Жалал-Абад мамлекеттик университетине Бекмамат Осмоновдун ысымы берилди

21 - Декабря  2017 | 7 : 1942
Жалал-Абад мамлекеттик университетине Бекмамат Осмоновдун ысымы берилди

 

Бүгүн сегизинчи чакырылыштагы Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясында Жалал-Абад мамлекеттик университетине Кыргызстандагы белгилүү коомдук, саясий ишмер, Жалал-Абад областынын мурдагы жетекчиси Бекмамат Осмоновдун ысымын ыйгарууга макулдук берүү чечими кабыл алынды.

Сессияга келген шаардык кеңештин 23 депутаты Жалал-Абад мамлекеттик университетинен түшкөн сунушу карап, талкуулап, бир добуштан колдоду. 

Буга чейин 2017-жылдын 6-мартында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучулар жана студенттер жамааты областтык жана шаардык маанидеги ардагерлер кеңештеринин, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен чоң жыйын өткөрүп, окуу жайга Бекмамат Осмоновдун ысымын берүү маселесин талкууланган жана оң чечим кабыл алган.

Тилекке каршы, быйылкы жылы саясий партиялардын ортосундагы саясий консесустун жоктугунан шаардык кеңеш өз убагында ишин баштай албай, бул маселени шаардык деңгээлде кароо кечигип келген.  Эми бүгүн бул маселеге чекит коюлду.

Мындан ары бул маселе Билим берүү жана илим министрлигинде жана Өкмөттүк деңгээлде каралат.

Эскерте кетсек, Бекмамат Осмонов илгерки союз мезгилинде чарбалык-партиялык кызматтарды аркалап келген. Чарбада адистиктен баштап жетекчиге чейин, кийин райондун, областтын жетекчиси болуп иштеген. Бир нече жолу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп, 1991-жылы августта “легендарлуу” парламенттин курамында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык жөнүндөгү декларациясын кабыл алууну сунуштоочулардан болгон.

Ал 1991-жылы жаңыдан түзүлгөн Жалал-Абад областын башкарып турган кезде областтын социалдык-экономикалык, маданий өнүгүшүнө бараандуу кызмат кылган. Ал көптөгөн мыкты кадрларды даярдап, алар азыркы кезде өлкөнүн ар кайсы тармактарында үзүрлүү иштеп жатышат.

 

 Элиза Капарова 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

“Ден соолук – 2018”  спартакиадасы жыйынтыкталды. “Ден соолук – 2018” спартакиадасы жыйынтыкталды.

  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар жамаатынын жана жана кызматкерлеринин арасында кышкы “Ден соолук – 2018”  спартакиадасы жыйынтыкталды.    Кышкы...

16 - Января  2018 | 3 : 5510
“Ден соолук – 2018”  спартакиадасы жыйынтыкталды. “Ден соолук – 2018” спартакиадасы жыйынтыкталды.

  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар жамаатынын жана жана кызматкерлеринин арасында кышкы “Ден соолук – 2018”  спартакиадасы жыйынтыкталды.    Кышкы...

16 - Января  2018 | 4 : 28
САСЫК ТУМОО АЗ БОЛДУ, КЫРДААЛ ТУРУКТУУ САСЫК ТУМОО АЗ БОЛДУ, КЫРДААЛ ТУРУКТУУ

  Өткөн 2017-жылы кыш узакка созулганына байланыштуу өткүр вирустук-респиратордук инфекцияга (ӨВРИ) чалдыккандар көп болгон. Тактап айтканда, өткөн жылы мурдагы жылга салыштырмалуу ӨВРИ менен...

16 - Января  2018 | 4 : 98
Сузак районунда элдик жыйын өттү Сузак районунда элдик жыйын өттү

                                          Бүгүн, 16-январда Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында облустук жана райондук...

16 - Января  2018 | 12 : 315
Заманбап мектеп имараты бүттү Заманбап мектеп имараты бүттү

      Ноокен районуна караштуу Масы айылында 170 орунду заманбап мектеп имараты бүткөрүлдү. Былтыркы жылдын жаз айында курулушу башталган мектептин имаратынын ачылышы болуп, ага Өкмөттүн...

12 - Января  2018 | 6 : 559
«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому  2017-жылды ийгиликтүү... «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому 2017-жылды ийгиликтүү...

     «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому 2017-жылды ийгиликтүү жыйынтыктады.  Тактап айтканда  кыргыз нефтичилери бир жылга белгиленген 85 миӊ тоннанын ордуна 102 миӊ 701 тонна нефть...

11 - Января  2018 | 4 : 737
Президент жана спортчуларды чет өлкөдө калпак кийүүгө милдеттендирүү... Президент жана спортчуларды чет өлкөдө калпак кийүүгө милдеттендирүү...

Парламент депутаттары ак калпакты өлкөнүн башка улуттук символдору – мамлекеттик туу, герб жана гимнге теңөөнү сунушташууда. Мыйзам долбоору парламент сайтына жайгаштырылды. Жогорку...

9 - Января  2018 | 5 : 4728