Жалал-Абадда “Соолубасын үмүттөр – 2017” кароо-сынагы өтөт

27 - Ноября  2017 | 8 : 4243
Жалал-Абадда “Соолубасын үмүттөр – 2017” кароо-сынагы өтөт

       

                                            

          “Ыйман, адеп жана маданият” жылына жана 3-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк майыптарды коргоо күнүнө карата Жалал-Абад облусунда “Соолубасын үмүттөр – 2017” кароо-сынагы өткөрүлөт. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Кароо-сынактын башкы максаты кыргыз элин биримдик менен ынтымакка чакыруу жана аярлуу катмарлардын жашоо деңгээлин көтөрүү менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын таланттарын элге кеңири тартуулоо болуп саналат. Сузак районундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын “Асыл-Ай” коомунун жетекчиси Жумакан Жаркулова кароо-сынакты уюштуруп өткөрүүнүн демилгечиси катары чыкты.

        Кароо-сынакка 5 жаштан 60 жашка чейинки 200гө жакын чыгармачыл өнөрлүү ДМЧАлардын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Областтын район-шаарларында кароо-сынак 3 аймактык этап менен өткөрүлүп, жеңүүчүлөр 1-декабрда облустук Барпы театрында өтүүчү жыйынтыктоочу концертке жолдомо алышат. Аймактык жана облустук турда 1,2,3 орундарды ээлеген командалар менен жеке аткаруучуларга баалуу сыйлыктар тапшырылат. Ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев өзүнүн резервдик фондунан кароо-сынакты өткөрүүгө 80 миң сом каражат бөлүп берди.

      3-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк майыптарды коргоо күнүнө карата ыйгарым укуктуу өкүл өзүнүн резервдик фондунан Жалал-Абад шаарындагы балдардын психонервологиялык диспансерине 10 мин сом жана Жалал-Абад шаарындагы көзү азиздер менен дүлөйлөр коомуна 10 миң сом каражат бөлүп берди.

 

       Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад гарнизонунун аскер  прокуратурасы маалымдайт Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы маалымдайт

  2017-жылдын 9-айында аткарган Жалал-Абад гарнизонунун аскер  прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин талабына ылайык, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө...

12 - Декабря  2017 | 10 : 281
Аярлуу жарандар жетекчилер  менен баарлашты Аярлуу жарандар жетекчилер менен баарлашты

  Жалал-Абад шаарында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, тийиштүү адистери менен жандуу баарлашышты. Бул пайдалуу иш-чара Жалал-Абад шаарынын мэриясы...

12 - Декабря  2017 | 10 : 321
Конфуций институту жаңы имараттуу болду Конфуций институту жаңы имараттуу болду

  Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Конфуций институнунун жаңы имараты ачылды. Ачылуу аземге окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов, Өкмөттүн областтагы...

8 - Декабря  2017 | 10 : 1954
Базар-Коргон айылы таза суу  азабынан арылышты Базар-Коргон айылы таза суу азабынан арылышты

   Буга чейин сууну вадабоздон сатып алып, атайын жасалган суу кудуктарына куюп  ичип келишкен Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон айылынын тургундары  үчүн эми андай кыйынчылыктар артта...

8 - Декабря  2017 | 10 : 293
МУЗАФАР ИСАКОВ КАЧАН КАМАЛАТ? МУЗАФАР ИСАКОВ КАЧАН КАМАЛАТ?

  Кылмыш кырк жылда болсо да билинет деген макал бекеринен айтылбаган да.  2010-жылы Жалал- Абад областынын Сузак  районуна караштуу, Таш-Булак айыл өкмөтүнө башчылык кызматка келип, өкөнүн мыйзамдарына...

8 - Декабря  2017 | 10 : 367
Укуктары бузулган кыздардын жолу Укуктары бузулган кыздардын жолу

     Бир катар Эл аралык уюмдардын демилгеси менен Бишкек шаарынан старт алган “Укуктары бузулган кыздардын жолу” аталышындагы акция  Жалал-Абад шаарындагы “Ариет” Аялдарды колдоо борбору...

8 - Декабря  2017 | 10 : 387
“Ойно, аккордеон”- мыкты долбоор “Ойно, аккордеон”- мыкты долбоор

           Кыргыз Республикасынын телекызматкерлеринин кесиптик майрамына ирегелеш Жалала-Абад областтык мамлекеттик телерадиокомпаниясынын чыгармачыл жамааты жакшы жышаананы...

8 - Декабря  2017 | 10 : 415