Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар”

16 - Ноября  2017 | 8 : 4740
Чакан шаардын чактап көтөргөн жүгү бар”

Өмүржан Бабатаев, Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу:

        Азыркы кезде бардык тармактарда, анын ичинде район-шаарларда ушул жылдын тогуз ай аралыгында аткарылган иш аракеттер, жасалган жумуштардын жыйынтыгын чыгарып жатышат. Ар иште өзүнө-өзү баа берип, ийгилик менен кемчиликти, жакшы менен жаманды эриш аркак ала жүргөн жакшы жышаана эмеспи. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгынын негизинде   ишке ашып жаткан “2017- Ыйман, адеп жана маданият” жылында кандай иш мерчемдер белгиленген жана анын кайсылары ишке ашты, эл чарбасында, башка тармактарда кандай жакшы көрсөткүчтөр жаралды?- мына ушул өңүттөгү суроолор менен Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруучу  Бабатаев Өмүржан Самарбековичти кепке тартканбыз. Белгилей кетүүчү жагдай биздин маектеш бул кызматка 2016-жылдын 13-мартында келген.

  • Өмүржан мырза, бир кезде Таш-Көмүр шаары кара алтындын мекени катары таанылып келгени ырас. Андан сырткары Союздук маанидеги бир катар ишканалар иштеп, шаардыктардын жашоо-турмушу бакубат эле. Азыр абал таптакыр башкача, андыктан  элдин  тиричилиги кантип жатат?
  •    Ырас, табийгаты катаал келсе да, жаз менен жай мезгилде мээ кайнаткан ысык, күз келгенден кыш ичи ызылдаган бороон, катуу шамал болгону менен өнөр жай ишканалары иштеп, элибиздин турмушу  кезегинде  абдан жакшы болчу. Бир канча өнөр жай ишканалары иштеп, негизгиси шаардыктардын жашоо агымы ошол тармакка байланыштуу болчу. Азыр деле жаман деп айта албаймын. Мезгилдин агымынан калышпай,  шаардыктар базар экономикасынын шарапаты менен жакшы жашоонун бардык жолдорун издеп жатышат.  Ошону менен катар шаарыбыздын социалдык-экономикалык  абалы өсүп жаткандыгын айта алам. Маселен, шаардын жалпы өнөр жай тармактары боюнча  бир миллиард 902 миллион 852 миң сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда өндүрүштүн көлөмү нарк баасы менен 106,2 пайызга аткарылган. Физикалык көлөм 114,6 пайызды түзүп олтурат. Бул көрсөткүч жылды жакшы жыйынтыктоого чоң ишенич берет.
  • Таш-Көмүр шаары “кара алтындын мекени экени” талашсыз. Кезегинде Борбордук Азиянын “кочегары” аталган бул тармактын азыркы жагдайы кандай болуп жатат?
  •  Көмүр өндүрүү тогуз айда 50544, 2 тоннага жетип, тапшырма 71,3 пайызга аткарылып калды. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 70840 тонна кара алтын казылган болчу.  Бул жумуш эми күчүнө кирээрин эске алсак, жылдык көрсөткүч жакшы эле болот. Мында “Тегене” жоопкерчилиги чектелген  ишкана гана  иштеп жаткандыгы жана азырынча кардарлардын жоктугу да себеп болуп жаткандыгын айта кетейин. 
  • Азыр деле шаарда бир канча өнөр жай ишканалары, анын ичинде жеке ишканалар иштеп жатат, бул жагдайдан да сөз кыла кетсеңиз.
  • Бизде Курулуп жаткан ГЭСтер ишканасы бар. Анда тогуз ай аралыгында 2 миллиард 955 миллион  киловатт саат электр  энергиясы өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырганда тапшырма 116,6 пайызга аткарылган. Ал эми нарк баасы менен бир миллиард 795 миллион 678 миң 300 сомдук товар өндүрүлүп, бул жагынан  көрсөткүч 108, 9 пайызды түздү. Орто жана чакан ишкерлик боюнча  20 миллион 762 миң 500 сомдук товар өндүрүлүп, өндүрүш көлөмү 105,1 пайызды түздү. Бул дагы жакшы көрсөткүч жана шаардын  социалдык-0экономикалык абалына  кошкон үлүшү бар десек болот. Ал эми  кезегинде Союздук мааниде турган жана кучагына миңдеген жумушчуларды камтып, бүтүндө электроника дүйнөсүнө кремний деген баалуу затты тартуулап келген “Таш-Көмүр жарым өткөргүч” заводу, кийинчерээк “Кремний” заводу аталып келген ишкана иш ыргагын токтоткондон бери шаар үчүн кыйла жоготуу болгондугун тана албайбыз. Эми бул ишкананы кайра жаңыча ыкмада, дүйнөлүк аренага оз продукциясын тартуулоо үчүн  “Кварц компании” жоопкерчилиги чектелген ишкана түзүлүп, металлургиялык кремний алуу үчүн кварцты кайра иштетүүчү завод курууга шаар мэриясы 2,5 гектар жер аянтын бөлүп берген. Курулуш иштери 2015-жылы башталган жана бүгүнкү күнгө чейин 336 миллион 974 миң 861 сомдук жумуш аткарылды. Заводдун ишке киргизилиши ушул жылдын декабрь айына белгиленген, эгер толук кандуу ишке берилгенден кийин заводдун кубаттуулугу 5 миң тоннаны түзүп, жаңы 80 жумушчу орду пайда болот. Бул шаар үчүн жакшы жетишкендик.
  • Өзүңүз белгилегендей шаарды негизинен өндүрүш тармактары эле кармап тургандай сезилет, антсе да  чекене соода жүгүртүү, транспорт, капиталдык салым, инвестиция тартуу жаатында да жумуштар аткарылса керек?
  • Туура, негизинен бизде бардык тармактарда жумуштар аткарылып жатат. Транспорт тармагында болсо жүк ташуу багытында тапшырма 105,4 пайызга аткарылды. Мында “Буудан” акционердик коомунун аткарган ишин белгилеп кетсек болот. Алар 58,8 миң тонна жүк ташып, өткөн жылга салыштырганда 101,2 пайызга жеткиришти. Жеке ишкерлер болсо 163,4 миң тонна жүк ташышты. Чекене соода жүргүзүүнүн көлөмү 1 миллиард 540 миллион 704 миң сомду түздү жана тапшырма 101,7 пайызга жетти. Ошондой эле тогуз ай аралыгында 5148,5 чаарчы метр курулуш иши бүттү. Албетте, сырттан инвестиция тартуу жана анын негизинде ички муктаждыктарды жасоо азыркынын башкы талабы. Андыктан биз бул маселеге башкы көңүлдү бөлөбүз жана  тогуз ай аралыгында 521 миллион 700 миң сомдук инвестиция тартылып, тапшырма 100,9 пайызга аткарылды. Мунун ичинен ички инвестиция 363 миллион 100 миң сом.
  • Ошол эле мезгилде айыл чарба тармагы да бар эмеспи. Мал чарбачылыгы менен дыйканчылык иштеринде кандай аракеттер жүрүп жатат?
  • Шаарга караштуу Шамалды-Сай аймактык башкармалыктын Теңдик айылында айыл чарбасына ылайыкташкан 854 гектар жер аянты бар. Анын 651 гектары  үлүш  катары колдонулса, 203 гектары КБФнын жери. Азыркы кезде талаада эгин калган жок, дээрлик бардыгы жыйналып, дыйкандарыбыз кышкы камылгасын көрүп алышты. Эгерде сандык эсеп менен алганда 432 тонна пахта, 1026 тонна дандык жүгөрү, 2912 тонна жашылча жана 646 тонна бакча өсүмдүктөрү жыйналды. Мал чарбасынан болсо эт  өндүрүү 106,2 пайызга, сүт 110,5, жумуртка 108,1, жүн 100,0 пайызга аткарылды. Мал чарбачылыгындагы мындай жакшы көрсөткүчтүн жаралуусуна Шамалды-Сай жана Кызыл-Жар аймактык башкарууларынын калкынын акыркы жылдарда мал чарбачылыгына басым жасап жатышканы себеп болду. Ал эми малдын ден соолугу үчүн шаардык мамлекеттик ветеринардык башкармалыгы  эпизоотияга жана жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн эмдөө жумуштарын  өз убагында жүргүзүп келишет. Тогуз ай аралыгында 46 көрсөткүчтүн 44ү боюнча тапшырма ашыгы менен аткарылган. Ал эми эки көрсөткүч белгилүү себептердин негизинде, же мамлекеттен камсыздандырылуучу ветеринардык биопрепараттардын өз убагында берилбегендигинен тапшырма аткарылбай калды.
  • Эми башка тармактар тууралуу да кеп сала кетсеңиз, маселен, күч органдарында, социалдык,  билим берүү, саламаттыкты сактоо   тамактарында кандай алгылыктуу иштерди айта аласыз?
  • Шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан 93 иш өндүрүшкө алынып, 77/81 иш козголуп, 85/94 кылмыш ишине тергөө амалдары жүргүзүлгөн жана 76/83 иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы боюнча алганда шаардын аймагында 8548 кожолук же 40891 калк жашайт. Анын ичинен жакыр үй-бүлө 3394ү түзүп, жакырчылыктын деңгээли 39,7 пайызга, же  өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7 пайызга азайган. Анын себеби 23 үй-бүлө жумуш менен камсыз болушкан. Бириккен улуттар уюмунун  Азык-түлүк программасына 342 үй-бүлө тартылса, 10 үй-бүлө кредит алып, жашоосун жакшыртуунун аракетин көрүшкөн. Шаар боюнча жумушсуздардын саны 1669 адам болсо, алардын саны 108ге азайды. Жумушсуздарды кесипке окутуу багытында жакшы иш жүрүп жатат. Тогуз ай аралыгында ашпозчулукка он беш, тигүүчүлүккө 25, электр ширетүүчүлүккө 26 адам окутулду жана 66 жаран даярдалган кесиби боюнча жумушка орношту. Билим берүү тармагын алсак бизде Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ТИПФ факультети бар, анда жалпы 847 студент билим алат жана  34 профессордук-окутуучулук жамаат бар. Алардын дээрлик бардыгы жергиликтүү тургундар. Мындан сырткары №111 кесиптик лицей, колледж жана он төрт орто мектеп жайгашкан. Ал жерде 449 мугалим эмгектенет жана 8314 окуучу билим алат. Шаардык билим берүү башкармалыгы жалан гана мамлекеттин көзүн карап олтура бербестен эл аралык уюмдар менен кызматташ болуп, класстык кабинеттерди түзүү, акыркы технологияларды киргизүү, заман талабына жараша билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жаатында изденип жатат. Алардын бардыгын айтып олтурсам узун сабак сөз болот. Ал эми калктын саламаттыгы үчүн иштеп жаткан тармактагы ак халатчандарыбыздын да эмгегин айтпай койсом болбос. Бизде бул багытта шаардык борборлоштурулган аймактык ооруканабыз бар жана ал жерде кесибин сүйгөн, тажрыйбалуу, мыкты адистерибиз жетиштүү. Ошол эле мезгилде  оорукананын ички материалдык-техникалык абалы жакшырып, базалары заманбап жабдыктар менен камсыз болууда. Тогуз ай аралыгында 34125 жаран амбулатордук дарыланууга кайрылышкан. Профилактикалык кароодон 15570 адам өткөн. Жыл башынан бери 494 наристе жарык дүйнөгө келип, шаарыбыздын калкын толукташты. Ар кандай жугуштуу дарттын алдын алуу аракеттери өз убагында жүргүзүлөт.
  • Быйылкы жыл мамлекет башчыбыз тарабынан “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп белгиленген эмеспи. Ушул багытта кандай иш аракеттер жүрдү жана шаардагы маданият тармагынын абалы кандай болуп жатат?
  • Шаарыбызда чоң Маданият сарайыбыз бар. Бардык маданий-массалык иш-чараларыбыз ошол жерде өтөт. Сарайдын абалы заман талабына жооп берет. Кем карчтарына мэрия кол кабыш көрсөтүп турат. Ал эми быйылкы жылда көп жакшы саамалыктар ишке ашты. Маселен, ЖМТРК менен биргеликте “Ойно, аккордеон” долбоорун өткөрдүк. “Жаңы ысым” долбоорунун алкагында Түштүк аймак боюнча  өтүүчү сынакта төрт өнөр адамыбыз жакшы ийгиликке жетишти. Эгемендүүлүк майрамын жогорку деңгээлде уюштурдук. “Эне тил – эл байлыгы” иш-чарасы өткөрүлдү.  Негизинен бардык  аракетибиз  шаардын  өсүп-өнүгүүсү  үчүн  болуп  атат.
  • Маегиңизге ырахмат, шаар калкы жылды да ийгиликтүү жыйынтыкташат деген ишенич бар.

Маек курган: Алтынай МАМАТОВА.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Айтбай Мусаев : “Жүз  жылдык суу түтүктөрү коюлууда” Айтбай Мусаев : “Жүз жылдык суу түтүктөрү коюлууда”

    Учурда суу түтүктөрүн алмаштыруу жана суу эсептегичтерди коюу иштери жүрүп жаткан учур. Окурмандарды ушул иштердин күңгөй-тескейи туурасында кабардар кылуу максатында...

27 - Октября  2017 | 10 : 1691
Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана... Фритс Йепсен : “Келечекте мал чарба азык-түлүгүнүн маркетингине жана...

  ИФАД(айыл чарбасын өнүктүрүү эл аралык фонду -IFAD -International Fund for Agricultural Development) - аталган уюмдун мүчөлөрү болуп эсептелген өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин айыл чарбасын өнүктүрүүгө жеңилдетилген...

9 - Октября  2017 | 5 : 52187
Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды” Мамасалы Акматов: “Областтагы талаш жерлердин көбү чечилип калды”

    Учурда чек арага жакын талаштуу жерлерди тактоо иштери боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын комиссиялары биргелешип чоң иштерди жүргүзүп жатышканы маалым. Ага биздин...

29 - Сентября  2017 | 6 : 2263
“Өкмөт бизге көп жардам берүүдө” “Өкмөт бизге көп жардам берүүдө”

      КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү:   Экономикалык жактан өнүгүү деңгээли боюнча республикада алдыңкы облустардын катарында...

3 - Августа  2017 | 5 : 29354
“Гектарлаган үлүш жерлер турак жай курууга мыйзамсыз берилген” “Гектарлаган үлүш жерлер турак жай курууга мыйзамсыз берилген”

Областтын прокурору Ө. Жамшитов:       Өткөн жылы областта эң көп жер, мамлекеттик сатып алуулар, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдар бузулган. Акыркы жылдары жер...

24 - Марта  2017 | 10 : 47487
Эки айда элүү кырсык жүз берди Эки айда элүү кырсык жүз берди

      Жалал-Абадга жаз келгенде эле жер көчкү, суу ташкыны көпчүлүктү элеңдетет. КРнын ӨКМнин Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгы бул жаатта кандай кадамдарды жасап жатканынан кабар...

14 - Марта  2017 | 5 : 15610
Электрондук паспорт жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат Электрондук паспорт жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат

    Ушул жылдын орчундуу окуясы жарандарга электрондук паспорт берүү жана президенттик шайлоо болот өңдөнөт. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун айтымында 2017- жылдын...

15 - Февраля  2017 | 4 : 301054