Доор талабындагы долбоор

24 - Ноября  2017 | 8 : 50431
Доор талабындагы долбоор

 

 

Дүйнөлөшүү доорунда күнбап маселелерди чечүүнүн жолдору да өзгөчө өңүттөн карала баштады. Бизге тааныш, демейки эле көрүнүштөй туюлган маселелердин бири бул – бизди курчап турган табият. Кийинки жылдары тегерегибизде болуп жаткан окуялардын таасиринен улам “адам жана табият” мамилесине көңүл буруп, “Музей – Жалал-Абад облусунун биомаданий көп түрдүүлүгүн сактоо жана окуп-үйрөнүүчү каана” аталышындагы, мөөнөтү алты айга созулган(октябрь, 2017 - апрель, 2018) долбоорду жүргүзүүнү колго алдык. Аталган долбоор төрт бөлүктөн турат.

Анын биринчисинде Арсланбап жергесиндеги алты орто мектептин базасында жаңгак-мөмөлүү токойду сактоо жана окуп-үйрөнүү үчүн музейдик класстарды түзүүгө көмөк көрсөтүү каралган. Бул үчүн Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын аймагындагы  №21- Садык Ташиев, Көк-Алма токойчулугундагы №27- Чойбеков, Ачы токой чарбасындагы Кызыл-Суу айылынын №50- А. Кадыров, Каба орто мектеби, Жай-Терек жана №19-Арстанбап мектептеринде аймактык биомаданий ар түрдүүлүк боюнча тажрыйбалуу адистердин лекцияларын өткөрүү уюштурулат. Мындай лекциялар Жалал-Абад аймак таануу музейинде жана долбоордун өнөгү болгон Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университетте да окулат. Долбоордун бул бөлүгү токой аймагындагы жергиликтүү жашоочуларды биологиялык ар түрдүүлүктөрдү түшүнүп, чөйрөгө өзгөчө мамиле жасашына түрткү берет деген ийги тилекте жүрөт. Аталган мектептин окуучулары, мугалимдери, студенттер жана дегеле табияттын сырдуу дүйнөсүнө кызыккан тараптар айына бир жолу “Кыргыз Республикасында токойду пайдалануунун укуктук тартиби”, “Кыргызстандагы жана Дүйнөдөгү жаңгак токойлордун экологиялык системасы: салыштырма тажрыйба жана талдоо”, “Жалал-Абад областынын маданий мурасы: Жалал-Абад аймак таануу музейинин коллекциясынын мисалында” сыяктуу темаларда мыкты адистердин лекцияларын угуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.

Экинчи бөлүктө – жамааттык видое боюнча семинар өткөрүү. Мында студенттерди тандоо алардын өлкөдөгү жана аймактагы биомаданий ар түрдүүлүккө арналып жазылган эсселеринин негизинде жүргүзүлөт. Семинарды өткөрүүгө фонддун өнөктөштөр, (ЦМИ-?),  жана “Таалим Форум” Коомдук бирикмесинин кызматкерлери тартылат.

Үчүнчү бөлүктө – Жалал-Абад областтык аймак таануу музейинде дубал көрсөтмөлөрдү, тематиканы жана көрсөтмөнүн концепциясына жараша “Жалал-Абаддын жаңгак акылмандыгы” аттуу көргөзмө уюшулат. 

Төртүнчү бөлүктө – “Жалал-Абаддын жаңгак акылмандыгы” аттуу фото альбом түзүлөт.

Долбоордун өнөктөрү катары:

Жалал-Абад шаарындагы аймак таануу музейи. Музей 1972-жылы уюшулуп, курортко чыгуучу жолдун оң жагынан 199, кв м жерден орун алган. Жылына он миң адам келип кетет. Учурда музей аймактын өтмүшүн чагылдырган үч миңден ашуун экспонатка ээ. Музейдин директору – Венера Мусина.

Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университет. Бул окуу жай шаардын “Спутник” шаарчасында жайгашып, окутуунун күнбап технологиялары менен камсыздалып, студенттер жана окуучулар үчүн биомаданий билим алуу үчүн ордого айланган.

 

 Дареги: Жеңижок-30.  Долбоор боюнча жооптуу – профессор Жеңишбек Дүйшеев

“Лесик-Юг” Коомдук экологиялык бирикмеси – табиятты пайдалануу жана токой чарбасы багытындагы кеңеш берүүчү сервис.

Жаңгак токой айланасындагы мектептердин окуучулары ыктыярдуу топту түзүшөт.

Долбоордун түпкү максаты – жаңгак токойлорун коргоо ишине коомчулукту тартуу. Жергиликтүү элдин арасындагы окуучулар, студенттер жана пенсионерлердин жигердүү топторунан түзүлгөн ыктыярдуулардын аракети менен токойдогу табигый байлыкты сактоо жана көбөйтүү болуп эсептелет. Бул иште музейлердин салымы жана ролу эбегейсиз чоң экендиги тастыкталмакчы.

 

Чолпон Турдалиева – “Музей демилгелеринин борбору” өкмөттүк эмес уюму.

Жеңишбек Дүйшеев – “Социализант” өкмөттүк эмес уюму.

“Кристенсен” фонду(АКШ).

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Ок атуучу курал алынды Ок атуучу курал алынды

                            Жума ичинде Жалал-Абад областында жарандардан 3 сайлуу ок атуучу куралдар алынды. ОИИБнын аймактардагы бөлүмдөрү эл арасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу...

21 - Сентября  2018 | 11 : 32116
Колдоодон качкан мекемелер кимдер? Колдоодон качкан мекемелер кимдер?

                              Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюнуна аттанаардан бир күн мурда Жалал-Абад областтык Барпы театры жана Т. Тыныбеков...

30 - Августа  2018 | 9 : 39169
Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 52190
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 3306
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 7179
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 14157
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 19197