“ВИЧ илдеттүү энелерден 43 бала таза төрөлдү”

16 - Ноября  2017 | 8 : 32110
“ВИЧ илдеттүү энелерден 43 бала таза төрөлдү”

Элмира Сатарова, областтык СПИДге каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери:

 

Статистикалык маалыматтарга караганда учурда Кыргызстанда 382 балага ВИЧ илдети жуккан. Жалал-Абад областы да бул санды толуктайт. Областтык СПИДге каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери Элмира Сатарова жылына 2-3 бала ВИЧ дартына кабылып жатканын ырастады.

 

-Элмира айым, азыркы күндө областта канча бала ушул оор кеселдин курмандыгы?

-Өлкөдө ВИЧ дарты катталгандан бери 80 бала бул ооруга чалдыккан. Жыл сайын экиден, үчтөн бала жаңы катталат. Булар көбүнчө энелеринен жана кан аркылуу жуктуруп алгандар.  Сексен баланын 80-85 пайызы мектеп окуучулары. Быйылкы жылы ВИЧ илдети  үч баладан табылып, экөө энелеринен жуктуруп алганы аныкталды. Бирөөсүнүн  азырынча  кайдан жуктуруп алгандыгы аныктала элек. ВИЧке чалдыккан балдардын алды 16 жашка толуп калды.

-ВИЧ СПИД дартына чалдыккан чоң адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү бир аз жеңилирээк болушу мүмкүн. А балдар менен иштешүү бир топ оор болору белгилүү.  Адистер алар менен жакын болуу үчүн кандай усулдарды колдонуп дарылоо ишин эффективдүү жүргүзөт?

-Биздин дарыгерлер биринчи алардын ата-энелери менен иштешет. Көпчүлүгү бул дарт тууралуу балдар билбей эле койсо дешет. Деген менен алар үстүртөн болсо да кабардар болушат. Алардын ВИЧ илдети жөнүндө толук билбөөсү көйгөй жаратышы мүмкүн. Ошондуктан балдарга өзүнүн оорусу тууралуу кенен, жакшылап түшүндүрүп айтуу керек. Жакында эле атайын психолог адистер менен ата-энелерди  жолугуштурдук. Өз ара түшүндүрүү иштери жүрдү. Бул өтө зарыл. Анткени, жогоруда айткандай көп ата-энелер балдардын өз оорусу тууралуу таптакыр кабарсыз болушун каалашат. Балдар менен да түздөн-түз иштешебиз. Алар дарыгерлерге тез-тез келип, абалдарын билдирип турат. Көнүп да калышкан десе болот. Деген менен оору тууралуу  жетишерлик түшүнүктөрү жок.

-Дарылоо иши өмүр бою жүргүзүлгөндүктөн, балдар  жадап, депрессияга батып, дарылануудан баш тарткан учурлары болобу?

-Ооба, балдарда айрыкча өткөөл мезгилде дарылануудан баш тартуу күч алып, дарыны ичип-ичпей, же таптакыр баш тартып коюшат. Мындайда  балдардын ата-энелери, жакындары жакындан жардам берүү керек. Учурда катталган балдардын 10-15 пайызынын ата-энеси жок, жакындарынын камкордугунда. Бул да таасир бериши мүмкүн. Атайын психологдор, дарыгерлер да түшүндүрүү иштерин  жүргүзөт. Өмүр бою, үзгүлтүксүз дарыланып узак убак жашоого болот. Дарыны бир күн ичип, бир күн ичпей койсо эч кандай таасири тийбейт. Балдарга ушуну жеткирүү керек.

-Учурда ВИЧ илдеттүү канча бала каза болду?

-Бүгүнкү күнгө чейин 9 бала өмүр менен коштошту. Башка оорулардын себебинен, өтүшүп кеткендиктен жана дарылануу иши баштала электе каза болгон балдар ВИЧтен өлгөндөрдүн катарын толуктап турат.

-Ушундай илдеттүү адамдарды коомчулук чочулоо менен карап, катарларына кошкусу келбегени байкалат. Аларга бул  мамиле оор болору белгилүү. Ушундай жагдайдан чыгып кетүүгө алардын мүмкүнчүлүгү жетеби? Же аларга чектөө барбы?

-Эч кандай чектелген эмес. Мыйзамда эмнеге мүмкүн болору айтылса ошонун баарын кылууга акылуу. Алар соо адамдардай эле бардык иштерди жасай алат. Бирок, ВИЧтин акыркы үчүнчү, төртүнчү статьяларына карап эмгекке жарамсыз болуп майыптыкка чыгышы мүмкүн. Ал эми биринчи, экинчи статьядагылар эч кандай майыптыкка чыкпай эле кадимкидей иштеп жүрө беришет. Такай дары ичип жүрүү менен Кудай берген жашта узак жашоого болот. 2009-жылы Америкадан ВИЧке чалдыккан жаранды алып келгенбиз. Ошол учурда ал алтымыш жашка жакындап калган. Ал он жети жаштан бери ВИЧке каршы дары ичип, дени сак адамдардай жашап келген. Биздин ВИЧ илдеттүү жарандар менен жолугуштурганда алар анын жаштыгына, чыдамкайлуулугуна  аябай таң калышкан. Демек чыдамкайлуулук менен бул ооруну жеңип жашаса болот.

-Балдардын алды турмуш жолуна аттанаар алдында турушат экен. Алар толук кандуу үй бүлөө курганга болобу?

- Болот, эмнеге болбосун. ВИЧ оорулуу балдар турмуш курбасын деген мыйзамда жок да. Алар такай дары ичип турушат. Бирок, бул деген ВИЧ толук түрдө жукпайт деген кепилдик эмес. Жугуу коркунучун азайтышы мүмкүн. Антсе да турмушта ВИЧ дарттуу энелер үзгүлтүксүз дарыланып жүргөндүктөн  ден соолугу таза балдар төрөлүп жатпайбы. Мисалы, Жалал -Абад шаарында эле эпидемия башталгандан бери ВИЧ илдеттүү энелерден 43 бала аман-эсен таза төрөлдү. Азыр ВИЧ дартын толук жуктурбай кою мүмкүнчүлүгү кеңири. Түшүндүрүү иштери байма-бай жүрөт. Мурдагы жылдарга караганда эл арасында буларга болгон мамиле бир аз жумшарган менен дагы деле аларды басмырлоо жок эмес.

-Ушу кезге чейин жалпы канча адам катталды?

-Областта эпидемия башталгандан бери 890 адам ВИЧ илдетинен улам каттоодо турат.  Алардын 511и эркек, 379у аялдар. Жыл башынан бери 106 адамдан ВИЧ дарты жаңы табылды. Элүү пайыздан көбүрөөгү аялдар. Учурда жыныстык жол менен ВИЧ  жуктуруп алгандар көп. Башта наркотикалык затын ийне аркылуу колдонгондор арасында көп кездешчү.

-Азыр ВИЧ СПИД оорусу тууралуу жакшы эле түшүндүрүү иштери жүрүп жатпайбы. Ушунун таасири тийип, бул дартка чалдыгуу солгундаганы байкалабы?

-Кайсы бир деңгээлде түшүндүрүү иштеринин пайдасы тийип жатат. Бирок оору тууралуу маалыматы болуп, сактануунун жолун билсе да “ойлобопмун, капарыма албапмын” деп ВИЧ жуктуруп алгандар көп. Ал эми солгундады деп кесе айтуу кыйын.

 

 Гүлнура КЕЛДИБАЕВА.

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Медицинага кандай өзгөртүү керек? Медицинага кандай өзгөртүү керек?

  Өлкөнүн саламаттык сактоосун жакшыртууну, реформалоону көздөгөн  2012-жылдан 2016-жылга чейин кабыл алынган “Ден соолук” улуттук программасы аяктады. Мындан улам 2018-жылдан 2030-жылга чейинки ...

26 - Октября  2017 | 7 : 2582
Донорлор  өмүр  тартуулашты Донорлор өмүр тартуулашты

         Жалал-Абад шаарында донорлор күнү белгиленип,  адамга өмүр тартуулаган жарандарга  сый тамак тартууланды.  Бул  саамалыкка Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча...

29 - Сентября  2017 | 6 : 21114
ВИЧ СПИДди кармап туруш үчүн ВИЧ СПИДди кармап туруш үчүн

    Коомдун аярлуу катмарларына ВИЧ СПИД тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турбаса, бул жаман дарт жайылып кетиши толук мүмкүндүгүн ойлоп, тынчсызданган бул тармактагы адистер 2002-жылы...

15 - Июня  2017 | 5 : 34638
“Стартап” старт алды “Стартап” старт алды

  Эми жаш ишкерлерге финансылык кеп-кеңештерди, бизнес-план түзүүнүн жолдору тууралуу акысыз, терең маалыматты Жалал-Абад шаарында ачылган “Стартап борбору” берет. Бул борбор айрыкча жаңы ишкердикти...

11 - Апреля  2017 | 10 : 20413
Депрессия балдарды да тооруду Депрессия балдарды да тооруду

  Сузак райондук ден соолук кабинетинин психотерепевти Шахринса Абдыкасымова ажырашуу, өз өмүрүнө кол салуу, качып кетүү, аракечтик сыяктуу терс көрүнүштөрдүн негизги себеби болгон депрессия - социалдык...

11 - Апреля  2017 | 10 : 26566
Кургак учук оорусунун абалы жана алардын алдын алууда эмнелерди... Кургак учук оорусунун абалы жана алардын алдын алууда эмнелерди...

             Жалал-Абад область боюнча 2016-жылдын жыйынтыгында баары болуп биринчи жолу аныкталган кургак учук оорусунун – 981 учуру катталды, ал эми 2015-жылдын ошол эле убагында 868...

30 - Марта  2017 | 8 : 321206
Кан борборунда шарт жакшырды Кан борборунда шарт жакшырды

    Жалал-Абад областтык кан борбору көчмө топтун жардамы менен шаардын мекеме ишканаларына , окуу жайларына жана аймактык ооруканаларга барып түшүндүрүү, үгүт иштерин жүргүзүү жолу менен акысыз...

23 - Марта  2017 | 10 : 22347