11 : 32182
Колдоодон качкан мекемелер кимдер? Колдоодон качкан мекемелер кимдер?

                              Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюнуна аттанаардан бир күн мурда Жалал-Абад областтык Барпы театры жана Т. Тыныбеков...

30 - Августа  2018 | 9 : 39232
Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 52243
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 3371
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 7243
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 14208
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 19286