Демилгелүү жаштар көп

10 - Ноября  2017 | 9 : 32240
Демилгелүү жаштар көп

 

Келечек муунга ишеним менен караган мамлекетте жаштарга көңүл бөлүү, алардын демилгелерин колдоо кадамдары жаман эмес. Дилгир, иш билги, билимдүү  жаштар колдоп кубаттоого арзып,  ишеним  менен  жетекчилик, жооптуу  кызматтарга дайындалууда.  Чет мамлекетке окуп келүүгө дилгир жаштарга да мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.  Жер-жерлерде да жаштардын үнү унутта калган жок. Деги эле жаштардын коомго аралашуусу кандай?  Жаштар кантип жатат?   Мына ушул сыяктуу суроолорго жооп издеп көрдүк.

Статистикалык маалыматка таяна турган болсок, областта 1 миллион 200 миң калк болсо, анын 32 пайызын жаштар түзөт.   Дубанда 7 жогорку жана орто окуу жай бар, анда билим алгандардын саны 20 миңден ашат.

КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Ашированын баамында акыркы жылдары жаштардын  активдешкени байкалат. Анткени учурунда иш-чара өткөрүү демилгеси көтөрүлүп, жаштарга багыт берилип келсе, азыркы тапта жаштар өздөрү демилге көтөрүшүп, уюштуруу ишине жардам берүүнү суранып кайрылып калышты.

-Жаштар уюмдар жана жаштар кыймылдарын интеграциялоо, жаштар арасында ынтымакты бекемдөө, жаштар саясатын өнүктүрүү максатында жана 10-ноябрь – КРнын Жаштар күнүнө, 17-ноябрь – Эл аралык студенттер күнүнө карата “Жаштар жумалыгы” өтүп жатат. 10-ноябрдан 17-ноябрга чейин созулган жумалык алкагында ар кандай интеллектуалдык оюндар, талкуулар, түрдүү саамалыктар камтылган. “Таза шаар, таза коом” акциясы өтмөкчү. Менин көз карашымда жаштар бир кыйла жанданды. Кезегинде иш-чараларды түзүп, жаштарга үйрөтүп чарчасак, азыр жаштар өздөрү эң сонун демилгелерди көтөрүп жатышат. Район-шаарларда жаштар комитеттери да  ар тараптуу иштерди алып барышууда. Жаштардын коомго аралашуусунун активдүүлүгү байкалып турат. Мекеме-ишканаларда жетекчилик кызматты аркалап жаткан жаштар да жок эмес. Мисалы, Жалал-Абад шаардык паспорт, виза жана каттоо бөлүмүнүн  башчысы  Арсен Миңбаев, Сузак аймактык оорукананы  да жаш кадр жетектеп келе жатат. Областтык коллегия мүчөлөрүндө жаштардын  атынан Асылбек Шералиев жүрөт. Мындан башка да тармактарда жооптуу кызматтарда жоопкерчилик менен иштеп жаткан жаштарыбыз арбын. Жаштар биздин келечегибиз, аларга ар дайым колдоо боло берет, - дейт Гүлзат Аширова.

2 жылдан бери жаштар менен иш алып барып келе жатышкан  “Стартап” борборунун менеджери Разия Ормонованын көз карашында жаштарда кызмат көрсөтүү, тейлөө тармагы боюнча түрдүү демилгелер күч. Тилекке каршы ойлоп табуучулукка жаңылык киргизүүнү каалаган жаштар жок.

-Биздин борбор жаш ишкерлерди колдоо багытында иш алып барат, ар кандай окууларды уюштуруп жатабыз.  Жаштарда “бутума турганда бизнес  ачам” деген ой басымдуу  экен,  бирок биздин ишкердүүлүк мектепке келген келечек ээлеринин пикирин өзгөртө баштады. Мектепке  келгендер арасында жаңы демилгелер пайда болуп, ишкердикке кадам таштоого, окуганга кошумча каражат табууга   аракет жасап башташты. 3 кыз 3 бала биригип,  атайын үйлөргө барып, үй жумуштарын жасап берип,  акча табышууда. Регина аттуу кыз кекс, пирожкилерди жасап, дүкөндөргө коюп жатат.  Кофе сүйүүчүлөр үчүн да жай ачуу сыяктуу эң сонун демилгени көтөрүп жатышат. Негизинен кызмат көрсөтүү, тейлөө тармактарында түрдүү кызыктуу демилгелерге жаштар бай экени байкалды. Бирок, компьютердик программаларга өзгөртүү киргизүүгө аракет жасаган жаштарды көргөн жокмун, - деди Разия Омонова.

Жаштар менен тийиштүү иштер алып барылып жаткан менен ал кадамдар аркылуу жаштардын маселеси толук чечилип калган жок. Жаш муундар үчүн да жумушсуздук көйгөйү курч бойдон турат.  Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын иш менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Зияда Алиеванын айтымында жумуш сурап кайрылган жаштар арбын. Бирок,  алар өз кесиби боюнча жумуш тапкылары келет.

-Жаштар өз кесиби боюнча жумуш табууну каалашат, бирок бизден табуусу кыйынга турат. Себеби, бизге тейлөө кызматында бош орундар бар экени боюнча маалымат көп түшөт. Эсепчи, юристтер зарыл экендигин айтып,  мекемелер да кайрылышат,  аларга жумушун жакшы билген кадр керек болот. Жаңыдан окууну бүткөн,  же окуп жаткан жаштарда тажрыйба жетишпейт. Заводдордон жумуш чыгат,  оор деп баш тарткандар көп болот. Тейлөө кызматтарында жумуш жакшы табылгандыктан жумушсуз жарандар тигүүчүлүк, ширетүүчүлүк, кесиптерине  окутулуп жатат. Анда жаштар да бар. Жалал-Абад шаарында 1277 жумушсуздуктан каттоодо турса, 45 пайызын жаштар түзүп жатат. Жумуш табуу  жаштар үчүн да кыйын болууда, - деген пикирин билдирет Зияда Алиева.

Спорт дүйнөсүндө областтын эле  эмес,  өлкөнүн намысын коргоп келген жаш арасында дүйнө чемпиону болгон Калы Сулайманов менен бүтүндөй кыргыз эли сыймыктанып турган учуру. Албетте, атагы таш жарган жаштардан учубуз куру эмес.

Жумагүл ШАЙЫКОВА”.    

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Балдар үйү жоюлабы? Балдар үйү жоюлабы?

  Акыркы жылдары каралбай калган балдардын саны өсүүдө. Ага карабастан мамлекет балдар үйлөрүн оптималдаштыруу кадамын жандантууну көздөөдө. Максат-балдар үйүндө тарбияланган балдарды жакындарына...

11 - Мая  2018 | 10 : 1525
«Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук……» «Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук……»

  Күндөн күнгө уруп-токмоктоого дуушар болгон аялда коргонуу инстинкти пайда болот да, аффектик абалда ар кандай күтүлбөгөн кадамдарга барышы мүмкүн.Көпчүлүк учурларда мындай кол салуулар кылмышка алып...

11 - Мая  2018 | 10 : 419
Көрсөткүчү жакшы, келечеги инвесторго муктаж “Кыргызнефтегаз” ААКы Көрсөткүчү жакшы, келечеги инвесторго муктаж “Кыргызнефтегаз” ААКы

  Быйылкы жылы  Кочкор-Атадагы “Кыргызнефтегаз” ААКсы  өзүнө тиешелүү иш ыргагын  кызуу колго алып, областтын экономикалык көрсөткүчүн алдыга чыгарууга чоң салым кошо  баштады. Анткени...

11 - Мая  2018 | 11 : 1424
Кайра иштетүү жанданды... Кайра иштетүү жанданды...

  Област аймагында биринчи кварталда кайра иштетүү тармагы жанданды. Жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү иш-чараларынын алкагында  үч айда 18 жаңы ишкана ишке кирди. Талаа иштери кызуу жүрүп жатат. Ушул...

4 - Мая  2018 | 4 : 3721
Зомбулуктун кесепетин түшүндүрүп жең Зомбулуктун кесепетин түшүндүрүп жең

          Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынан билдирилгендей, областта жыл башынан бери 242 атуул үй бүлөлүк зомбулукка дуушар болуп, 242 жаранга коргоо ордери берилди. Анын...

4 - Мая  2018 | 5 : 036
Кургак учукту күчтүү адам жеңет Кургак учукту күчтүү адам жеңет

           Социалдык кургак учук оорусу Жалал-Абад областында бир калыпта экендигин адистер белгилешүүдө. Деген менен “миграциялык агым күч алып жаткан шартта бул дарт көбөйсө...

6 - Апреля  2018 | 7 : 2646
Электр жарыгы жете элек айылдарга көңүл бөлүнөбү? Электр жарыгы жете элек айылдарга көңүл бөлүнөбү?

    Өлкө башчынын быйылкы жылды “региондорду өнүктүрүү” жылы деп жарыялоосун эл колдоп, кубаттоодо.  Анткени, региондордун дараметин арттыруу,  көтөрүү багыты көздөлүп кабыл алынган...

6 - Апреля  2018 | 7 : 3174