Өлкө башчысы А. Атамбаев 100 батирлүү көп кабаттуу үйдүн ачкычын тапшырды

21 - Ноября  2017 | 10 : 38320
Өлкө башчысы А. Атамбаев 100 батирлүү көп кабаттуу үйдүн ачкычын тапшырды

 

 

Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы Р. Азимов көчөсүндө  милиция кызматкерлери үчүн 100 батирлүү  үйдүн ачкычы тапшырылды. Үйдүн ачылуу аземине Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев  катышты. Анда  мамлекет башчысы  тартип сакчыларын жаңы конушту болушу менен куттуктап, укук коргоо органдарына ар дайым колдоо болуп келгендигин баса белгиледи.

Маалым болгондой, көп кабаттуу үйдүн курулуш иши 2016-жылдын октябрь айында башталган.  Бул курулуш үчүн  кыргыз өкмөт тарабынан 160 миллион сом каражат бөлүнүп берилген. Ал эми курулушту бүткөрүү мөөнөтү долбоор боюнча ноябрь айында белгиленген болчу.  Милиция кызматкерлерине арналган үйдү «Элит Строй Сити» жоопкерчилиги чектелген кому курган.

Үйлөрдү бөлүштүрүү, тандоо жагы Жалал-Абад ОИИБдин алдында турак-жай комиссиясы түзүлүп мыйзамда белгиленген талаптарга шайкеш келген критерийлердин негизинде 90 кызматкер тандалып алынган. Алардын арасында кызмат учурунда каза болгон тартип сакчылардын үй-бүлөлөргө, ИИМдин ардагерлери бар. Ал эми калган 10 батир кызматтык үй катары калды,  ага алыстан качъп келип иштеп жатышкан кызматкерлер пайдалана алышат.

 

Мындагы үйгө «Газпром Кыргызстан» ишканасы тарабынан газ киргизилген.  Бирок суу, жылуулук киргизиле элек.

 Өлкө башчысы 10дон ашуун кызматкерге ъйдън ачкычын тапшырып, кызматкерлерди жаңы конушу менен куттактап, ъйдън абалы менен таанышты.  Көп батирлъъ ъйдън абалын көрүп чыккан өлкө башчысы  жылуулук берүүнү табыштады.

- Кечээтен тартып жылуулук берилип башташы керек болчу. Бүгүн жылуу үй тапшырылмак. Бул жерде турган мотурайган балдар үшүп калбасын, жылуулукту эртелекиле-деди А. Атамбаев өз сөзүндө.  Ажонун «Жылуулук боюнча ким жоопкерчилик алат?» деп Жалал-Абад шаар мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазовго кайрылды. С. Авазов «Түштөн  кийин жылуулук берилет» деген жообун берди. Өлкө башчы үйдүн жылуулугун да көзөмөлгө алаарын белгиледи.

 

Жүмагүл Шайыкова.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сузакта 20 гектар  жерге логистикалык борбор курулат Сузакта 20 гектар жерге логистикалык борбор курулат

  Сузакта камыш баскан 20 гектардай жерге логистикалык борбор куруу көздөлүүдө. Мындай маалыматты Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бүгүн өмүрүн айыл чарба...

16 - Февраля  2018 | 8 : 1727
Суу маселеси чечилүүсү шарт Суу маселеси чечилүүсү шарт

  Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бүгүн өмүрүн айыл чарба тармагына арнаган кызматкерлер менен жолугушту. Анда талаачылыкта, айыл чарба багытында...

16 - Февраля  2018 | 8 : 4727
Ооганчылар күнү эскерилди Ооганчылар күнү эскерилди

Ооган согушунун ардагерлеринин ошол кездерде жасаган күжүрмөн эрдиги өлкөбүз үчүн чоң кызмат жана Мекенди сүйүүнүн үлгүсү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын вице-мэри Турдаалы Темирбаев Жалал-Абад...

16 - Февраля  2018 | 9 : 730
ЖАМУ: ЖАЛАҢ ЖИГИТТЕР КҮЧ СЫНАШЫШТЫ ЖАМУ: ЖАЛАҢ ЖИГИТТЕР КҮЧ СЫНАШЫШТЫ

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономикалык-юридикалык факультетинде тайпалар арасында волейбол боюнча мелдеш уюштуруп, ал алдыдагы Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналды. Алты команданын ортосундагы...

16 - Февраля  2018 | 10 : 1720
Жалал-Абад: Жыл өнөр жайдын өсүшү менен башталды Жалал-Абад: Жыл өнөр жайдын өсүшү менен башталды

    Жалал-Абад шаары 2018-жылдын биринчи айын өнөр жайдагы өсүү менен баштады. Башкача айтканда, январь айындагы өнөр жай продукциясын өндүрүү жагынан өсүү темпи 108,7 пайызга жетти. Бул тууралуу...

16 - Февраля  2018 | 10 : 1923
ИРЕТСИЗ, МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН КҮРКӨЛӨР АЛЫНАТ ИРЕТСИЗ, МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН КҮРКӨЛӨР АЛЫНАТ

  Жалал-Абад шаарынын мэриясы шаар аймагында иретсиз, мыйзамсыз курулган же орнотулган күркөлөрдү салып салуу аракеттерин башташты. Шаар мэри Салайдин Авазов өзүнүн буйругу менен иретсиз жайгашып, шаар...

16 - Февраля  2018 | 10 : 2624
ЖАМУ: ООГАН СОГУШУНУН  АРДАГЕРЛЕРИНЕ СЫЙ-УРМАТ КӨРСӨТҮЛДҮ ЖАМУ: ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИНЕ СЫЙ-УРМАТ КӨРСӨТҮЛДҮ

  Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Ооганчыларга таазим” аталышындагы иш-чара болуп, анда Ооган согушуна катышып келген окутуучуларга сый-урмат көрсөтулдү.  Ал Ооган...

16 - Февраля  2018 | 10 : 2933