Хан Кубатбектин баатырдыгы

17 - Ноября  2017 | 4 : 3259
Хан Кубатбектин баатырдыгы

 

Ноокен районунда он сегизинчи кылымда, же  1710-1770-жылдары  жашап өткөн Хан Кубатбектин (Кубат бийдин) ишмердүүлүгүнө,  анын 325 жылдыгына  арналган республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ага Бишкек шаары менен өлкөнүн жети дубанынан аттуу-баштуу илимпоздор, жазуучулар, анын урпактары, меймандар келип катышты. Конференция быйылкы «адеп, ыйман жана маданияттуулук» жылына байланыштуу жана Президенттин 7-8-ноябрды  «тарыхты жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү» деп жарыялаган Жарлыгынын алкагында чакырылды. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын токтомунун негизинде аткарылды.

Хан Кубатбектин сүрөтү коюлат.

 

Тарыхый маалыматтарга ылайык Хан Кубатбек ойрот-жунгар баскынчыларына каршы күрөштө Кокон хандыгы менен ымала түзүп, бириккен кыргыз аскерин түзгөн. Калмактарды Фергана өрөөнүнөн сүрүп чыгарган. Кыргыз урууларын бириктирүү менен эл-жерди тышкы душмандарга көз каранды кылбай коргоо үчүн кыргыздардын белдүү жигиттеринен аскер кураган. Букар эмири, Кокон жана Хива хандыгы, Кытайдын Цинь империясы менен тең ата сүйлөшүү жүргүзүп, Иран падышасы менен кат алышып турган. Кубат бийдин баатырдыгы менен атак-даңкын тааныган Букар эмири Рахим аны расмий түрдө «Кыргыз ханы» деп жарыялаган. Ноокен райондук мамлекеттик администрациянын башчысы  Эркин Маматаевдин конференцияда сүйлөгөн сөзү боюнча Кубат  бий Кашкар кыргыздарын да душмандардан коргогон. Ошондуктан  Кашкар кыргыздары аны эки жолу суранышып,  өздөрүнө эки ирет аким кылып шайлап алышкан.

Өкмөттүн областтагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков жасаган баяндамага караганда Кубат он сегиз жашында атасынын ордуна бий болгон. Фергана кыргыздарынын чек арасын кеңейтүүгө салым кошуп, кыргыз элинин бүтүндүгү үчүн өмүрү өткөнчө жан үрөгөн. Элдик баатырлар Эр Солтоной, Ормон хан, Пулат хан, Барсбек каган,  Бердике, Атабек баатыр менен тең турган Кубат бий акылдуулугу, баатырлыгы, таасирдүүлүгү менен башкалардан айырмаланган. Анын эрдиги жомокко айланып, азыркы Борбор Азия, Кытай, Индия мамлекеттерине дейре он сегизинчи кылымда мамлекеттик жана коомдук-саясий ишмер катары таанылган.

Илимий-практикалык конференцияда тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин орус жана кытай окумуштууларынын даректүү изилдөөлөрүнө таянуу менен Кубат бийдин Кытайдагы ишмердүүлүктөрүнө да токтолду. Окумуштуунун белгилешинче Кубат бий – жалпы улуттун көрүнүктүү адамы.  6-7-8 класстардын кыргыз тарых китебин жана башка олчойгон тарыхый китептерди жазган окумуштуу Т. Чоротегин Кубат бийдин өмүр жолу, кыргызга жасаган эмгеги тууралуу кеңири баяндамасын кошту. Анын далилдешинче  Хан Кубатбек кыргыздын өкүмдары болгон.

 

-Ооба, билебиз,  - деди  Тынчтыкбек Чоротегин конференцияда – Кубат бийдин теги ким? – деп сураганда анын уруусу кушчу болгон деп айтасыздар. Ал – кыргыз , эл аралык деңгээлдеги адам . Калмактар кыргыздарды “бурут”,  хан Кубатбекти “Бахадур бий” деп аташкан. “Бухара ханы Рахим хан” аттуу китепте да Кубат бий – кыргыздардын ханы катары көрсөтүлгөн.  17-18-кылымдарда Фергана өрөөнүнө кыргыздар ээлик кылып тургандыктан Кубат бийдин бир өмүрү Кокондо, бир өмүрү Кашкарда өткөн. Ал Алайга, Ошко, Кашкар менен Коконго каттап турган. Аны чагымчылардын куйтулугу менен Кокон ханы Эрдене бий өлтүрткөн деген маалыматтар бар. Жыл сайын 7-8-ноябрда президенттин жакында кол койгон “тарыхты жана ата-бабаларды эскерүү” тууралуу жарлыгына ылайык  ар жылы  7-8-ноябрда хан Кубатбекти да эскерүүгө тийишпиз.  

Кубат бийдин илимий практикалык конференциясын өткөрүүгө мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри  Түгөлбай Казаковдун сиңирген эмгеги зор болгондугун  таанымал жазуучу, коомдук ишмер жана публицист Эсенбай Нурушев  айтып берди.

 

Ал Кыргыз Республикасынын эл акыны Ш. Дүйшеевдин «Агындылар» деген китебинин үч томдугун автордун белеги катары Кубат бийге тиешелүү бардык иштерди талыкпай жүргүзүп келаткан анын ноокендик урпагы А. Исаковдун колуна тапшырды.  Кубат бий тууралуу  жазуучу К. Кушубековдун «Улуу тоого чыккан барбы, улар үнүн уккан барбы?» аттуу романы совет мезгилинде «Ала-Тоо» журналына басылып чыккандыгын эскерткен Э. Нурушевдин айтымында хан Кубатбек  бир гана  урууга эмес,  бүтүндөй кыргызга тиешелүү адам, улуттун кишиси. Аны майдалап айтканга болбойт. Анткени, айрым санжырачылар хан Кубатбекти – «Ноокендик кушчу уруусунан чыккан» десе, дагы бири «Алайлык кушчу болот», үчүнчү топтогулар «Таластык кушчу»  деп айтып жүрүшөт. Эрдене бий тарабынан жан таслим болгон Кубат бийдин сөөгүн жигиттери ордодон билиндирбей алып чыгышат. Байкабай ыйлап ийген адамга «үнүңдү чыгарба, эч ким билбесин!»- деп камчы чабышат. Анын көзү өткөндүгүн жан адамга  угузбай, кошок коштурбай, өкүрүк чыгартпай, түн жамынган бойдон Майлуу-Суу шаарынын айлана-чөйрөсүндөгү кокту-колотторго жеткирип,   Ой-Жаңгак деген жерге көмүшөт. Калмактарды адаштыруу үчүн «Кубат бийдин сөөгү Жолборс мазарга коюлган» деп сөз таратышат. Мындай кепти Э. Нурушев мурдагы Рахманжан атындагы колхоздун бир дөбөсүндө ордо ойноп,  күн  кечкирткен аксакалдардан жаш чагында уккандыгын да кошумчалады.

Ноокен райондук тарыхый-этнографиялык музейге аты коюлган Аван Кулумбетов аксакал көзү тирүү кезинде жазып калтыргандай, «Кубат бий тууралуу бир топ маалыматтар 1984-жылы Фрунзе шаарында басылып чыккан «Кыргыз ССРинин тарыхы» аттуу китепте да берилет. Анда «Кубат бий, же Кубат мырза, мындан башка да ал бек, хан, баатыр деп айтылат. Он сегизинчи кылымдын экинчи жарымындагы анжияндык кыргыздардын феодал төбөлү. Өзү кушчу уруусунан чыккан. Орус изилдөөчүсү  В. В. Иванов «18-кылымдын орто ченинде кыргыздардын эң көрүнүктүү аскер башчысы» - деп баалаган. Кубат бий Эрдене бийдин Кокон башкаруучусу Оро-Дөбөдөгү феодалдык чакан мамлекетке каршы күрөштө аскердик таянычы болгон. Бирок, Гиссардын өз алдынча башкаруучусу Фазил бийди колдоо иретинде Кубат бийдин атынан Фазил бийге жалган кат жаздырган.  Кат кыргыздар менен Эрдене бийдин союздашы болгон бухаралык хандын колуна түшүп калып, ушул жаңжалдан улам Кубат бий кокондуктар менен өз алакасын үзөт. Ошол доордогу бухаралык жана кашкарлык маалыматтарга караганда Кубат бий тап-такыр өз алдынча бийлик эгеси болуп, каалаган бийлик ээлери менен карым-катнаш түзүп, же аны бузуп турган. Он сегизинчи кылымдын 50-жылдарынын акырында Кубат бийдин аскерлери калмак бийлигине каршы чыккан». Ал эми 1989-жылы жарык көргөн Ош областынын энциклопедиясында төмөндөгүдөй айтылат:»18-кылымдын ортосунда Кубат бийге Алай жана Батыш Фергананын чыгыш кыргыздары, Ош жана Өзгөн шаарлары менен кошо баш ийген, ал Шаркент менен Кашкарды өзүнө караткан. Мындан көрүнүп тургандай Кубат бий Кокон хандыгына баш ийбей, өз алдынча бийлик жүргүзүп, тарыхка Анжиян кыргыздарынын башчысы – ханы катары кирген. Тагыраак айтканда ал- ноокендик кушчулардын түпкү атасы болгон. Буга далил – Рахманжан атындагы колхоздо (азыркы Курулуш айылында) Кубат жана Кубатбек деген 50-60 түтүндөн турган уруулардын сакталышы. Экинчиден - Кочкор-Атага жакын Шалка деген кыштактын  суу жеп кеткен арыгынын боюнан жер алдына басылып калган курулуштардын нуктары табылган. Андагы бышык кыштарды 1966-1981-жылдары изилдеген ленинграддык профессор Ю. А. Заднепровский анда мындан эки-эки жарым кылым мурда курулган мавзолей, же күмбөз, шаар болгондугун аныктаган.  А мүмкүн ошол шаарды Кубат бий негиздегендир “ – деген ойду жазып калтырган  ыраматылык  ардагер Аван Кулумбетов.

Конференцияда баяндама жасаган коомдук ишмер Иманбек Жумакаевдин сөзүнө караганда Кубат бий кыргыз каганатын түптөгөндөрдүн бири. Эл үчүн эмгек сиңирген, Мекенибиздин бүтүндүгүн коргогон улуу адамдарды  өсүп келаткан келечек ээлерине тааныштырууну  унутууга жарабайт. Коомдун өнүгүп-өсүү жылдарында, бир формациядан экинчи бир формацияга өтүүдө нечендеген мыкты адамдардан айрылганыбыз белгилүү. Жарым ай мурда Таласта Кубат бий тууралуу төкмө акындардын айтышы болду.  Ноокенде болгон илимий-практикалык конференция сыяктуу иш-чаралар бөлөк областтарда да өткөрүлүүсү зарыл. Хан Кубатбектин өрнөктүү өмүрүн даңазалоо үчүн атайын комиссия түзүлүп, Өкмөт тараптан каражат каралган.

-Ал жөнүндө эки жылда толук форматтуу тасма даяр болот деп ойлойбуз. Аткараар иш али алдыда. Анын согуштагы эрдиктери жөнүндө атайын тарыхый жана адабий чыгармалар жазылып, китептер басылып чыкты. Кытайдагы архив менен кызматташууга макулдук алдык, - деп айтты Иманбек Жумакаев.

Жазуучу Кушубек Качибеков “ Кубат бий (хан Кубатбек) ” аттуу эмгегинде Кубаттын 1710- жылы жайында Фергана өрөөнүндөгү кадыр-барктуу Калча баатырдын үй-бүлөсүндө, Таласта, же Алайдын Кичи-Дара айылында жарыкка келгендиги жазылган. Бухара эмирине караштуу аймактарды Кокон ордосуна каратууда ордо бийлери Калча бийге таянышкан. Себеби, Калча бий ал аймактагы кушчу-мундуз урууларынын башчысы болгон. Кокон ордосуна көмөктөшкөнү үчүн Калча бийди Анжияндык кыргыздардын башчысы катары эсептешкен. Кубаттын өспүрүм курагы ошол мезгилдеги Орто Азиядагы саясий курч доорго туш келген. Анын пикири менен Бухара эмирлиги жана Кокон ордосу эсептешип турган. 1740-жылы Ташкенди камоого алган калмак чапкыны Кокондун чет жакасына жетип, кыргыз-өзбек айылдарын тоногондо Кубат бий ал чапкындын мизин кайтарып, элди сактап калган. К. Качибеков 2010-жылы  Кытайдагы Кызыл-Суулук туугандарда болуп, Кубат бий, Алдаярбек баатырлардын түздөн-түз урпактарынан көптөгөн баяндарды жазып алган. Манасчы Жусуп Мамайдын энеси Кубат бийдин урпагы экендигин жана Кубат бий жөнүндөгү башка көп маалыматтарды улуу манасчынын өзүнөн алган. Кубат бийдин туусу жана мөөрү бүгүнкү күндө Өзбекстандагы Анжиян облусунун Пахта-Абад районундагы Миян айылында жашап жаткан Мамрасул Максым уулунун колунда экендиги такталган. XVIII  кылымда Теңир-Тоолук кыргыздардын башында турган Кубат бий, жунгарлардан, кокон басып алуучуларынан кыргыз урууларынын эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргогон. Ал шыктуу дипломат жана саясий ишмер, уруулаштарынын арасында эр жүрөктүүлүгү жана каармандыгы менен, ак-ниеттиги жана адилеттиги менен кадыр-баркка ээ болгон. Аны алысты көрө билген саясатчы катар да бааласак эп келет. Кубат бийдин Фергана, Теңир-Тоо, Чыгыш Түркстан кыргыз урууларын баш коштуруу багытында жүргүзгөн күрдөөлдүү иш аракетине караганда ал кыргыздын борборлошкон бирдиктүү мамлекетин түзүүгө умтулган чыгаан инсан катары тарыхта өз ордун тапты. Тарыхый булактар жана тарыхый окуялар XVIII- кылымдагы Кыргыз тарыхында Кубат бий ханга тете инсан экендигин далилдейт.

 

 

Ырысбай АБДЫРАИМОВ. 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Чаткалда байыркы таш жазууларынын ири топтому табылды Чаткалда байыркы таш жазууларынын ири топтому табылды

  Чаткал районунун аңчылык мекемесинин башчысы Рыскулбек Таласбаев Чаткал тоолорунун арасынан байыркы доорлорго таандык сейрек кездешүүчү таштардагы жазуулардын-петроглифтердин ири топтомун тапты....

17 - Марта  2017 | 8 : 30686
Көтөрүлүшкө базаркоргон болуштугу да катышкан Көтөрүлүшкө базаркоргон болуштугу да катышкан

  Кыргызстандагы 1916-жылдагы Үркүн – кыргыз элинин орус падышалыгынын колониялык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшү. Россия империясы Орто...

28 - Октября  2016 | 11 : 311120
Искендер Зулкарнайн ким болгон? Искендер Зулкарнайн ким болгон?

  Александр Макендонский менен анын жалпылыгы барбы?   Эл арасында Александр Макендонскийди андан далай мезгил мурда жашап өткөн Искендер Зулкарнайн менен алмаштырып, чаташтырып...

7 - Октября  2016 | 16 : 341577
Жалал-Абадды Жалал атабыз эле түптөгөн Жалал-Абадды Жалал атабыз эле түптөгөн

  Азыркы учурда Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү боюнча улам эле көтөрүлүп жаткан демилгелерден кийин мен да өз пикиримди жазып көрүүнү туура көрдүм. Мүмкүн тарых чындыгы такыр эле башкачадыр... Мен бул...

22 - Июля  2016 | 18 : 45839
Тарых чындыгы: “Көк-Артта да эл кырылган экен” Тарых чындыгы: “Көк-Артта да эл кырылган экен”

                                                                                                         Үркүндүн 100...

14 - Июля  2016 | 11 : 541471
Тарыхый жай тактык сурайт Тарыхый жай тактык сурайт

Сузак районундагы Калмак-Кырчын айылынын чыныгы аты – Калмак Кыргын. Совет доорунун шарпасы менен Калмак-Кыргын аты өчүрүлүп, расмий документтерде Калмак-Кырчын деп аталып, жазылып калган. Балким, ушинтип аталышы...

23 - Июня  2016 | 9 : 421004
Кыргыздар падышалык саясатка каршы чыккан Кыргыздар падышалык саясатка каршы чыккан

1916-жылы болгон улуу Үркүнгө эмки жылы жүз жыл толот. Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө максатында быйыл 27-майда президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен курамына тарыхчы окумуштуулар жана башка...

23 - Июня  2016 | 9 : 501430