ЖашСтан долбоору лидердик сапатты жогорулатууну көздөйт

18 - Декабря  2017 | 7 : 25354
ЖашСтан долбоору  лидердик сапатты  жогорулатууну көздөйт

 

 

10-13 – ноябрь күндөрү Жалал-Абад шаарында «Социалдык жана бизнес долбоорлорду түзүү» боюнча  жаштар үчүн 3 күндүк семинар болуп өттү. Семинарда балдар «Жашоо жөндөмдөрү» туралуу билим ала алышты.  Андан сырткары  резюме, коштоо кат, баарлашуу сыяктуу темаларды Искендер Субанкулов, Нургүл Караева, Икбол Исаков, Алия Суранова жана Разия Ормонова сыяктуу тренерлер жаштарга түшүндүрүп өтүштү.

Ал эми Жанар Акаев, Нурсултан Аскаров, Гулзада Рыскулова өндүү атактуу адамдар жаштарга «Туура кесип тандоо» боюнча семинар өтүп, андан соң маектешип суроолоруна жооп бере алышты. Бул 3 күндүк семинар да катышуучулар менен чектелип калбастан, жаштар өз жерине барып, өз айылдарына эмес айыл өкмөттүн деңгээлинде коңшу айылдарга да барып өтүп беришти. Жаштар өздөрү өткөн семинарлардын жыйынтыгы катары ошол жер-жерлерде катышкан катышуучулар биздин жаштардын ишин улай андан кийинки айылга семинар өтө алышты.

Эл аралык «Search for Common Ground» уюму тарабынан Бириккен Улуттар Уюму фондунун колдоосунда жана «Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги» менен биргеликте 2017-жылдын апрель айынан баштап,  «ЖашСтан» аттуу долбоорду ишке ашырышкан.  Долбоордун алкагында Кыргызстан боюнча 27 аймактан жаштар тандалган, анын ичинде Жалал-Абад областы боюнча 7 аймактан 6дан 48 жаш катышуучулар тандалган. Алар: Ала-Бука районунун  Кажар, Ак-Там, Кербен шаары, Базар-Коргон районунан Арстанбап, Сейдикум, Сузак районунан Сузак, Ырыс жана Бек-Абад айылдары тандалган.

Буга чейин сентябрь айынын башында долбоор алкагында Арстанбап айылында бардык 48 балдар, кыздардын катышуусунда «Социалдык жана бизнес долбоорлорду түзүү» боюнча 3 күндүк семинар болуп өткөн. Семинарды Нургүл Караева, Икбол Исаков, Искендер Субанкулов өндүү тренерлер өтүп беришкен, ошондой эле Кеңешбек Сайназаров жана Бахадыр Кучкаровдой белгилүү инсандар келип катышуучулар менен өз өмүр тажрымалы менен бөлүшүп кетишкен. Катышуучулар алган билимин алып тим болбостон өз айылдарына барып тең-туштарына 3 күндө алган билимин үйрөтүп беришти. Андан соң жаштар өз аймагындагы чыр чатакка алып келүүчү көйгөйлөрдү алдын алуу максатында социалдык жана бизнес проекттерди жазышты.

2017-жылдын сентябрь айынан «Search for Common Ground» уюму партнердук негизде «Жаш-Ниет Ноокат жаштар борбору» коомдук бирикмеси менен биргеликте иш алып барышкан.  Аталган бирикменин директору  Нургүл Караеванын айтымында аталган долбоорго Кыргызстан боюнча 162 жаштар алынган.   Бул долбоордун негизги максаты  лидердик сапатты  жогорулатуу, болуп саналат дейт Нургүл айым.

 

Алыскы Ала-Бука районунун Кажар айылынан 10-класстын окуучусу  Маматкадырова Жумаида апрель айында аталган долбоорго мүчө болгон. Анын айтымында аталган долбоордун алкагында көп ийгиликтерге жетишкендигин баса белгилейт.

  • Мен “Жашстан”  долбооруна мүчө болгондон тарта  жашоомдо көп өзгөрүүлөр болду. Негизинен өзүмдүн туулуп өскөн Кажар айылында эн орчунду көйгөйлөрүнүн бири  спорт залдын жоктугу болчу. 250 түтүнү бар бул айылда  эки улут жашайт. Алардын ортосунда тынымсыз конфиликт жаралгандыктан айыл эли спорт залдын курулусу менен жаштардын баары спорт тармагы менен алек болуп, өз ара ички мамилесин унутуп коюшарын айтып,   спорт зал куруп берүүнү суранышты. Аталган долбоордон 72 миң сом акча каражаты спорт залдын курулуусуна бөлүнүп берилди. Бул менен гана чектелип калбастан ар бир түтүндөн 1000 сомдон акча каражаты топтолуп, жыйынтыгында 250 миң сом акча каражаты топтолду. Буйруса жакынкы арада айылдын маселеси чечилип калат деген ойдобуз дейт Жумаида.

Андан сырткары  бул долбоордун алкагында октябрь айында Ош шаарында Республикалык деңгээлде симпозиум болуп өттү, симпозиумга өлкөнүн 6 областынын 27 аймагынан 200дөй жаштар катышышты. Симпозиум учурунда Жалал-Абаддан барган балдардын проекттеринен Арстанбап, Бек-Абад жана Кербен Бизнес долбоорлору ошондой эле Кажар, Ак-Там, Ырыс, Сузак жана Сейдикум аймактарынын жаштарынын социалдык долбоорлору өтүп, учурда долбоорлорду ишке ашырышууда.

 

Элиза Капарова

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

МЕНИН ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨМДҮН ӨМҮРҮ КОРКУНУЧТА! МЕНИН ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨМДҮН ӨМҮРҮ КОРКУНУЧТА!

                    Элдин, мамлекеттин мүлкүн каалагандай талап-тоноп, кылмыш иштерине чырмалган кишилер тарабынан мени жана менин балдарымды өлтүрүү, менин...

12 - Января  2018 | 5 : 18668
САПАР ИСАКОВДУН АЯШ АТАСЫ ЭМНЕ ДЕЙТ? САПАР ИСАКОВДУН АЯШ АТАСЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?

    Айтылуу “Тапанча балбан” каймана аты бар кыргыздын белгилүү балбаны, улуттук күрөш боюнча легендага айланган Ибрагим Узаковдун бир тууган агасы Кадыралы Узаковду азыр айылдаштары өз...

8 - Января  2018 | 10 : 19182
“Журналисттик карьера жана медиа өнөктөштүк” аттуу долбоор жаштар... “Журналисттик карьера жана медиа өнөктөштүк” аттуу долбоор жаштар...

            Журналистика – кесип. Анткени, аны аркалаган адам белгилүү убакыт бою иштейт. Мына ошондуктан коомго маалымат таркатууда журналистердин орду опол тоодой чоң десек...

14 - Декабря  2017 | 10 : 31209
“Бузулган үйлөрдө жашадык, адашып барган балдар ыйлашчу” “Бузулган үйлөрдө жашадык, адашып барган балдар ыйлашчу”

  Сирияда бийликке каршы акциялардын арты жаңжалга айланып,  жарандык согуштун тутануусуна себепкер болгон эле. Андагы аймакта жүрүп жаткан жарандык согуштун оту өчпөй жатканына  быйыл туура алты...

8 - Декабря  2017 | 10 : 26184
Демилгелүү жаштар көп Демилгелүү жаштар көп

  Келечек муунга ишеним менен караган мамлекетте жаштарга көңүл бөлүү, алардын демилгелерин колдоо кадамдары жаман эмес. Дилгир, иш билги, билимдүү  жаштар колдоп кубаттоого арзып,  ишеним  менен ...

10 - Ноября  2017 | 9 : 3277
Боштондук үчүн курмандыктар-эч качан унутулбайт Боштондук үчүн курмандыктар-эч качан унутулбайт

    1916-жылдагы Үркүн – кыргыз элинин орус падышалыгынын колониялык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшү. Россия империясы Орто Азияда...

8 - Ноября  2017 | 9 : 0125
Эне баланын саламаттыгы, ак халатчандардын кош көңүлдүүлүгү Эне баланын саламаттыгы, ак халатчандардын кош көңүлдүүлүгү

    Быйылкы жылдын 9 айында эле төрөттөн улам 9 энени жоготуп алдык...  Ошол эле тапта  акыркы жылдары аялдарды операция жолу менен төрөтүү өсүп жатат. Бул үчүн ак халатчандардын кызыкчылыгы да бар...

8 - Ноября  2017 | 9 : 32127