Сузак райондук администрациясынын жыйындар залында дин кызматкерлеринин кезектеги көчмө жыйын өттү

23 - Ноября  2017 | 6 : 3141
Сузак райондук администрациясынын жыйындар залында дин кызматкерлеринин кезектеги көчмө жыйын өттү

 

 

Коргоо кеңешинин 2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциянын багыттарын ишке ашыруу жана ыйман, адеп жана маданият жылында иш чараларды жандандыруу максатында Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамадминистрациясынын жыйындар залында администрация кызматкерлеринин, айыл өкмөттүн башчыларынын, КР ДИМКнын Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн, аксакалдар кеңешинин, аялдар жана жаштар комитетинин, РИИБ, МУКК жана райондук прокуратуранын кызматкерлеринин, мекеме ишканалардын жетекчилеринин, саламаттыкты сактоо тармагынын жана РБББнын өкүлдөрүнүн, мектептин директорлорунун, Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын, казыят кызматкерлеринин, район-шаардын баш имам хатибдеринин, Сузак районуна караштуу имамдардын, Жалал-Абад шаарына жана Сузак районуна караштуу Ислам окуу борборлорунун жетекчилеринин жана мугалимдеринин, ММКнын т.а. “Аймак”, “Акыйкат” гезитинин редакциясынын өкүлдөрү жана ЖАМТРКнын о.э. КТРК 24 Ала-Тоо программасынын кабарчылары болуп жалпысынан  200дөн ашык адамдардын катышуусунда көчмө жыйын өткөрүлүп, күн тартибинде Жалал-Абад облустук мусулмандар казыяты тарабынан даярдалган ыйман, адеп жана маданият жылына карата слайд, Сузак райондук хатибиятында аткарылган иш чаралары боюнча слайд-шоу маалымат берилип, “Ынтымак-мүрөк суусундай, чыр-чатак жылаан уусундай”,- диаспоралар аралык ынтымак-ырашкерликти бекемдөө, улуттар аралык тынчтыкты сактоо максатында даярдалган видео-ролик көрсөтүлүп, дин кызматкерлерин, имамдарды сыйлоо аземи өттү.

Жыйында Сузак районунун акими Эрмекбай Алянович кириш сөз сүйлөп, келген конокторду тааныштырып, андан соң жыйындын жүрүшүн  казыяттын жооптуу катчысы Абдиназар Хаджибеков алып барды.

Жыйындын жүрүшүндө сөз Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаиловго берилип, райхатибиятта аткарылган иштер боюнча маалыматтарга токтолуп, көчмө жыйынды уюштурулушун демилге кылган облус казысына жана акимге ыраазычылык билдирди. Ал эми Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закиров ыйман, адеп жана маданият жылында тазалык, кебете-кешпирди оңдоо, маданияттуулукту, тазалыкты сактоо, имамдардын квалификациясын жогорулатуу, Коргоо кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу жана мекенибиздин тынчтыгын сактоо тууралуу маселелерге токтолду.

Аким Эрмекбай Алянович казыяттын жана шаархатибияттын жүргүзгөн иш-чараларын абдан жакшы деңгээлде алынып барылып жаткандыгына токтолуп, ийгиликтерди каалап, ыраазычылыктарды билдирип, мектептерде бирдиктүү форманын абалы, мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү о.э. динге байланышкан бир топ маселелерге токтолду.

Жыйындын жүрүшүндө көп жылдык үзүрлүү эмгектенип Ислам дининин өнүгүшүнө жигердүү салым кошкон 2 имам хатиб Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын Ыраазычылык баракчасы менен сыйланса, райондун имамдары арасында диний иш чараларды жана коомдук иштерди ишке ашырууда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн 4 имам хатиб Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын ардак грамотасы менен сыйланды. Ал эми тапшырмаларды өз убагында аткарып, өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн 4 имам райхатибияттын ардак грамотасы менен сыйланды.  

 Ал эми көчмө жыйындын алкагында жыйындын 2-бөлүгү уюштурулуп, ага район-шаардын баш имам хатибдери, казыят кызматкерлери, Сузак районунун жалпы имамдары катышып, имамдардын ички-тартип эрежелери, мечиттердин абалы, кышка карата даярдык, бухгалтериялык эсеп-кысап жүргүзүү, бирдиктүү жума хутбасы, азанды КМДБ тарабынан бекитилип берилген убакыт боюнча айтуу, жаш кадрларды жетиштирүү, отчет тапшыруунун ыкмалары, инвентаризациянын жүргүзүлүшү, аттестация боюнча маселелер талкууга алынып, казыяттын бардык адистери тиешелүү суроолорго жооп берди.

Эске салсак, быйылкы жылдын эсебинен облус казысы тарабынан бекитилген ырааттамага ылайык көчмө жыйын Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу  жана Кара-Көл  шаарларында , ошондой эле, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Тогуз-Торо, Токтогул, Ноокен райондорунда уюштурулган болчу.

Жалал-Абад казыяты – маалымат катчы А.Хаджибеков    

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда экстремизмге каршы бир айлык жүрүп жатат Жалал-Абадда экстремизмге каршы бир айлык жүрүп жатат

Жалал-Абад шаарында шаар бийликтери тарабынан “Ыйман – биримдиктин жана тынчтыктын өзөгү!” аталышындагы экстремисттик идеяларга, көз караштар менен аракеттерге каршы бир айлык жүрүп жатат. Ал 6-ноябрда...

20 - Ноября  2017 | 8 : 3444
Жалал-Абадда Ыйман, адеп жана маданият жылына карата имамдардын билим... Жалал-Абадда Ыйман, адеп жана маданият жылына карата имамдардын билим...

              Жалал-абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун иш мерчемине ылайык Жалал-Абад облусунун аймагындагы имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу иш...

20 - Ноября  2017 | 8 : 4064
Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Жалал-Абад казыяты... Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Жалал-Абад казыяты...

     Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түштүк аймактык ажы-умра боюнча өкүлү, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев ажылык иштерин уюштурууда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп,...

19 - Сентября  2017 | 12 : 26243
Майлуу-Суу шаарында Баткен окуясында каза болгондор эскерилди Майлуу-Суу шаарында Баткен окуясында каза болгондор эскерилди

       Майлуу-Суу шаарында Баткен согушунда курман болгон жоокерлердин жаркын элестерине багышталып Куран окулуп,  эстелик алдына гүлчамбар коюлуп, курман болгон мекендештерибиздин  жакындарына көңүл...

19 - Сентября  2017 | 12 : 30223
Жалал-Абад казыяты аймактагы массалык маалымат каражаттары менен... Жалал-Абад казыяты аймактагы массалык маалымат каражаттары менен...

  Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыяты маалыматтуулукту кеңейтүү максатында облус казысы Закиров Абдулазиз карынын тапшырмасы менен  Жалал-Абад казыятынын маалымат кызматы облус аймагындагы...

7 - Сентября  2017 | 3 : 32318
Майлуу-Суу шаарындагы 40 жакыр үй-бүлөгө жардамдар берилип, бөбөктөргө... Майлуу-Суу шаарындагы 40 жакыр үй-бүлөгө жардамдар берилип, бөбөктөргө...

    Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбековдун демилгеси менен турмуш-шарты оор 40 үй-бүлөгө кайрымдуулук акциясы уюштурулуп, бөбөктөр кийим-кечелүү болушту.  Акциянын...

6 - Сентября  2017 | 4 : 17248
Жалал-Абаддагы диний окуу жайлардын жетекчилери жаңы окуу... Жалал-Абаддагы диний окуу жайлардын жетекчилери жаңы окуу...

   Жалал-Абад облустук казыятынын жыйындар залында облус аймагына караштуу бардык диний окуу жайлардын жетекчилери менен жыйын болуп, ага облус казысы Абдулазиз кары Закиров, казыят кызматкерлери,...

6 - Сентября  2017 | 4 : 40280