Аз камсыз, мыкты окуган балдар арча майрамына чакыртылат.

13 - Декабря  2017 | 10 : 32302
Аз камсыз, мыкты окуган балдар  арча майрамына чакыртылат.

 

 

 

      Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты областтын аймагындагы социалдык жактан колдоого муктаж билим-берүү - социалдык мекемелердин тарбиялануучуларына, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мыкты окуган окуучуларына жаңы жыл майрамын уюштуруунун жана өткөрүүнүн күндөрүн белгиледи. Областтык бийликтен 12-декабрда билдиришкендей областтагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн Жалал-Абад областтык Барпы кыргыз драма театрында 26-декабрда боло турган арча майрамына - жаңы жылдык балатысына областтын мектептеринде мыкты окуган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн бир жүз элүү  бала чакыртыла турган болду.

Ал эми 27-декабрга белгилене турган  Ноокен районундагы Шайдан айылынын Ниязов атындагы атайын көмөкчү мектеп-интернаттын окуучуларынын арча майрамына анда жашаган бир жүз элүү бир бала катышса, ага жооптуулук милдет Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына жүктөлдү. Жалал-Абад шаарындагы  "Ак жол" комплекстүү реабилитациялык борбордо тарбияланып жаткан он тогуз бала үчүн да жаңы жылдык майрам 27-декабрда уюштурулат .  

28-декабда болсо, мүмкүнчүлүгү чектелген бир жүз сегиз  бала үчүн балаты  майрамы Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык стационардык мекемесинде жана отуз сегиз окуучусу бар Сузак районундагы Ж. Бөкөнбаев атындагы балдар үйүнүн окуучулары үчүн уюштурула турган болду.

 Областтын калган мектептери менен атайын орто жана жогорку окуу жайларында жаңы жыл майрамдары алар баш ийген шаар-райондук билим берүү башкармалары менен бөлүмдөрүнүн башчыларынын буйруктарына ылайык өз имараттарында өткөрүлө тургандыгы белгилүү. 

Элиза Капарова 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Ок атуучу курал алынды Ок атуучу курал алынды

                            Жума ичинде Жалал-Абад областында жарандардан 3 сайлуу ок атуучу куралдар алынды. ОИИБнын аймактардагы бөлүмдөрү эл арасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу...

21 - Сентября  2018 | 11 : 3259
Колдоодон качкан мекемелер кимдер? Колдоодон качкан мекемелер кимдер?

                              Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюнуна аттанаардан бир күн мурда Жалал-Абад областтык Барпы театры жана Т. Тыныбеков...

30 - Августа  2018 | 9 : 39101
Жаш жарандардын келечеги үчүн Жаш жарандардын келечеги үчүн

   Он жети миң калкы бар Кочкор-Ата шаарында  социалдык буйрутмалар ишке ашырылганы турат. Тактап айтканда, шаардагы 12-18 жаштагы 2000 ге чукул  балдардын бош убактысын туура пайдалануусу,...

27 - Июня  2018 | 9 : 52150
АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК АЙМАКТАРГА МИГРАЦИЯ КЫЗМАТЫ КЕРЕК

  Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалыматтар кату кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп...

21 - Июня  2018 | 6 : 3252
Сандарыгер жетишпейт Сандарыгер жетишпейт

            Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун маалыматына караганда шаарда 900 обьект, областын аймагында 4000 миңден ашык обьект  жылына бир жолу...

21 - Июня  2018 | 6 : 7126
Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет Ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет

    Кыргызстанда алгачкы жолу  Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын базасында  ыкчам медициналык жардам бөлүмү ишке берилет.  Бейтаптарды чукул кабыл алып, андан ары тиешелүү...

21 - Июня  2018 | 6 : 14118
Азык-түлүк коркунучун алдын ал! Азык-түлүк коркунучун алдын ал!

  Азыркы учурдагы 5 мамлекеттен турган (Россия, Белорусия, Казакстан, Армения жана Кыргызстан) Евроазиялык экономикалык Бажы союзунун курамына кирип,  калкты коопсуз тамак-аш жана башка товарлар менен...

21 - Июня  2018 | 6 : 19134