Эхинококкозго каршы чаралар жүрүп жатат, бирок...

17 - Ноября  2017 | 4 : 18106
Эхинококкозго каршы чаралар жүрүп жатат, бирок...

 

Жалал-Абад шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиясы өзүнүн кезектеги жыйынында шаардык ветеринардык кызмат тарабынан эхинококкозго каршы жүргүзүлүп жаткан жалпы чараларды жетишсиз деп тапты жана калк арасында алдын алуу иштерин күчөтүүнү талап кылды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Жыйында эхинококкозго каршы жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланып, шаардагы ветеринардык кызматтын бул багыттагы аткарып жаткан иштери каралды. Алынган маалыматтарга караганда, бул дартка каршы дары-дармектер 2015-жылы келип, ит-мышыктарды дегельминтизациялоо иштери ошол жылдын экинчи кварталынан баштап жүргүзүлгөн. Жыл сайын ушул багыттагы иштер аткарылып келет. Мисалы, быйылкы жылы 10 айда 3 жолу дегельминтизациялоо жүрүп, 5643 баш ит, 325 мышык дегельминтизацияланган.

Бирок, областтык санитардык-эпдемилогоиялык көзөмөл кызматынын өкүлдөрү жыйында мындай отчёттук маалыматтарга шек санап, иш жүзүндө абал таптакыр башкача болушу ыктымал деген пикирди айтышты. Жыйынга катышып жаткан атуулдардын бирөөсүнүң да үйүндөгү ит-мышыктар дегельминтизацияланбаган болуп чыкты.

Шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиясы мындай абалдан чыгып, бул дартка каршы калк арасында реалдуу практикалык иштерди жүргүзүүнү талап кылды.  

Нурайым Турдумаматова.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сузакта 20 гектар  жерге логистикалык борбор курулат Сузакта 20 гектар жерге логистикалык борбор курулат

  Сузакта камыш баскан 20 гектардай жерге логистикалык борбор куруу көздөлүүдө. Мындай маалыматты Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бүгүн өмүрүн айыл чарба...

16 - Февраля  2018 | 8 : 1727
Суу маселеси чечилүүсү шарт Суу маселеси чечилүүсү шарт

  Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бүгүн өмүрүн айыл чарба тармагына арнаган кызматкерлер менен жолугушту. Анда талаачылыкта, айыл чарба багытында...

16 - Февраля  2018 | 8 : 4727
Ооганчылар күнү эскерилди Ооганчылар күнү эскерилди

Ооган согушунун ардагерлеринин ошол кездерде жасаган күжүрмөн эрдиги өлкөбүз үчүн чоң кызмат жана Мекенди сүйүүнүн үлгүсү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын вице-мэри Турдаалы Темирбаев Жалал-Абад...

16 - Февраля  2018 | 9 : 730
ЖАМУ: ЖАЛАҢ ЖИГИТТЕР КҮЧ СЫНАШЫШТЫ ЖАМУ: ЖАЛАҢ ЖИГИТТЕР КҮЧ СЫНАШЫШТЫ

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономикалык-юридикалык факультетинде тайпалар арасында волейбол боюнча мелдеш уюштуруп, ал алдыдагы Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналды. Алты команданын ортосундагы...

16 - Февраля  2018 | 10 : 1720
Жалал-Абад: Жыл өнөр жайдын өсүшү менен башталды Жалал-Абад: Жыл өнөр жайдын өсүшү менен башталды

    Жалал-Абад шаары 2018-жылдын биринчи айын өнөр жайдагы өсүү менен баштады. Башкача айтканда, январь айындагы өнөр жай продукциясын өндүрүү жагынан өсүү темпи 108,7 пайызга жетти. Бул тууралуу...

16 - Февраля  2018 | 10 : 1923
ИРЕТСИЗ, МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН КҮРКӨЛӨР АЛЫНАТ ИРЕТСИЗ, МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН КҮРКӨЛӨР АЛЫНАТ

  Жалал-Абад шаарынын мэриясы шаар аймагында иретсиз, мыйзамсыз курулган же орнотулган күркөлөрдү салып салуу аракеттерин башташты. Шаар мэри Салайдин Авазов өзүнүн буйругу менен иретсиз жайгашып, шаар...

16 - Февраля  2018 | 10 : 2624
ЖАМУ: ООГАН СОГУШУНУН  АРДАГЕРЛЕРИНЕ СЫЙ-УРМАТ КӨРСӨТҮЛДҮ ЖАМУ: ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИНЕ СЫЙ-УРМАТ КӨРСӨТҮЛДҮ

  Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Ооганчыларга таазим” аталышындагы иш-чара болуп, анда Ооган согушуна катышып келген окутуучуларга сый-урмат көрсөтулдү.  Ал Ооган...

16 - Февраля  2018 | 10 : 2933