Сузактык кыздар биринчи

7 - Июня  2016 | 18 : 152497
Сузактык кыздар биринчи

   “Дени сак улут-өнүгүп жаткан өлкө ” аталышындагы  Чолпон-Ата шаарында өткөн  айыл өкмөттөр арасындагы республикалык мелдеште волейбол оюну боюнча кыздар арасында Сузак районуна караштуу Сузак айыл өкмөтүнүн кыздар командасы биринчи орунду камсыз кылышты. Алар финалдык беттеште Ош областынан келген кыздар командасын 3:0 эсебинде утуп, жеңишке жетишишкен.

  Жеңүүчү команданы бул турнирге Сузак айыл кеңешинин депутаты, Сузак райондук балдардын спорттук мектебинин  директору , “Эл агартуусунун мыктысы” Сайпидин Патинов даярдаган. Белгилеп кетүүчү жагдай республикалык маанидеги  бул мелдеш  сегиз ирет өткөн болсо, анын алтысында аталган райондун айжаркын спортчу айымдары башкы орунга жетишкен. Бүгүн байге ээлерин Жалал-Абад шаарынын коомчулугу, машыктыруучулар жана спорт жаатында эмгектенген адистер  шаардын символу катары таанылган “Курманбек баатыр”атындагы  Арканын алдында жылуу маанайда тосуп алышты ошондой эле  мыкты оюнчуларга  баалуу белектерин тапшырышты. Баса, спортчу кыздарды бул турнирге демөөрчү катары областтык ички иштер башкармалыгы  колдоо көрсөткөн.

   Ушул эле турнирде бир чакырым аралыкка жүгүрүү боюнча  Сузак районунун Благовешенко айылынан чыккан жөө күлүк , Жалал-Абад шаарындагы Билим берүү, укук академиясынын 3-курсунун студенти Феликс Масиралиев бардык атаандаштарын артка таштап, маарага биринчи келип, башкы сыйлыкка ээ болду.

 

Бактыкан Ажымаматова

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Улан Абдиманап уулу: Дүйнөлүк мелдешке жеңишке жетишүү мен үчун сыймык Улан Абдиманап уулу: Дүйнөлүк мелдешке жеңишке жетишүү мен үчун сыймык

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борборунда Сочи шаарында өткөн күжүрмөн самбо боюнча...

20 - Ноября  2017 | 8 : 4716
Эл аралык мелдеш ынтымакты даңазалады Эл аралык мелдеш ынтымакты даңазалады

               Быйылкы жыл Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен  “Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыяланып, анын алкагында областыбыздын бир катар...

14 - Августа  2017 | 11 : 34614
“Интернационалга” минифутбол аянтчасы зарыл “Интернационалга” минифутбол аянтчасы зарыл

      АРИСтин «Айылды инвестициялоо долбоору-3» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн конкурста Ноокен районуна караштуу Арал айыл...

18 - Апреля  2017 | 4 : 25461
Жалал-Абадда мини-футбол боюнча облус жетекчисинин Кубогуна арналган... Жалал-Абадда мини-футбол боюнча облус жетекчисинин Кубогуна арналган...

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу...

27 - Марта  2017 | 8 : 51304
Жеңил атлетика боюнча мектеп окуучуларынын арасында мелдеш өтүп жатат Жеңил атлетика боюнча мектеп окуучуларынын арасында мелдеш өтүп жатат

  Жалал-Абад шаарындагы борбордук “Курманбек” стадионунда шаардагы мектеп окуучуларынын  арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш өткөрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн...

22 - Марта  2017 | 5 : 30384
Жалал-Абадда спорттук спартакиада өтүп жатат Жалал-Абадда спорттук спартакиада өтүп жатат

    Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде (ЭИУ) 2017-жылдын 2-февралында профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында өткөрүлүүчү спартакиаданын салтанаттуу...

6 - Февраля  2017 | 7 : 29940
Спортчулардын ийгилиги Спортчулардын ийгилиги

   Грек-рим:    Кыргыз Республикасынын премьер-министри “2016-Тарых жана маданият жылында” спорт тармагында дүйнөлүк, Азиялык оюндарда  мыкты жетишкендиктерди жараткан спортчуларды...

3 - Февраля  2017 | 11 : 36625