Милиция кызматкерлери эми үйлүү болушат

20 - Ноября  2017 | 4 : 41141
Милиция кызматкерлери  эми үйлүү болушат

21-ноябрь күнү Жалал-Абад областынын милиция кызматкерлери үчүн 100 батирлүү көп кабаттуу үйдүн ачкычтары тапшырылат. Ачылуу аземине президент А.Атамбаевдин келиши күтүлүүдө.
Ички иштер органдары үчүн атайын көп кабаттуу үйдүн курулушу Жалал-Абад обласынын тарыхында алгачкысы.
Жалал-Абад шаарындагы Р. Азимов көчөсүнө түшүп жаткан көп кабатттуу үйдү куруу жагын жүргүзулгөн тендердин негизинде “Элит Строй Сити” жоопкерчилиги чектелген коому тандалган. Эң башкысы 2008-жылдан бери иш жүргүзүп келе жаткан курулушчу топ, учурда имараттын сапатына өзгөчө көңүл бурулгандыгын белгилейт.
Көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери 2016-жылдын 13-октябрында башталган. Ал үчүн Кыргыз Өкмөтү тарабынан 160 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Ал эми курулушту бүткөрүү мөөнөтү долбоор боюнча 2017-жылдын ноябрь айына белгиленген болчу.
Буга чейин турак-жайы жоктор арбын экендигин жашырууга негиз жок. Турай үйлөргө муктаж кызматкерлердин саны арбын. Учурдагы курулуп жаткан 5 кабаттуу 40 батирлүү жана экинчиси 60 батирлүү, жалпы 100 батирлүү (75-1 бөлмөлүү, 25-эки бөлмөлүү) турак үйлөр бир топ Жалал-Абад милиция кызматкерлеринин муктаждыктарын орундатат.
Үйлөрдү бөлүштүрүү, тандоо жагы Жалал-Абад ОИИБнин алдында турак-жай комиссиясы түзүлүп мыйзамда белгиленген, талаптарга шайкеш келген критерийлердин негизинде 90 кызматкер тандалып алынды.Алардын арасында кызмат учурунда каза болгондордун үй-бүлөсү, ИИМдин ардагерлери да бар. Ал эми калган 10 батир кызматтык үй катары калып, ага алыстан көчүп келип иштеп жатышкан кызматкерлер пайдалана алат.

Элиза Капарова.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Ок атуучу курал алынды Ок атуучу курал алынды

                            Жума ичинде Жалал-Абад областында жарандардан 3 сайлуу ок атуучу куралдар алынды. ОИИБнын аймактардагы бөлүмдөрү эл арасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу...

21 - Сентября  2018 | 11 : 32116
Колдоодон качкан мекемелер кимдер? Колдоодон качкан мекемелер кимдер?

                              Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюнуна аттанаардан бир күн мурда Жалал-Абад областтык Барпы театры жана Т. Тыныбеков...

30 - Августа  2018 | 9 : 39169
Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 52190
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 3307
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 7179
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 14158
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 19198