Оорунун жеңген ооматтуулардын көргөзмөсү

14 - Декабря  2017 | 11 : 12119
Оорунун жеңген ооматтуулардын көргөзмөсү

                   

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өздөрүнүн кол өнөрчүлүктөрүн көргөзмөгө коюшту. Жалал-Абад шаардык мэриясысынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн уюштуруусу менен өткөрүлгөн иш чарага “Данакер 1”, “Данакер2” коомдук уюмдун жана мүмкүнчүлүгү чектелген мектеп окуучуларынын  кийизден, жибектен жасалган ар түрдүү буюмдары, сувенирлери саттыкка коюлду.1-Декабрь майыптар күнүнө карата бир айлык жарыяланып, бул арада ар кандай маданий иш чаралар, колдоолор болду. Жылдан жылга жергиликтүү бийлик буларга материалдык жана моралдык жардамды көрсөтүп келет. Шаардык мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулованын айтымына караганда быйыл арыз менен кайрылган 21 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга материалдык жардамдар көрсөтүлдү. Учурда шаарда 18 жашка чейинки 450, 18 жаштан жогору 731 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар.“Ариет” чыгармачылык борборунун кол өнөрчүлөр ийримине ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Роза Дыйканова  төрт жылдан бери катышат. Ал кийизден ар кандай сувенирлерди жасайт. Шаардык , областык сынактарга активдүү катышат. Эми майда-чүйдө эмес чоң-чоң улуттук буюмдарды да жасоону максат кылып жүрөт.

  Гүлнура КЕЛДИБАЕВА.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Кайрат Эргешов, кардиолог дарыгер: “Жүрөктүн инфаркт оорусу... Кайрат Эргешов, кардиолог дарыгер: “Жүрөктүн инфаркт оорусу...

         Өлкөдө оорудан каза болгондордун 50 пайызга жакыны жүрөк оорусунун кесепетинен экени аныкталып,көпчүлүк  бул дарт жөнүндө билгенге жана андан сактанууга өзгөчө кызыктаар...

9 - Февраля  2018 | 7 : 12395
Үй-бүлө ууланды Үй-бүлө ууланды

    Базар-Коргон районуна караштуу Таш-Булак айылындагы  Нурмаматовдордун үй-бүлөсүнөн төрт жаран   кышка камдалган салаттан ууланып, райондук ооруканага түштү.  Райондук ооруканадан...

26 - Декабря  2017 | 14 : 19115
“ВИЧ илдеттүү энелерден 43 бала таза төрөлдү” “ВИЧ илдеттүү энелерден 43 бала таза төрөлдү”

Элмира Сатарова, областтык СПИДге каршы күрөшүү борборунун башкы дарыгери:   Статистикалык маалыматтарга караганда учурда Кыргызстанда 382 балага ВИЧ илдети жуккан. Жалал-Абад областы да...

16 - Ноября  2017 | 8 : 32429
Медицинага кандай өзгөртүү керек? Медицинага кандай өзгөртүү керек?

  Өлкөнүн саламаттык сактоосун жакшыртууну, реформалоону көздөгөн  2012-жылдан 2016-жылга чейин кабыл алынган “Ден соолук” улуттук программасы аяктады. Мындан улам 2018-жылдан 2030-жылга чейинки ...

26 - Октября  2017 | 7 : 25176
Донорлор  өмүр  тартуулашты Донорлор өмүр тартуулашты

         Жалал-Абад шаарында донорлор күнү белгиленип,  адамга өмүр тартуулаган жарандарга  сый тамак тартууланды.  Бул  саамалыкка Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча...

29 - Сентября  2017 | 6 : 21266
ВИЧ СПИДди кармап туруш үчүн ВИЧ СПИДди кармап туруш үчүн

    Коомдун аярлуу катмарларына ВИЧ СПИД тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турбаса, бул жаман дарт жайылып кетиши толук мүмкүндүгүн ойлоп, тынчсызданган бул тармактагы адистер 2002-жылы...

15 - Июня  2017 | 5 : 34923
“Стартап” старт алды “Стартап” старт алды

  Эми жаш ишкерлерге финансылык кеп-кеңештерди, бизнес-план түзүүнүн жолдору тууралуу акысыз, терең маалыматты Жалал-Абад шаарында ачылган “Стартап борбору” берет. Бул борбор айрыкча жаңы ишкердикти...

11 - Апреля  2017 | 10 : 20463