С. АВАЗОВ ЭКИНЧИ ЖОЛУ МЭР БОЛДУ

24 - Ноября  2017 | 8 : 53263
С. АВАЗОВ ЭКИНЧИ ЖОЛУ МЭР БОЛДУ

 

 

    Жалал-Абад шаардык кеңештин сегизинчи  чакырылыштагы депутаттар экинчи жолу өткөн кезексиз сессиясында шаар мэрин шайлап алышты. Калаа башчысын тандоого жалпы 31 депутат тең катышып, 30 депутаттын добушу менен Салайдин Авазов экинчи жолу шаар мэри болуп шайланды.  Мэр шайлоодон алдын мэрликке талапкер Салайдин Авазов «Үлгүлүү шаар» аталашта өзүнүн 7 багытта турган программасын айтып берди. Айтымында шаар ичиндеги 50дөн ашуун таш жолго тротуар,  заманбап коомдук ажатканалар салынат,  шаар көчөлөрү кеңейтилет. Айтор 4 жыл аралыгында Жалал-Абад шаары үлгүлүү шаарга айланат. Ал эми «Өнүгүү» фракциясынан көрсөтүлгөн талапкер Майрамбек Адылбеков «Жалал-Абад өнүккөн шаар» аталышта өз платформасын түзгөнүн, көп кабаттуу үйлөргө жылуулук киргизүү, чатырларын жергиликтүү тургундар менен биргеликте алмаштыруу кадамдары да жанданышы керектигин айтып, бирок талапкерликтен баш тартаарын жар салды. Ал: Биз өз ара сүйлөштүк, бул жолу Салайдин Авазовдун талапкерлигин колдойбуз. Мен жашмын келечек алдыда, шаар үчүн көп кызмат кылам деген оюум бар,- деди.

Анын бул кадамын «Ийгилик» коалициясына киргендер кубатташып, ыраазычылык да билдирип жиберишти. Ошентип сессия жүрүшүндө жалгыз С. Авазовдун талапкерлиги көрсөтүлүп, 30 депутаттын колдоосуна татыды. 

С. Авазов 2014-жылдан бери шаар мэри болуп иштеп келет.

Жүмагүл Шайыкова.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Аймакка ичүүчү таза суу берилди Аймакка ичүүчү таза суу берилди

    Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына...

11 - Мая  2018 | 10 : 4933
IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат

  Программалык жабдуулар жана Кызматтар Өндүрүүчүлөрүнүн Кыргыз Ассоциациясы жана IT Академиясы өзгөчө муктаждыктары бар жарандарга IT тармагында кыска мөөнөттүк окутуу боюнча жаңы долбоордун ишке...

11 - Мая  2018 | 10 : 5814
Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө

  Жалал-Абад областында ар кайсы тармактарды өнүктүрүү багытында тартылып жаткан инвестицияинын көлөмү улам артып баратат. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде област боюнча 2 миллиард 399 миллион сомдук...

11 - Мая  2018 | 11 : 2316
Кыргыз сомуна 25 жыл Кыргыз сомуна 25 жыл

  1993-жылы 10-майда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп өзүнүн жеке улуттук валютасын сомду жүгүртүүгө киргизген. Бул күнү баалар, эмгек акылар, стипендиялар пенсиялар, ишкана-мекемелердин...

10 - Мая  2018 | 8 : 326
Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы...

8 - Мая  2018 | 4 : 5415
Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык... Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык...

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалынын...

8 - Мая  2018 | 5 : 030
Россияга жетээриңиз менен катталыңыз! Россияга жетээриңиз менен катталыңыз!

    Россия Федерациясында быйылкы жылдын 14 – июнунан 15-июлуна чейин футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп өтөт. Ага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Россияга бара жаткан тургундары миграциялык...

8 - Мая  2018 | 5 : 1113