Беш айдагы өрт 4 миллион 830 миң 948 сомдук зыян алып келди

7 - Июня  2016 | 18 : 34612
Беш айдагы өрт 4 миллион  830 миң 948 сомдук зыян алып келди

  Ноокен райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмү өрт коопсуздугу боюнча үгүт насаат иштерин жүргүзүп, областтык жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу макала, телекөрсөтүүлөрдү уюштуруп келүүдө.               Жогорудагы өрткө каршы жүргүзүлгөн иш-чараларга карабай 2016-жылдын 5 айында район аймагында 20 өрт кырсыгы катталып, андан келтирилген материалдык зыян 4 миллион  830 миң 948 сомду түздү.

               Өрт кырсыктарынын 13 турак жай секторунда катталган болсо, 4 өрт ачык аймакта, 1 өрт  автоунаада, 1 өрт  коомдук тамактануучу жайда, 1 өрт мектепке чейинки мекемеде катталган.

               Ал эми 8 өрт кырсыгы балдардын от менен ойноосунан келип чыкса, 6 өрт кырсыгы электр жабдыктарын колдонууда эрежелердин бузулушунан, 2 өрт мештерди пайдаланууда эрежелердин бузулушунан, 1 өрт автоунаада, 3 өрт отко этиятсыздык менен мамиле кылуудан улам келип чыккан. Өрттүн кесепетинен 30тонна тоют, 1 автоунаа жабыркаган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам 2 атуул жана 3 миллион  305 миң сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталып калынган.

              Урматтуу атуулдар! Турак жайларда жана электр жабдыктарын колдонууда эрежелердин бузулушунан улам келип чыгуучу өрт кырсыктарын алдын алуу үчүн күнүмдүк турмушта өрт коопсуздук эрежелерин так сактоону, жаш балдардан ширеңкени оолак коюуңуздарды өрткө каршы кызматы эскертет.

 

 

 

                                                                                  Мурзабек  МУСАЕВ, Ноокен райондук ӨКМКБнын

                                                                                 башчысы,  капитан

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Айдоочуларга эмес, жөө жүргүнчүлөр менен да иштөөнү күчөтүү керек Айдоочуларга эмес, жөө жүргүнчүлөр менен да иштөөнү күчөтүү керек

    Жалал-Абад шаарында өткөн жылы автожол кырсыктарынын саны 2016-жылга салыштырмалуу 12,9 пайызга өстү. Башкача айтканда, 2016-жылы жол кырсыктарынын саны 81 болсо, өткөн жылы алардын саны 93кө жеткен....

16 - Января  2018 | 4 : 1811
От жагуу мезгилинде эрежелердин бузулушу адам өлүмүнө алып келди. От жагуу мезгилинде эрежелердин бузулушу адам өлүмүнө алып келди.

          Жыл башынан ушул күнгө чейин Жалал-Абад облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы райшаардык бөлүмдөрү менен биргеликте облус аймагындагы мамлекеттик өзгөчө мааниге ээ...

15 - Февраля  2017 | 3 : 21524
Ири  материалдык зыян тартышты Ири материалдык зыян тартышты

                           Сузак районунда  алты айга жетпей 40 өрт кырсыгы катталган.  Андан келтирилген материалдык зыян 3 миллион 36 миң 847 сомду түздү.     ...

8 - Июля  2016 | 13 : 441070
Аймактарда жабылган жолдор калыбына келтирилүүдө Аймактарда жабылган жолдор калыбына келтирилүүдө

Кара-Көл шаарындагы Бишкек-Ош унаа жолунда 2016-жылдын 7-июлунда саат 00:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 421-чакырымында жаан-чачындын кесепетинен болжол менен 10000м3 шагыл-таштар түшүп,  жол каттамы убактылуу жабылып...

8 - Июля  2016 | 15 : 16427
Мелдешке баратышкан мугалимдер кырсыктады Мелдешке баратышкан мугалимдер кырсыктады

Жалал-Абад облусу, Каракөл шаары, Муздак-Булак аймагы, Бишкек-Ош унаа жолунун 407-чкырымында мамлекеттик № D 64-00 К “Степвагон” үлгүсундөгү автоунаанын айдоочусу рульду башкара албай, астынан чыккан мамлекеттик №...

23 - Июня  2016 | 17 : 30413
Селден улам Бишкек-Ош жолу жабылды Селден улам Бишкек-Ош жолу жабылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 16-июнда саат 21:20лар чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Таш-Көмүр шаарында Бишкек-Ош каттамынын 430-435-чакырымдары жабылып калган. Жолго шагыл жана башка...

17 - Июня  2016 | 15 : 58704