Балдардын өлүмү былтыркыга салыштырмалуу аз.

24 - Ноября  2017 | 8 : 4057
Балдардын өлүмү былтыркыга салыштырмалуу аз.

 

 Жалал-Абад областында быйыл он ай ичинде он аял төрөт учурунда каза болду. Былтыр ушул ай аралыгында төрөттөн алты аял жерге берилген. Балдардын өлүмү былтыркыга салыштырмалуу аз. Бул жөнүндө SPRING долбоору “Дүйнөлүк деңгээлде тамак-аш тармагында өнөктөштүктү, натыйжалуулукту жана инновацияны чыңдоо” деген темада бардык райондордогу Ден соолук кабинеттеринин кызматкерлерине окуу өткөргөн учурда айтылды.

2014-жылы башталган бул долбоор 2018-жылга чейин област аймагында, Нарын, Бишкекте иш жүргүзмөкчү.  Анткени  изилдөөлөрдө ушул аймактарда балдардын аз кандуулугу, боюнун кыскалыгы көбүрөөк кездешкен. Тактап айтканда, 2012-жылга чейин Кыргызстанда беш жашка чейинки балдардын 18 пайызынын боюнун өспөй калганы аныкталган. Ошондой эле алардын дээрлик жарымында жана аялдардын үчтөн биринде аз кандуулук бар экени тастыкталган. Долбоор 2015- жылдан бери 6 миң медкызматкерди окутту. Эки жарым миңден ашык жарандарга туура тамактануу жана гигиена жөнүндө маалымат берди. Алар ар үч ай сайын 30 миң түтүнгө, өзгөчө кош бойлуу, бала эмизген аялдарга жана эки жашка чейинки балдары бар үй бүлөлөргө маалымат жеткиришет.

                                       Гүлнур КЕЛДИБАЕВА, “Акыйкат”.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад гарнизонунун аскер  прокуратурасы маалымдайт Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы маалымдайт

  2017-жылдын 9-айында аткарган Жалал-Абад гарнизонунун аскер  прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин талабына ылайык, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө...

12 - Декабря  2017 | 10 : 281
Аярлуу жарандар жетекчилер  менен баарлашты Аярлуу жарандар жетекчилер менен баарлашты

  Жалал-Абад шаарында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, тийиштүү адистери менен жандуу баарлашышты. Бул пайдалуу иш-чара Жалал-Абад шаарынын мэриясы...

12 - Декабря  2017 | 10 : 321
Конфуций институту жаңы имараттуу болду Конфуций институту жаңы имараттуу болду

  Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Конфуций институнунун жаңы имараты ачылды. Ачылуу аземге окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов, Өкмөттүн областтагы...

8 - Декабря  2017 | 10 : 1954
Базар-Коргон айылы таза суу  азабынан арылышты Базар-Коргон айылы таза суу азабынан арылышты

   Буга чейин сууну вадабоздон сатып алып, атайын жасалган суу кудуктарына куюп  ичип келишкен Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон айылынын тургундары  үчүн эми андай кыйынчылыктар артта...

8 - Декабря  2017 | 10 : 293
МУЗАФАР ИСАКОВ КАЧАН КАМАЛАТ? МУЗАФАР ИСАКОВ КАЧАН КАМАЛАТ?

  Кылмыш кырк жылда болсо да билинет деген макал бекеринен айтылбаган да.  2010-жылы Жалал- Абад областынын Сузак  районуна караштуу, Таш-Булак айыл өкмөтүнө башчылык кызматка келип, өкөнүн мыйзамдарына...

8 - Декабря  2017 | 10 : 367
Укуктары бузулган кыздардын жолу Укуктары бузулган кыздардын жолу

     Бир катар Эл аралык уюмдардын демилгеси менен Бишкек шаарынан старт алган “Укуктары бузулган кыздардын жолу” аталышындагы акция  Жалал-Абад шаарындагы “Ариет” Аялдарды колдоо борбору...

8 - Декабря  2017 | 10 : 387
“Ойно, аккордеон”- мыкты долбоор “Ойно, аккордеон”- мыкты долбоор

           Кыргыз Республикасынын телекызматкерлеринин кесиптик майрамына ирегелеш Жалала-Абад областтык мамлекеттик телерадиокомпаниясынын чыгармачыл жамааты жакшы жышаананы...

8 - Декабря  2017 | 10 : 415