Айлана-чөйрөнү таза сактоо керек

16 - Ноября  2017 | 8 : 40305
Айлана-чөйрөнү таза сактоо керек

 

 

 

 

Областтын аймагында быйылкы жылдын 11-ноябрынан тартып, 1-декабрына  чейин “айлана-чөйрөнү жана санитардык абалды иретке келтирүү”  -деп жарыялоо тууралуу Өкмөттүн областтагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн милдетин убактылуу аткаруучу М. Акматовдун буйругу чыкты.

Буйрукка ылайык  мындай иш-чара областтын территориясында айлана-чөйрөнүн санитардык абалын жакшыртуу, калктуу конуштардын, жолдордун, бак-дарактардын, коомдук жайлардын тазалыгын аритектуралык талаптарга ылайык калыбына келтирүү максатын көздөйт. Буга байланыштуу райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары менен шаарлардын мэрлерине жана областтык мекеме-ишканалардын жетекчилерине район-шаарлардагы коомдук жайлар менен көчөлөрдүн, аллеялардын, сейил бактардын санитардык абалын жакшытуу милдети жүктөлдү.

Алар мындан сырткары райондор менен шаарлардын борбордук аянттары жана социалдык обьектилерин, базарлардын, калкка кызмат көрсөтүүчү түйүндөрдүн, имараттардын, эс алуу парктарындагы аттракциондорду сырдоо, айланасын иретке келтирүү, таштандылар төгүлүүчү жайларды талаптагыдай уюштуруулары керек.

Ошондой эле автожолдордун жээгиндеги бак-дарактарды актоо, тротуарларды калыптандыруу, көчөлөргө  түнкү жарыктандырууларды орнотуу жана ишембиликтерди уюштуруу, мекеме-уюмдарга, ишканаларга менчигинин түрүнө карабастан айлана-чөйрөнүн санитардык абалын жакшыртуу жана бөлүнүп берилген жерлерди тазалоо, Бишкек-Ош унаа жолунун жээктериндеги таштандыларды тазалоо, бак-дарактарды иретке келтирүү тапшырмасы берилди.

Аткарылган иштер боюнча маалыматтар ар аптанын жума күнүнөн кечиктирилбей ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын уюштуруу, инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмүнө берилүүсү зарыл экендиги эскертилди.

“АКЫЙКАТ”.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сузакта 20 гектар  жерге логистикалык борбор курулат Сузакта 20 гектар жерге логистикалык борбор курулат

  Сузакта камыш баскан 20 гектардай жерге логистикалык борбор куруу көздөлүүдө. Мындай маалыматты Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бүгүн өмүрүн айыл чарба...

16 - Февраля  2018 | 8 : 1727
Суу маселеси чечилүүсү шарт Суу маселеси чечилүүсү шарт

  Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бүгүн өмүрүн айыл чарба тармагына арнаган кызматкерлер менен жолугушту. Анда талаачылыкта, айыл чарба багытында...

16 - Февраля  2018 | 8 : 4727
Ооганчылар күнү эскерилди Ооганчылар күнү эскерилди

Ооган согушунун ардагерлеринин ошол кездерде жасаган күжүрмөн эрдиги өлкөбүз үчүн чоң кызмат жана Мекенди сүйүүнүн үлгүсү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын вице-мэри Турдаалы Темирбаев Жалал-Абад...

16 - Февраля  2018 | 9 : 730
ЖАМУ: ЖАЛАҢ ЖИГИТТЕР КҮЧ СЫНАШЫШТЫ ЖАМУ: ЖАЛАҢ ЖИГИТТЕР КҮЧ СЫНАШЫШТЫ

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономикалык-юридикалык факультетинде тайпалар арасында волейбол боюнча мелдеш уюштуруп, ал алдыдагы Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналды. Алты команданын ортосундагы...

16 - Февраля  2018 | 10 : 1720
Жалал-Абад: Жыл өнөр жайдын өсүшү менен башталды Жалал-Абад: Жыл өнөр жайдын өсүшү менен башталды

    Жалал-Абад шаары 2018-жылдын биринчи айын өнөр жайдагы өсүү менен баштады. Башкача айтканда, январь айындагы өнөр жай продукциясын өндүрүү жагынан өсүү темпи 108,7 пайызга жетти. Бул тууралуу...

16 - Февраля  2018 | 10 : 1923
ИРЕТСИЗ, МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН КҮРКӨЛӨР АЛЫНАТ ИРЕТСИЗ, МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН КҮРКӨЛӨР АЛЫНАТ

  Жалал-Абад шаарынын мэриясы шаар аймагында иретсиз, мыйзамсыз курулган же орнотулган күркөлөрдү салып салуу аракеттерин башташты. Шаар мэри Салайдин Авазов өзүнүн буйругу менен иретсиз жайгашып, шаар...

16 - Февраля  2018 | 10 : 2624
ЖАМУ: ООГАН СОГУШУНУН  АРДАГЕРЛЕРИНЕ СЫЙ-УРМАТ КӨРСӨТҮЛДҮ ЖАМУ: ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИНЕ СЫЙ-УРМАТ КӨРСӨТҮЛДҮ

  Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Ооганчыларга таазим” аталышындагы иш-чара болуп, анда Ооган согушуна катышып келген окутуучуларга сый-урмат көрсөтулдү.  Ал Ооган...

16 - Февраля  2018 | 10 : 2933