“Жаштар кечеси 2017” Жалал-Абадда өзгөчө шаң менен белгиленди

20 - Ноября  2017 | 6 : 19307
“Жаштар кечеси 2017”  Жалал-Абадда өзгөчө шаң менен белгиленди

 

 

Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан шаардагы Ак Бата ресторанында студенттердин майрамына карата областтык, шаардык бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда   “Жаштар кечеси 2017” салтанаттуу кечеси өзгөчө шаң менен өттү.

Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мамасалы Акматов өз сөзүндө: Азыркы учурда жаштар көп тармакта өздөрүн көрсөтүп,  өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп жатканы бизге маалым. Келечек жаштардын колунда. Андыктан  дайыма окууда мыкты окуп, Кыргызстандын желегин  билим тармагы боюнча  бүткүл дүйнөгө таанытууңуздарга ишенемин. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен деди- ал.

 

Андан сырткары аталган майрамдык иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев да катышып, Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн жаштар комитетине чоң ыраазычылык билдирип өттү.

Жаштар кечесинин  ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айзат Раматиллаева жаштар күнү менен жалпыны куттуктап, шаарда болуп жаткан ар тараптуу өзгөрүүлөргө токтолуу менен жаштарды мындан ары да шаарды өнүктүрүүдө активдүүлүккө чакырды.

 Шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаевдин  айтымында  “Жаштар кечеси 2017”  аталышында салтанаттуу кечесин буга чейин да мыкты деңгээлде өткөн. Майрамдык кечеге жаштардын  маанайын көтөрүү максатында  жаш ырчысы Мурадил Данияров келип,  өз ырларын тартуулап, шаардагы жаш активдүү студенттерге көңүлдүү маанай тартуулады деп кошумчалады.

 

Элиза Капарова.

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сузакта 20 гектар  жерге логистикалык борбор курулат Сузакта 20 гектар жерге логистикалык борбор курулат

  Сузакта камыш баскан 20 гектардай жерге логистикалык борбор куруу көздөлүүдө. Мындай маалыматты Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бүгүн өмүрүн айыл чарба...

16 - Февраля  2018 | 8 : 1727
Суу маселеси чечилүүсү шарт Суу маселеси чечилүүсү шарт

  Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бүгүн өмүрүн айыл чарба тармагына арнаган кызматкерлер менен жолугушту. Анда талаачылыкта, айыл чарба багытында...

16 - Февраля  2018 | 8 : 4727
Ооганчылар күнү эскерилди Ооганчылар күнү эскерилди

Ооган согушунун ардагерлеринин ошол кездерде жасаган күжүрмөн эрдиги өлкөбүз үчүн чоң кызмат жана Мекенди сүйүүнүн үлгүсү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын вице-мэри Турдаалы Темирбаев Жалал-Абад...

16 - Февраля  2018 | 9 : 730
ЖАМУ: ЖАЛАҢ ЖИГИТТЕР КҮЧ СЫНАШЫШТЫ ЖАМУ: ЖАЛАҢ ЖИГИТТЕР КҮЧ СЫНАШЫШТЫ

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономикалык-юридикалык факультетинде тайпалар арасында волейбол боюнча мелдеш уюштуруп, ал алдыдагы Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналды. Алты команданын ортосундагы...

16 - Февраля  2018 | 10 : 1720
Жалал-Абад: Жыл өнөр жайдын өсүшү менен башталды Жалал-Абад: Жыл өнөр жайдын өсүшү менен башталды

    Жалал-Абад шаары 2018-жылдын биринчи айын өнөр жайдагы өсүү менен баштады. Башкача айтканда, январь айындагы өнөр жай продукциясын өндүрүү жагынан өсүү темпи 108,7 пайызга жетти. Бул тууралуу...

16 - Февраля  2018 | 10 : 1923
ИРЕТСИЗ, МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН КҮРКӨЛӨР АЛЫНАТ ИРЕТСИЗ, МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН КҮРКӨЛӨР АЛЫНАТ

  Жалал-Абад шаарынын мэриясы шаар аймагында иретсиз, мыйзамсыз курулган же орнотулган күркөлөрдү салып салуу аракеттерин башташты. Шаар мэри Салайдин Авазов өзүнүн буйругу менен иретсиз жайгашып, шаар...

16 - Февраля  2018 | 10 : 2624
ЖАМУ: ООГАН СОГУШУНУН  АРДАГЕРЛЕРИНЕ СЫЙ-УРМАТ КӨРСӨТҮЛДҮ ЖАМУ: ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИНЕ СЫЙ-УРМАТ КӨРСӨТҮЛДҮ

  Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Ооганчыларга таазим” аталышындагы иш-чара болуп, анда Ооган согушуна катышып келген окутуучуларга сый-урмат көрсөтулдү.  Ал Ооган...

16 - Февраля  2018 | 10 : 2933