Жалал-Абадда майыптар күнү белгиленди

3 - Декабря  2017 | 8 : 20589
Жалал-Абадда майыптар күнү белгиленди

 3-декабрь      Бүткүл дүйнөлүк  майыптар күнүнө карата Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы кыргыз драма театрында“Соолубасын үмүттөр ” деген темада ДМЧАлар аралык областтык кароо-сынак  болуп өттү.   Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев   мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын майрамы менен куттуктап, өзүнүн резервдик фондунан кароо-сынакты өткөрүүгө 80 миң сом каражат бөлүп берди.

- Бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүгү чектелген инсандар коомдук турмушка активдүү катышып,  өздөрүнүн салымдарын кошуп жаткандыгы мени абдан кубандырды. Бийлик тараптан айрыкча Жалал-Абад областында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга спорттун ар бир түрү боюнча жыл сайын спартакиада өтүп,  ага  фонддон 100 миң сом акча каражаты каралганын өкүл Кыянбек Сатыбалдиев баса белгиледи.

Сынакка алыскы Ала-Бука районунун Өрүктү айылынан келген Раимбекова Турдукан 13 жашында кудайдын сыноосу менен  буту баспай калган.  Бул аралыктан тарта ал Турдукан эже жашоого болгон көз карашы өзгөрүп, олтургандан жыйынтык чыкпаганына көзү жеткен соң, 15 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Анын жасаган буюмдарына кызыккан чет мамлекеттегилер атайын буйрутма беришет. Алгачкы жолу кол өнөрчүлүктү кыздардын себинен баштаган. Шырык чапандарды, туш кийиш, көшөгө жаш балдардын кийимине чейин жасап келет. Келечекте мүмкүнчүлүгү чектелген кыздардын коомун түзүп, кыргыздын улуттук буюмдарын чет мамлекетке таанылтайын деген ойлору бар экендигин кошумчалады.

Сузак районундагы “Асылай” ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо коомунун жетекчиси Жумакан Жумагулованын айтымында бүгүнкү күндө жергиликтүү бийлик тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоп жатканына ыраазычылыгын айтып өттү.

  

  •  Аймактык жана областтык турду өткөрүүгө жергиликтүү бийлик тарабынан 80 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди. “Көп түкүрсө көл болот”  - дегендей биздин негизги максатыбыз аярлуу катмардагы инсандардын жашоого  болгон багытын өзгөртүү болуп саналат.

Жыйынтыгында кароо сынактын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана 5 миң сом акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Эсерте кетсек област аймагы боюнча  39211 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар.

Элиза КАПАРОВА. 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Ок атуучу курал алынды Ок атуучу курал алынды

                            Жума ичинде Жалал-Абад областында жарандардан 3 сайлуу ок атуучу куралдар алынды. ОИИБнын аймактардагы бөлүмдөрү эл арасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу...

21 - Сентября  2018 | 11 : 3265
Колдоодон качкан мекемелер кимдер? Колдоодон качкан мекемелер кимдер?

                              Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюнуна аттанаардан бир күн мурда Жалал-Абад областтык Барпы театры жана Т. Тыныбеков...

30 - Августа  2018 | 9 : 39104
Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 52152
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 3255
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 7129
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 14121
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 19136