Жалал-Абадда иш-кагаздарын жүргүзүү ишине талап күчөтүлүп жатат

4 - Декабря  2017 | 10 : 3815
Жалал-Абадда иш-кагаздарын жүргүзүү ишине талап күчөтүлүп жатат

 

 

Шаардагы мекеме-ишканаларда иш-кагаздарын жүргүзүү жагынан кемчиликтер, катачылыктар кетирилип жатат, эми мындан ары аны талаптагыдай сабаттуу жүргүзүү зарылдыгы бар. Бул тууралуу шаар мэриясында өткөрүлгөн атайын окуу маалында айтылды.

Шаардык мамлекеттик архивинин башчысы Эрнист Зияйдиновдун айтымында, иш-кагаздарын туура жүргүзүүдөн жалпы шаардын да, жеке адамдардын да кызыкчылыктары корголот. Бирок, тилекке каршы, иш-кагаздарын жүргүзүүнүн абалы ар бир мекеме-ишканада ар башка болуп жатат. Аларды тартипке салуу менен бул багытта ишти жакшыртуу зарылдыгы турат.

-Ушул максатта биз шаардагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин, тийиштүү адистеринин катышуусунда бир күндүк семинар өткөрдүк. Анда адистер иш-кагаздарын туура жүргүзүү боюнча түшүнүктөрдү, катышуучулардын суроолоруна кеңири жоопторду беришти. Биз мурда бир гана архив ишин жүргүзүп келсек, эми иш-кагаздарын жүргүзүү жагын колго алып жатабыз. Себеби, иш-кагаздары жылдар бою сакталат жана алардын туура толтурулушу кийинки тарыхта мааниге ээ, - дейт ал.

Эскерте кетсек, окууларга шаардагы 32 мекеме-ишкананын өкүлдөрү артылган. Эми архивдик мекеме тарабынан ишканалардагы иш-кагаздарын туура жүргүзүүнүн абалы текшерилип чыкмакчы.

Элиза Капарова.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад гарнизонунун аскер  прокуратурасы маалымдайт Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы маалымдайт

  2017-жылдын 9-айында аткарган Жалал-Абад гарнизонунун аскер  прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесинин талабына ылайык, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө...

12 - Декабря  2017 | 10 : 281
Аярлуу жарандар жетекчилер  менен баарлашты Аярлуу жарандар жетекчилер менен баарлашты

  Жалал-Абад шаарында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, тийиштүү адистери менен жандуу баарлашышты. Бул пайдалуу иш-чара Жалал-Абад шаарынын мэриясы...

12 - Декабря  2017 | 10 : 321
Конфуций институту жаңы имараттуу болду Конфуций институту жаңы имараттуу болду

  Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Конфуций институнунун жаңы имараты ачылды. Ачылуу аземге окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов, Өкмөттүн областтагы...

8 - Декабря  2017 | 10 : 1954
Базар-Коргон айылы таза суу  азабынан арылышты Базар-Коргон айылы таза суу азабынан арылышты

   Буга чейин сууну вадабоздон сатып алып, атайын жасалган суу кудуктарына куюп  ичип келишкен Базар-Коргон районуна караштуу Базар-Коргон айылынын тургундары  үчүн эми андай кыйынчылыктар артта...

8 - Декабря  2017 | 10 : 293
МУЗАФАР ИСАКОВ КАЧАН КАМАЛАТ? МУЗАФАР ИСАКОВ КАЧАН КАМАЛАТ?

  Кылмыш кырк жылда болсо да билинет деген макал бекеринен айтылбаган да.  2010-жылы Жалал- Абад областынын Сузак  районуна караштуу, Таш-Булак айыл өкмөтүнө башчылык кызматка келип, өкөнүн мыйзамдарына...

8 - Декабря  2017 | 10 : 367
Укуктары бузулган кыздардын жолу Укуктары бузулган кыздардын жолу

     Бир катар Эл аралык уюмдардын демилгеси менен Бишкек шаарынан старт алган “Укуктары бузулган кыздардын жолу” аталышындагы акция  Жалал-Абад шаарындагы “Ариет” Аялдарды колдоо борбору...

8 - Декабря  2017 | 10 : 387
“Ойно, аккордеон”- мыкты долбоор “Ойно, аккордеон”- мыкты долбоор

           Кыргыз Республикасынын телекызматкерлеринин кесиптик майрамына ирегелеш Жалала-Абад областтык мамлекеттик телерадиокомпаниясынын чыгармачыл жамааты жакшы жышаананы...

8 - Декабря  2017 | 10 : 415