“Бузулган үйлөрдө жашадык, адашып барган балдар ыйлашчу”

8 - Декабря  2017 | 10 : 26254
“Бузулган үйлөрдө жашадык, адашып барган балдар ыйлашчу”

 

Сирияда бийликке каршы акциялардын арты жаңжалга айланып,  жарандык согуштун тутануусуна себепкер болгон эле. Андагы аймакта жүрүп жаткан жарандык согуштун оту өчпөй жатканына  быйыл туура алты жыл толду.  Бул аралыкта нечендеген күнөөсүз балдардын, энелердин өмүрү кыйылды. Миңдеген жашоочулар мекенин таштап, баш калкалаганы башка мамлекетке кетүүгө аргасыз болду.

Дал ошол Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттерди тутандырып,   адамдарды ажалга түртүп жаткан  өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алышкан террористтик топторду дүйнө эли каргап турат.   Өкүнүчтүүсү  - эл аралык террористик уюмдар интернет желелери аркылуу адамдарды азгырып, тузагына илип жатканы токтобой жатканында. +лкө аймагынан эле террорчуларга алданып,  Сирияга  кирип кеткендердин саны 300дөн ашкан, алардын 100дөн ашууну аялдар.  Ал эми Жалал-Абад областтын бөлүп карай турган болсок, дубандан согуш талааларына кеткендердин саны 130дан ашык.  Алардын  111и эркек, 22си аял, жетөө 18 жашка чейинки балдар  болгон. Бейишти элестеткен жашоону айтып,  чакырык таштаган арам ойлуу террористтердин торуна түшүп, адашып Сирияга барып келген   Сузактын  тургуну  да алданганын, ал  жакта эч ким жыргап кетпегенин, тескерисинче, үйүнө  кайта албай,  көз жашы ыйга толгон жарандардын жагдайларын  айтып берди. Ошондой эле ал  элден, бийликтен адашкандыгы  үчүн кечирим сурап,  ал жакта жихад жок экенин басым менен айтып,  жарандарды жаңылбоого чакырды. Анын жашоодо жаңылган учурун кеңири айтып берди.

Ачка калган күндөр болду

         Сузак районунун тургуну Алишер  Россия Федерациясында  иштеп жүрүп, «Одноклассники» социалдык тармак аркылуу Түркияда жүргөн балдар менен таанышкан. Алардын айткандарына азгырылып, иштеп тапкан акчасына билет алып, Сирияга жөнөп кеткен.

-Интернет желесинде таанышкан балдар Сириядагы согуш туура экендигин хадистерде, аяттарда айтылган сөздөрдү мисал келтиришип, жихад болоорун ишендиришти. Мусулман бир туугандар кырылып жатканын билдиришип, каныңды кайнаткан ар кандай видеолорду жөнөтүп жатышты.  Андай видеолорду көргөндө өзгөрө түшөт экенсиң. Анан мен өзүм иштеп тапкан акчага Түркияга билет алып,    учуп кеттим.  Ал жактан 2 адам тосуп алышып, Түркиянын чек арасына барганда араб кишиге тапшырышты. Алар менен Сирияга өтүп баратканда Түркиянын чек арачылары көрүп калып, ок чыгарышты. Ошол жерден шок болуп калдым. Ал жакка өткөндөн кийин бир шаарга алып барып, 20дай адамга кошуп коюшту. Өтө кыйын болду. Ал жактагы досторум жакшы мамиледе болот дешкен, андай болгон жок. Физикалык жактан даярдыктан өткөрүштү.  Тамактанууга саналуу гана мүнөт берилчү, ошол убакытта жетишип тамактанып калышың керек, болбосо ачка каласың. Бетон курчалган бузулган имараттарда түнөп  жаттык. Мындай абалга  чыдабай балдар ыйлашчу. Жеке суроолор берилчү эмес. Ал жактан кыргызстандыктар бар,  же жогун билген жокмун. Анткени адамдын өздүгү  тууралуу айттырышпайт. Даярдыктан кийин дагы  башка шаарга алып барышты. Биз барган шаарга  учак келип бомба таштап кетти. Көз алдымда аялдар, жаш балдар каза болуп жатышты,  жүрөгүм ооруду. Чыдай албай кеттим. Ал жерден качуунун гана айла амалын караштыра баштадым.  Тарс-турс деген үндөрдөн кулак тунуган аймактан эптеп качып чек арага бардым, мен кирип баратканда Түркиянын жоокерлери аз эле, качып барганымда жоокерлер көп экен. Алардын жанына барсам, атып салышы мүмкүн деп коркуп, бара алган жокмун. Солярка ташыган бирөөгө  жалынып-жалбарып жатып,  ал мени Түркияга алып  өттү. Чөнтөгүмдөгү  болгон тыйынга чек арадагы айылдан Стамбулга билет алып, учуп келдим. Ал жерден атама интернет аркылуу  байланышып, Сирияга кирип чыкканымды, жаңылышканымды айттым. Атамдар Түркиядан Россияга учуу үчүн  билет алып беришти. Россияга келгенден кийин депортация болуп, Кыргызстанга келдим. Укук коргоо органдарына өзүм келип, баарын айтып бердим, кечирим сурадым.  Мен айтаар эле Сирияда жихад жок. Сириядагылар бири-бири менен бийлик талашып,  урушуп жатышат. Мага окшоп,  соцтармактагы алдамчыларга, видеолорго ишенбегиле, алдамчылардын тузагына түшүп калбагыла!  -дейт жергиликтүү тургун Алишер.  

Алишерге окшоп адашкан  жаштар арбын болууда. Жалал-Абад областтык казыяттын өкүлү Арпидин Жороев да террордук топтор  дин жөнүндө түшүнүгү жок жаштардын, материалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдө жок акчаны айтып, башын айлантуунун айла амалына басым жасап жатканын белгилейт.  

-Террористтик уюмдардын өкүлдөрү динден толук кабары жок жаштарга шариятты бурмалап,   “жихад”  деп ишендирүүгө аракет жасашкандыктан, алардын айткандарына  муюп, ишенип,  жол тартып кетишүүдө.  Биздин областтан кеткендердин дээрлиги  жаштар.  Угушубузга караганда акчага азгырылгандар арбын болууда. Анткени,  көп суммадагы акчалар убадаланат экен. Айта кетели,  ал жакка барганда  “акча беребиз” -  дегендери карандай калп. Жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары жана биз биргеликте элге диний азгырыктарга алданбоо  чакырык таштап, “Ислам - терроризмге каршы, экстремизм жана терроризм ислам эмес” - деген сыяктуу темалардын үстүндө ар кандай саамалыктар өтүп жатат.  Мунун натыйжасында Сирияга баргандар бир топко азайды,  быйыл бизден бир да адам Сирияга кеткен эмес. Элге да маалымат жетип жатат. Мындан ары да аракеттер көрүлө берет -дейт ал.

 “Сирияга азгырылгандардын саны азайды” - деп сүйүнгөнүбүз менен дале терроризм коркунучу кулачын жайып баратат.  Алар өздөрүнүн атайын даярдыктан өткөн жалданмаларын жасалма документтер,  же кылмыштуу топтордун атайын каналдары аркылуу өз өлкөлөрүнө жөнөтүп  жатышканы айтылууда. Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматы болсо,  террорчулар Сириядан келген жалданма жарандарга шектүүлүк жаралбоосу үчүн авиакаттамдарды өзгөртүү кадамына өтүшкөнүн айтып келишет. Тактап айтканда шектенүүчүлүк жаралбоосу үчүн Турция-Украина Оруссия, Сирия-Турция-Азербейдан-Оруссия каттамдары менен каттоого өтүшкөн. Бирок, алардын бул кылыктары да ачыкталып калды.

 Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин кандуу алаамат болгон жарандык согуштун тутанышын көксөгөндөр  да өз жазасын алган күн келээр.

Жумагүл ШАЙЫКОВА.. 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Кургак учукту күчтүү адам жеңет Кургак учукту күчтүү адам жеңет

           Социалдык кургак учук оорусу Жалал-Абад областында бир калыпта экендигин адистер белгилешүүдө. Деген менен “миграциялык агым күч алып жаткан шартта бул дарт көбөйсө...

6 - Апреля  2018 | 7 : 2621
Электр жарыгы жете элек айылдарга көңүл бөлүнөбү? Электр жарыгы жете элек айылдарга көңүл бөлүнөбү?

    Өлкө башчынын быйылкы жылды “региондорду өнүктүрүү” жылы деп жарыялоосун эл колдоп, кубаттоодо.  Анткени, региондордун дараметин арттыруу,  көтөрүү багыты көздөлүп кабыл алынган...

6 - Апреля  2018 | 7 : 3130
Жоюлбаган жумушсуздук, кол жеткис мүдөөлөр... Жоюлбаган жумушсуздук, кол жеткис мүдөөлөр...

    Жалал-Абад шаардык Социалдык өнүктүрүү башкармасынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн маалыматына караганда шаарда жалпы 1283 жумушсуз катталса, анын 1106 сы аял, 770и жаштар. Ал эми...

6 - Апреля  2018 | 7 : 4022
Социалдык көйгөй төрөттөн баш тарттырабы? Социалдык көйгөй төрөттөн баш тарттырабы?

“...Азыркы заманда бутка туруп алып анан төрөш керек болуп калды. Үстүнө үй, алдыңа мал-жан,  машина же жакшы бизнести түптөп алып анан катар-катар балалуу болсоң  болот. Ага чейин эки балалуу болуп турсаң...

16 - Марта  2018 | 12 : 542
Сүйүнчү акча сүйүнттү, а жөлөк пул жөндөлөбү? Сүйүнчү акча сүйүнттү, а жөлөк пул жөндөлөбү?

    Көп жылдардан бери  калк арасында нааразылык туудуруп, чечилбей  келе жаткан сүйүнчү жана жөлөк пул жөнүндөгү жаңы мыйзам иштелип чыгып, ал 2018-жылдын январынан баштап ишке кирмей болгон....

16 - Марта  2018 | 12 : 1047
Укуктук сабатсыздык –адам сатууга ачылган каалга Укуктук сабатсыздык –адам сатууга ачылган каалга

  Жакында Өкмөт башчы Сапар Исаков адам аткезчилиги боюнча мыйзам долбооруна кол койгон. Ага ылайык, жарандарды чет өлкөгө жөнөткөн агенттиктердин иши тыкыр көзөмөлгө алынып, адам сатуу үчүн кылмыш...

7 - Марта  2018 | 9 : 54186
Тергөөчүлөрдүн кемчиликтери айтылды Тергөөчүлөрдүн кемчиликтери айтылды

  Кызматтык кылмыштардын ар бири сотко жетиши керек. Мындай пикирди Жалал-Абад областынын прокурору Өткүрбек Жамшитов кызматтык жана коррупциялык кылмыштар талкууланган ведомостволук ыкчам кеңешмеде...

2 - Марта  2018 | 12 : 862