“Журналисттик карьера жана медиа өнөктөштүк” аттуу долбоор жаштар үчүн нускама болду

14 - Декабря  2017 | 10 : 31686
“Журналисттик карьера жана медиа өнөктөштүк” аттуу долбоор жаштар үчүн нускама болду

 

 

        Журналистика – кесип. Анткени, аны аркалаган адам белгилүү убакыт бою иштейт. Мына ошондуктан коомго маалымат таркатууда журналистердин орду опол тоодой чоң десек жаңылышпайбыз. Азыркы учурда дүйнө журналистикадан сырткары жашай албайт, тарых андан алыс кетпейт. Жаштарга терең билим берүүгө, алардын интеллектисин өстүрүүгө талбай аракеттер көрүлүп жатат.

Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Арстанбап жергесинде 2017-жылдын 3-8-август күндөрү “Журналисттик карьера жана медиа-өнөктөштүк” аттуу жаштар үчүн медиа-лагер өткөрүлдү. Анын алкагында чек ара жана улуттар аралык маселелерди чагылдыруу боюнча атайын окуулар жүргүзүлдү. Бул иш чара “Жаш жарандарды өнүктүрүү” коомдук фонду тарабынан өткөрүлүп, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин астындагы Демократиялык комиссиясы тарабынан каржыланды..

 Аталган лагерге жалпысынан 30га жакын катышуучулар алдын ала атайын билдирмелер аркылуу тандалып алынды. Лагердин жүрүшүндө азыркы учурда массалык маалымат каражаттарында иштеп жатышкан жана башка да маалымат таркатуу булактары менен кызматташып жатышкан жаш журналисттер, жаш фрилансерлер жана маалымат таркатуу майданында алектенгиси келген жаштар, жалпы билим берүүчү мектептердин жогорку класстарынын ынтызар окуучулары катышышты. Тренингдердин катышуучулары Жалал-Абад, Ош, Баткен областтарынын аймактарынан келишкен.

Ар тараптан келген катышуучуларга тренер болгон медиа-эксперт Руслан Калматов буларга токтолду.

 - Эң негизгиси катышуучулары окуу процессине кызыгуу менен жандуу катышышты жана программада белгиленген билимдерди, маалыматтарды, практикалык тажрыйбаларды ала алышты. Бул алардын журналистикага кызыгуусу, маалымат таркатуу чөйрөсүндө активдүү жана жигердүү аракет кылуу максаттарынын бар экендиги жана өздөрүнүн журналисттик практикасын өнүктүрүү үчүн кененирээк билимдерге, кошумча тажрыйбаларга ээ болгулары келгендигинин натыйжасында мүмкүн болду. Алар бир гана бул менен гана чектелип калбастан журналист жөн гана маалыматты “жыйнап” жана “таркатуучу” киши эместиги, ал баарыдан мурда жыйналган маалыматтарды “иштеп чыга” турганы, себеби коомго так жана текшерилген пайдалуу маалыматтар керектиги, коом үчүн чындыкты издеп, таап, таркаткан киши гана журналист болоору түшүнүктүү болду.

Бул жайкы медиа-лагерь Артсанбап эс алуу пансионатында өтүп, жайы ыңгайлуу жана тренингдерди өткөрүү үчүн уюштуруучулар тарабынан бардык керектүү шарттар түзүлдү. Медиа-лагерь беш күнгө созулуп, программага ылайык, катышуучулардын кенен билим-маалыматтарга ээ болуусу үчүн керектүү өлчөмдө таркатма материалдар даярдалып, кызыктуу маданий-спорттук иш чаралар менен да коштолду.

Ал эми алыскы Аксы районунун Кара-Жыгач айылынан келген Наргиза Канжарбекова бул беш күндүк семинар келечегине жол ачып, багыт бергенин айтат. - Журналист жана журналисттер жамааты коомго чынчыл, так жана даана маалыматтарды таркатуу үчүн кандай этикалык нормаларды карманышы керектигин, кандай нормаларга жол койбоо зарылдыгын, мунун кесепеттери эмнеге алып келерин так байкадым. Ошондой эле этикалык нормаларды иштеп чыгып, аны кармануу ар бир журналисттик жамаат үчүн зарыл экенин тушүндүм. Азыркы тапта Ош мамлекеттик университетинин алдында ачылган Үмүт радиосунда кабарчы жана алыпбаруучу кызматты аркалап жатам. Андан сырткары Ынтымак Media Groupто бир айлык сыноо мөөнөтүндө жүрөм. Буйруса ал жакта дагы иштейин деген оюм бар.

Маалымат – коомдун өсүп-өнүгүшү үчүн өтө маанилүү экенин, анын коомдук мааниси олуттуу экенин, ошондуктан маалымат таркатуу тармагына чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн жана маалыматты жаңы таркатууну коомдук кызыкчылыктар үчүн пайдалануу зарылдыгын керек экендигин түшүнүштү дейт Жаш жарандарды өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору, долбоордун  менеджери Майрамбек Адылбеков. Анын айтымында медиа-лагердин катышуучулары журналистика жаатындагы айрым багыттар боюнча кененирээк түшүнүктөрдү алганын айтып өттү.

-Алсак, катышуучулар коом түшүнүгүн алышты, аны өнүктүрүүнүн ар тараптуу шарттарын, коомдун туруктуулугун бекемдөнүн шарттарын, коом менен адамдын ортосундагы жандуу байланыштарды, жарандардын коомдук туруктуулукту камсыз кылуудагы ордун жана ролун, коомдун ар кайсы чөйрөлөрүнүн өз ара тыгыз байланышын жана кызыкчылыктарын, ордун дана ролун жакшы түшүнүп калышты. Демек, коомду кантип жакшыртуу боюнча түшүнүктөргө ээ болушту. Ал эле эмес, чек ара түшүнүгүн, алар боюнча чыр-чатактардын келип чыгуу тарыхын, себептерин үйрөнүштү. Алар эми чек ара маселесин кантип чагылдырууну, кантип чагылдырбоо керектигин так билишет. Ошондой эле чек ара маселесин чечүү боюнча коомдук сунуштарды таркатуу көндүмдөрүнө ээ болушту. Чек ара боюндагы аймактардын көйгөрлөрү, аларды чагылдыруунун талаптары тууралуу кеңири түшүнүк алышты. Андан сырткары катышуучулар Катышуучулар эми маалыматтарды таркатууда негизги принциптер тактык, объективдүүлүк, бейтараптык, баланстуулук, калыстык экенин жана бул принциптерди практикада кандайча колдонуу жагын билишет дейт – Майрамбек мырза.

 Коомго таркатылган маалыматтын тактыгы үчүн “биринчи булак”, “инсайдер”, “расмий булак”, “окуянын күбөсү”, “эксперт”, “кошумча булактар” деген түшүнүккө ээ болушту. Эми алар маалымат булактары менен туура иштей алышаарын белгилүү журналист, долбоордун тренери Жалил Сапаров белгиледи.

 

Ал: - Журналистиканын миссиясы маалыматтарды (фактыларды) жыйнап, иштеп чыгып жана таркатуу аркылуу коомдун өсүп-өнүгүшүнө кызмат кылуучу өзгөчө бир система экенин жакшы түшүнүп алышты. Ошентип, журналистиканын миссиясын түшүнүү менен анын коомду жакшыртуудагы ордун жана ролун таасын билип алышты. Ошондой эле, журналистиканын абалынан коомдун абалы да көз каранды болору тастыкталды-дейт. Катышуучулар конфликттер, алардын келип чыгуу себептери, алардын классификациясы, аларды болтурбоо жана чечүү маселесиндеги журналистиканын, маалымат таркатуунун орду жана ролу, мааниси тууралуу кеңири түшүнүктөргө ээ болушту. Алар Кыргызстандагы маанилүү эсептелген конфликттүү кырдаалдардын келип чыгуу себептерин, алар боюнча маалыматтарды кандай таркатуу же таркатпоо керектигин так билишет. Азыркы журналистика чөйрөсүндөгү кетирилип жаткан катачылыктарды даана билишет жана айыпташат. Адам укуктары тууралуу эл аралык негизги документтерди, андагы талаптарды, улут менен жаран түшүнүгүн жакшы билишет. Алар Кыргызстандагы улуттар аралык кандай көйгөйлөр барлыгын, алар кандайча туура эмес чагылдырылып жатканын өздөрү иликтеп чыгышып, бул боюнча билимдери бекемделди.

Ошондой эле лагерде тренерлер тарабынан катышуучуларга британиялык таанымал журналист, устат Дэвид Рэндаллдын эл аралык мааниде эң жакшы баркталган “Универсалдуу журналист” аттуу окуу китеби жана уюштуруучулар тарабынан даярдалган сертификаттар таркатылып берилди. Ал эми лагердин катышуучулары мындай иш- чаралардын тез-тез болуусун жана мындай долбоорлор менен дагы көп иштешээрин баса белгилеп өтүштү.

 

Бул макала “Журналисттик карьера жана медиа өнөктөштүк” аттуу долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык комиссиясынын каржылык колдоосу менен даярдалган.

«Бул долбоор Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги тарабынан каржыланган. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундуулар жана пикирлер, авторлордун оюн гана билдирет. АКШ мамлекеттик департаментинин коз карашына дал келбеши мүмкүн»

 

Элиза Капарова, долбоордун катышуучусу, «Акыйкат» газетасынын кабарчысы

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө? Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө?

                 Майлуу-Суу шаарында  1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводунда уран калдыктарын иштетилип, чыныгы уран сырт өлкөлөргө жөнөтүлүп турган. Ал...

21 - Сентября  2018 | 10 : 46
Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө

  Өлкөдө 2020-жылы боло турган элди жана турак жайды каттоого даярдыктар Жалал-Абад областында  солгун жүрүүдө. Ар он жылда эл каттоо болгонуна карабастан бүгүнкү күнгө чейин айрым айылдардын,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 239
Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык? Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык?

  Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылында 5 миңге чукул калк жашайт. Кызыгы андагы айылда бир короодо М. Алымбеков жалпы орто мектеби жана Айры-Там мектеп-гимназиясы  жайгашкан,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 295
«Кан жетишсиз… Эмнеге?....» «Кан жетишсиз… Эмнеге?....»

                                                                                                               ...

27 - Июня  2018 | 9 : 3899
Дарбыз эмес дарт жейбизби? Дарбыз эмес дарт жейбизби?

    Учурда мөөнөтүнөн мурун, күч менен бышып жаткан мөмө-жемиштерден баш тартуу кыйынга турары белгилүү. Күн да ысып, тарс жарып дарбыз жегиң келген учур. Бирок, алардын ар дайым көзөмөлдө болуусу...

27 - Июня  2018 | 9 : 46123
Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?.. Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?..

    Түрмөгө түшкөн аялдардын көбү жакындарын өлтүрүп, же баңгизат менен кармалгандар. Арасында уурулук кылгандары да бар. Республиканын абак жайларында кармалган...

27 - Июня  2018 | 10 : 35130
Башкы плансыз болочок күткөн шаар Башкы плансыз болочок күткөн шаар

  Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору...

29 - Мая  2018 | 4 : 1144