“Кургак учукка кабылгандар азайды”

17 - Ноября  2017 | 4 : 24672
“Кургак учукка кабылгандар азайды”

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы №448-б буйругу менен бекитилген “Кургак учук-V” программасын турмушка ашырууну Өкмөттүн Жалал-Абад областтык ыйгарымдуу өкүлчүлүгү колго алып, бир катар мекемелерге милдеттенмелер артылып, алардын иши көзөмөлгө алынууда.

Областтык үй бүлөөлүк дарыгерлер борборунун маалыматына караганда учурда кургак учук дартына кабылгандардын катары бир аз да болсо азайды. Тактап айтканда, ушул жылдын тогуз айында област боюнча 733 жаран кургак учук дартынан улам катталса, былтыр тогуз айда 764 адам катталган. Областтык үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Гүлнара Маматалиева түшүндүрүү иштеринин байма-бай жүрүшүнөн улам бул дартка чалдыгуу кескин азайбаса да таасирин берип жатканын белгилейт. Анын үстүнө дарты убагында табуу, дарылоо жакшы натыйжа берүүдө. Областын аймагында жалпы 429 медициналык мекеме бар. Алардын ичинен ону Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу. Так ушу жердеги ак халатчандар кургак учукка кабылган жарандарды убагында таап, дарыланууга жөнөтүп турушат. Мындан сырткары жыл сайын мугалимдер, тамак-аш менен иштеген жарандар жана медиктер медициналык кароодон өткөрүлүп турат. Мектептерде, Бала бакчаларда дартты аныктоонун алгачкы жумуштары жасалат. Быйыл 12507 окуучуга манту сайылган. Анын ичинен 91 бала күмөндөлүп, 73үнөн кургак учук табылды.

Гүлнура КЕЛДИБАЕВА.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 5271
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 3102
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 775
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 1474
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 1979
ОИИБнин өздүк курамы ыктыярдуу кан тапшырууда ОИИБнин өздүк курамы ыктыярдуу кан тапшырууда

  Областтык кан борборунун кызматкерлери жана Улуттук Кызыл Ай Коому, ИИМдин Жалал-Абаддагы медицина кызматы менен биргеликте Жалал-Абад ОИИБнин өздүк курамына барып жолугушуп, жеринде ыктыярдуу...

21 - Июня  2018 | 6 : 2592
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 55162