Өрнөктүү өмүр өтөгөн инсан

7 - Июня  2016 | 18 : 293052
Өрнөктүү өмүр өтөгөн инсан

Советтик доорду канчалык  “андай эле, мындай эле” деп, сындаганыбыз менен, ал учурдун өзүнүн керемети , касиети жана идеологиясы, анан ошол системаны бекем кармап турган адамдары болгон. Коммунисттик партиянын темирдей бекем тартиби, принциптерине сугарылган ондогон, жүздөгөн таза инсандары аркылуу гана бул система жетимиш жылдан ашуун убакыт жашады.  Ошондой артында айта жүрчү ийги иши менен муундар үчүн таза эмгегин, өз ысмын калтырып кеткендердин бири Рысбай Багышев.

Катаал кезде курчуду

Ал 1942-жылы 27-апрелде ошол кездеги Ош областына карап турган Сузак районундагы Жийде айылында карапайым үй-бүлөдө , “ыңаалап”, аалам жарып, бир үй-бүлөнү кубанычка бөлөп,жарык дүйнөгө келген жылы каардуу согуштун күчөп турган мезгили болуучу. Жашоо оор, фронтто да, тылда да бардык күч Жеңиш үчүн, капыстан катылган  душмандын мизин кайтарууга жумшалып жаткан. Балалыгы мына ошол катаал  учурдун капшабына туш келсе да,  жашоо уланып,  баскынчылар өз жазасын алып, Жеңиш майрамы салтанат курду. Мына ушундай тагдыр менен жетиге жашы толгондо ал кездеги Молотов атындагы (кийин Жийде аталып калды) мектептин биринчи классынын босогосун аттады. Ал  тили чыккандан эле зиректигин, чыйрактыгын байкаткан. “Буюрса, ушул баладан бир нерсе чыгат, бешенеси ачылып, эл башында турган адам болот го” деген айылдыктардын үмүтү ошол кезде эле башталган. Ырас, “калк айтса, калп айтпайт” дегендей, кыраакы аксакалдар туура баамдашкан экен. Мектеп  партасынан эле  билимге болгон умтулуусу, башкалардан айырмаланган  мыкты сапаттары байкала баштаган. Мектептеги коомдук иштерге активдүү катышып,  ал кездеги жагдайдан улам  окуп жүрүп эле  башталгыч класстарды окутуп жүрүп, келечектеги педагогикалык кесипти тандоосуна, ага жетүүгө чыйыр жол ачылат.

Билимге умтулуу

Мектепти 1959-жылы ийгиликтүү аяктап, Ош мамлекеттик педагогикалык институттун физика-математика факультетине тапшырат.Ал кезде  республикада саналуу гана жогорку окуу жайы болсо, анын эң ирдүүлөрүнүн бири ушул институт  эсептелчү жана ага окуп калуу ар кимдин бешенесине буюрган эмес. Рысбай аганын мектепте сабакты мыкты окугандыгы, билим алууга болгон дарамети, окууга  тапшыруу  сынагынан буйдалбай өтүүсүнө түрткү болду. Окуу  жайда билим алып жүргөн кезде да анын активыдүулүгү, демилгелүу аракеттери, мээнеткечтиги жана эмгекчилдиги жалаң гана сабактагы жетишкендиктери менен бааланбастан, спортко болгон кызыгуусу  да артып, окуу жайдагы баскетбол жана бокс боюнча команданын мүчөсү катары далай ирет намыс алып келди, ийгиликтерди жаратып турду. Ошол учурдагы окуу жайдагы спорттук ицгиликтер анын ысмы менен байланыштуу болчу жана ал  спорттун чебери да аталган.

Жаш кадрдын арымы

Мезгил келип, окуу жайды 1964-жылы ийгиликтүү аяктап, кесиби боюнча эмгек жолун өзү туулуп-өскөн  айылына келип, Жусуп Турусбеков атындагы орто мектептен баштайт. Жаш жана аракетчил педагог алгачкы күндөн эле эмгек жамаатка жагып, көп милдеттерди өз мойнуна алат. Окуу жайдан алган теориялык билимин практика менен айкалыштырып, айылдык балдарга  терең билим берүүнүн аракетин көрө баштайт. Ошондон улам да  иштегенине бир жыл айланбай  окуу иштери боюнча директордун орун басарлыгына дайындалат. Бул милдет өтө жооптуу болуучу. Анткени, тикелей жумушунан сырткары кошумча көп милдеттер  артылып олтурат. Балдардын сабакка жетишүү-катышууларын көздөн кечирүу, тартибине көңүл буруу, коомдук иштерге катыштыруу сыяктуу иштер бар. Мындан сырткары ал өтө баамчыл, кыраакы адам болгондуктан майда-барат нерселерди да көз жаздывмда калтырчу эмес. Ар бир бала менен жеке иш алып барып, ошол баланын жан дүйнөсүнө сүңгүп кирүугө, ал баланын ички сырын билүүгө аракет жасачу. Рысбай агайдын алгачкы окуучулары болушкан бир катар окуучулар азыркы күндө да анын мыкты адамдык сапаттарын, мугалим гана эмес, сырдаш ага, бир тууган катары көрүшкөнүн айтып калышат.

 Ийги иштер

Союздук системанын жакшы жактарынын дагы  бири жаш кадрларды өстүрүү, туура багыт берүү, мээнетин баалоо калыс жүрчү. Жаш мугалим Рысбай агайдын да жакшы иштерин, мыкты сапаттарын байкашып, 1967-жылы КПССтин катарына кабыл алышкан. Эми ага дагы кошумча жоопкерчилик артыла баштады. Мурда комсомолдун мүчөсү катары алдыңкы катарда болуу, үлгүлүү жүрүш-туруш менен  жакшы сапаттарды аркалап келсе, эми тепкич дагы кыйла жогорулап, ошончолук  эл алдындагы жоопкерчилиги артып олтурат. Жаш коммунистке эми туш-туштан “кудалашуулар” көбөйүп,аны жогорку инстанциядагы кызматтарга чакыра башташты. Сузак райондук элге билим берүү бөлүмүнө инспекторлукка чакырышып, ушул жерде 1973-жылдан 1977-жылга чейин иштеди. Чоң чөйрөгө аралашып,  чоң милдеттер да артыла баштады. Райондогу Кара-Алма орто мектебине  директорлукка жиберилди. Тоолуу өрөөн, башка элде камчы салдырбай иштеп кетти. Мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу сыяктуу  башкы милдеттерден сырткары мектептин атын жакшы жагынан таанытууга бар күчүн үрөдү. Мурда эске алынбай келген бир катар маселелерди колго ала баштады. Балдарды предметтик сабактар боюнча райондук олимпиадаларга катыштыруу, ар кандай  маданий-массалык иш чараларды байма бай  өткөрүп, окуучулардын активдуулүгүн көтөрүү сыяктуу  иш-чараларды колго алды. Ушул эмгектери эске алынып “Билим берүүнүн отличниги” төш белгисин алды.

Эл аралап, эл камында болуу

Тоолуктардын тоодой пейили, таза дили аны өзүнө арбап турган чакта, бир жалга жетпей аны  1978-жылы райондогу Атабеков айылдык Советинин төрагалыгына дайындашты. Мээнеткеч калкы бар, ошол эле учурда ынтымак, биримдик менен жашаган, көп улуттан куралган аймакты башкарып кетүү да оңойго турган жок. Дыйканчылык негизги тармак. Айрыкча пахта жана жашылча-жемиш менен киреше кирет.  Эл шайлаган депутаттар ошол дыйкандын мээнетинен жаралган киреше менен чыгашаны туура бөлүштүрүп, анан калк мүдөөсүн, талабын да так орундатуусу абзел. Мындайда Рысбай аганын уюштуруучулук, эл менен тил табыша алган билермандыгы, даанышмандыгы, көрөгөчтүгү жардамга келген. Айылдагы ондогон өйгөйлүү маселелерди чечип, мектептердин базасн чыңдоо, айылдын социалдык структуралык абалын жакшыртуу маселелери чечилген. Анын уул-кыздарынын айтымында “тыным албаган, чарчоону билбеген адам болчу. Үйгө аз түнөп, талаадагы иштерди, элдин  таламын ойлоп, алардын маселеси менен күндүр-түндүр сыртта жүрчү. Алты кыз,эки уулуна да талапты катуу койгон. Алардын сабак окуусуна, үйдөгү жумуштарды так жана таасын аткарууларына көзөмөл жүргүзүүгө да жетишип турган.”

“Аны кайда, кандай жумушка чакырса баш тартпай барчу. Эч качан шылтоо ищздеп,жумуш тандоочу эмес. “Менин шартым жок, бала чакам бар эле” деген сыяктуу  шылтоолорду издеген эмес. Өтө кичи пейил, адамгерчиликтүү сапаттары да жогору болчу”-деп, эскеришет замандаштары. Ошол себептен да, кесиби туура келбесе да  Сузак райондук кинофикацияда директор болуп да иштеди. Анан кайра Сузак райондук элге билим берүү бөлүмүнө чакырышты. Ал жерде 1989-жылдан 1997-жылга чейин иштеди. Өзүнүн иш тажрыйбасын усулчу катары райондогу бардык мектептерге бөлүшүп турду. Ден соолугуна байланыштуу Жусуп Турусбеков атындагы орто мектепке  келип иштеп жүрүп, узакка созулган оорудан улам  54 жаш жашында сегиз баласын чыркыратып, үй-бүлөсүн, жакындарын, окуучуларын таштап, түбөлүктүү жайга кете берди.

 Ысмы түбөлүүкө өчпөйт

      Рысбай агай кезегинде мамлекеттик даңазалуу сыйлыктарды албаганы менен ондогон “Ардак грамоталар”, Дипломдор анын таза жана жигердүү ишинин далили катары  уул-кыздары үчүн таберик болуп сакталып калды. Сузак райондук кеңешке үч жолу,айылдык кеңешке бир нече жолу депутат болуп, эл талабын аткарууну мойнуна алып келди. Эгер анын көзү тирүу болгондо артында калган сегиз уул-кыздын, жыйырма жети небере, он эки чеберенин кучагында балкып, бактысы ашып турмак. Аттиң, ал өз камын ойлобой, эл камы деп, “элдин балдары татыктуу билим алсын, ошолор адам болушсун, мамлекетим гүлдөп-өссүн” деп жүрүп, айыккыс дартка  чалдыгып, даарыланууга убакыт таппаптыр. Мына ушундай ишине берилген, биринчи орунга жумушун койгондор көп. Анын бири Рысбай агай эле. Бирок, анын жашап өткөн кыска өмүрү өрнөктүү жана айтууга татыктуу. Анын иши дагы далай айтылууга тийиш жана ысмы тубөлүк өчпөс болуп сакталып калуусу абзел. Артында калган уул-кыздарынын бардыгы жогорку маалымат алышып, ата жолун улап, келечек ээлерине билим берүү жаатында иштеп жаткандары да бар.

     Бактыкан АЖЫМАМАТОВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Ич жылыган ийги иштер Ич жылыган ийги иштер

  Кыргыз Өкмөтүнүн  Жалал-Абад  областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Ала-Бука районунун алыскы айыл аймактарында болуп, жергиликтүү калктын үнүн угуп кайтты. Чек арага чектеш...

29 - Мая  2018 | 4 : 2969
Катюша минген жалгыз Кыргызстандыктын ысымы көчөгө неге ыйгарылбайт? Катюша минген жалгыз Кыргызстандыктын ысымы көчөгө неге ыйгарылбайт?

       Улуу Ата Мекендик согушта кан кечип,  согуш деген апаатты баштан кечирип, эл жердин бейпил жашоосу  үчүн өз өмүрүн аябаган, согушта катюша минген жалгыз Кыргызстандык Турду Исмановдун...

4 - Мая  2018 | 5 : 22130
Ааламдашуу доорун артка тарткан агымдар Ааламдашуу доорун артка тарткан агымдар

      Дегеле  жер алкагындагы  бардык мамлекеттерге коркунуч алып келген, анын ичинде  Кыргызстан үчүн да опурталдуу деп эсептелген   экстремисттик  аракеттер  ачык эле жүрүп...

6 - Апреля  2018 | 7 : 47194
Мечит менен мектептин атаандаштыгы күч алдыбы? Мечит менен мектептин атаандаштыгы күч алдыбы?

  Акыркы мезгилде  мектепке караганда мечиттердин көп курулуп, ага мектеп жашындагы балдардын да арбын тартылуусу коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган орчундуу маселеге айланып бараткандай. Башка аймакты...

6 - Апреля  2018 | 8 : 3466
Заманбап бут кийим тиккен өтүкчү Заманбап бут кийим тиккен өтүкчү

  Сузак районунун Ырыс айылынын тургуну Шарабидин Рахимбердиев өз колу менен заманбап жана сапаттуу бут кийимдерди тигип сатып, киреше табууда. Эч кандай техника колдонулбастан кол жумушу менен...

19 - Марта  2018 | 9 : 52151
Рысбек Жабиров, кинорежиссер:  ”Улуттук баалуулуктарга эшик ачтым” Рысбек Жабиров, кинорежиссер: ”Улуттук баалуулуктарга эшик ачтым”

  Азыркы кыргыз кинорежиссерлорунун арасында өз орду бар, таланттуу жана жаңычыл жигит Рысбек Жабиров  буга чейин “Кайып булак”, “Түндүктүк келин”, “Достор”, “ Талак”,...

7 - Марта  2018 | 9 : 4499
Аярлуу катмарлар да пайда келтирүүдө Аярлуу катмарлар да пайда келтирүүдө

Бүгүнкү экономикалык каатчылыкта алты саны аман, ишке толук жарактуу адам гана эмес, табияттын жазмышы менен көзү көрбөй, угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган адамдар да кол куушуруп, олтуруп алганы жок. Алар да эч кимден...

26 - Февраля  2018 | 5 : 18169