Жалал-Абадда Ыйман, адеп жана маданият жылына карата имамдардын билим деңгээлин, маданияттуулугун жогорулатуу семинар-сабагы уюштурулууда

20 - Ноября  2017 | 8 : 40101
Жалал-Абадда Ыйман, адеп жана маданият жылына карата имамдардын билим деңгээлин, маданияттуулугун жогорулатуу семинар-сабагы уюштурулууда

 

            Жалал-абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун иш мерчемине ылайык Жалал-Абад облусунун аймагындагы имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу иш чарасы уюштурулду.

            Иш чара Ноокен жана Майлуу-Суу шаарынын имамдары үчүн Кочкор-Ата шаарына караштуу “Ибрахим Халилулло” жума мечитинде саат 10:00дө, ал эми Базар-Коргон районунда “Ак-Тайлак ата” борбордук мечитинде саат 14:00дө өткөрүлдү. Ага Ноокен районунан 40 имам, Майлуу-Суу шаарынан 2 имам жана Базар-Коргон районунан 70тен ашык жалпысынан 132 имамдан ашык имам катышты.

            Сабак-семинарда Жалал-Абад облустук казыятынын иш башкармалыгынын башчысы Алибек ажы Батыралиев Даарат жана жамаат намаздын пазилеттери тууралуу кеңири маалымат берип, жогоруда аталаган тематиканын алкагында алдын ала даярдалган маалымат баракчаларды таркатты.

            Соңунда имамдар өздөрүнүн суроолорун беришти.  Алибек ажы Батыралиев маатуридий акыйдасынын жана ханафий мазхабынын негизинде канаттандыраарлык жооп берди. Суроо-жооптун жүрүшүндө Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын имамдары тематиканын алкагында гана т.а. даарат, жамаат намаз тууралуу суроолорун берсе, Базар-Коргон районунун имамдары талак, намаз, даарат, нике тууралуу суроолорун беришкен.

            Ал эми Ноокен районунан катышпай калган 20 чакты имамга райхатиб Ашим Ажы Абидинов эскертүү берсе, Майлуу-Суу шаарынан бир имам себептүү келбей калган. Базар-Коргон районунан келбей калган 25тен ашык имам үчүн аймактык баш имамдар эскертүү алышты.

            Эске салсак, Ыйман, адеп жана маданият жылына карата имамдардын билим деңгээлин, маданияттуулугун жогорулатуу максатында уюштурулган семинар-сабактын ырааттамасы облус казысы тарабынан бекитилген. Кийинки сабак Жалал-Абад шаарына караштуу имамдар үчүн Достук кичишаарчасындагы “Достук” жума мечитинде үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында өтмөкчү.

Жалал-Абад казыяты – мааалымат катчы А.Хаджибеков

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сузак райондук администрациясынын жыйындар залында дин... Сузак райондук администрациясынын жыйындар залында дин...

    Коргоо кеңешинин 2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциянын багыттарын ишке ашыруу жана ыйман, адеп жана маданият жылында иш чараларды жандандыруу максатында Жалал-Абад облусунун Сузак...

23 - Ноября  2017 | 6 : 3166
Жалал-Абадда экстремизмге каршы бир айлык жүрүп жатат Жалал-Абадда экстремизмге каршы бир айлык жүрүп жатат

Жалал-Абад шаарында шаар бийликтери тарабынан “Ыйман – биримдиктин жана тынчтыктын өзөгү!” аталышындагы экстремисттик идеяларга, көз караштар менен аракеттерге каршы бир айлык жүрүп жатат. Ал 6-ноябрда...

20 - Ноября  2017 | 8 : 3478
Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Жалал-Абад казыяты... Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Жалал-Абад казыяты...

     Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түштүк аймактык ажы-умра боюнча өкүлү, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев ажылык иштерин уюштурууда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп,...

19 - Сентября  2017 | 12 : 26298
Майлуу-Суу шаарында Баткен окуясында каза болгондор эскерилди Майлуу-Суу шаарында Баткен окуясында каза болгондор эскерилди

       Майлуу-Суу шаарында Баткен согушунда курман болгон жоокерлердин жаркын элестерине багышталып Куран окулуп,  эстелик алдына гүлчамбар коюлуп, курман болгон мекендештерибиздин  жакындарына көңүл...

19 - Сентября  2017 | 12 : 30273
Жалал-Абад казыяты аймактагы массалык маалымат каражаттары менен... Жалал-Абад казыяты аймактагы массалык маалымат каражаттары менен...

  Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыяты маалыматтуулукту кеңейтүү максатында облус казысы Закиров Абдулазиз карынын тапшырмасы менен  Жалал-Абад казыятынын маалымат кызматы облус аймагындагы...

7 - Сентября  2017 | 3 : 32359
Майлуу-Суу шаарындагы 40 жакыр үй-бүлөгө жардамдар берилип, бөбөктөргө... Майлуу-Суу шаарындагы 40 жакыр үй-бүлөгө жардамдар берилип, бөбөктөргө...

    Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбековдун демилгеси менен турмуш-шарты оор 40 үй-бүлөгө кайрымдуулук акциясы уюштурулуп, бөбөктөр кийим-кечелүү болушту.  Акциянын...

6 - Сентября  2017 | 4 : 17278
Жалал-Абаддагы диний окуу жайлардын жетекчилери жаңы окуу... Жалал-Абаддагы диний окуу жайлардын жетекчилери жаңы окуу...

   Жалал-Абад облустук казыятынын жыйындар залында облус аймагына караштуу бардык диний окуу жайлардын жетекчилери менен жыйын болуп, ага облус казысы Абдулазиз кары Закиров, казыят кызматкерлери,...

6 - Сентября  2017 | 4 : 40311