“Бүт дүйнөмдү койгум келди, сага арнап, ...”

21 - Декабря  2017 | 8 : 71543
“Бүт дүйнөмдү койгум келди, сага арнап, ...”

 

 

Бүгүнкү каарманыбыз интернет желелеринде өзүнүн айкын чыгармалары-ырлары менен таанылган жердешибиз, Сузак районунун Ачы өрөөнүнүн Шатрак айылында төрөлгөн Назгүл Нышанбаева болмокчу.

Ал айылдагы В. Ильич атындагы орто мектепти бүтүргөндөн кийин 1992-жылы Жалал-Абад шаардык Барпы Алыкулов атындагы Маданият техникумуна тапшырып,  1995-жылы кызыл диплом менен аяктаган. Андан кийин Токтосун Тыныбеков атындагы  филармонияда жана  Барпы театрында азыраак эле иштеп, шартка байланыштуу Россияга кетип калган. Учурда Санкт-Петербург шаарында иштеп, жашайт.

 

- Айтсаңыз учурда Санкт-Петербургда эмне иш кыласыз?

- Эл катары эле, сатуучу, кассир, айлыка иштейм. Жалгыз бой экениме карабай кызымды асырадым, чоңойттум. Окуду, кыйналган күндөрүм болду.

 

- Жалгыз бойлугуңузду ырларыңыз да билдирип турат, жаңы турмуш улоого көңүлдөнбөдүнүзбү?

- Ылайыктуу адам чыкпады, ары жанымдагы бойго жеткен кызымды ойлодум.

 

 - Баса жашыныздан ыр жазасызбы

-мектепте окуп жүргөнүмдө майрам, концерттерде ырдачымун. Эң алгач ырымды он сегиз жашымда, ичте калган туюк сүйүүгө арнап, он сегиз куплет ыр жазгамын, андан кийин маани бербей таштап койгомун, ырды да жоготуп койгонмун.

-Бир аз тыныгуу жасагансыз го, кайра кантип баштадыныз?, дегеле, ырларыңызды кимдер менен бөлүшүп, талдап турасыз?

- Ыр жазууга көп көңүл бурбай жүрүп, интернет Фейсбук ааламында чыгармачыл адамдардан шык алдым, айрыкча Жыпар Исабаева эжекемдин ырларын , эргип, сүйүп окуйм. Менин чыгармачылыгымды Фейсбуктагы көптөгөн окурмандарым колдоп, өнүктүрүштү деп эсептейм, ырларыма жазылган комментарийлер мага дем берди. Акыркы жылы күндө бир ыр жазып жүрдүм, топтолуп калган экен.

 

- Сиз учун ыр жазуу канчалык маанилүү?

- Ыр жазуу бул өмүрдүн бир өксүгүн толтуруу, бири кем дуйнөнү ар дайым сезип келем жашоодо, ошону чыгармачылык менен толуктагым келет

 

 - Чыгарманызда негизги басым суйуу элеби?

-  Мекен, ата эне, туулган жерди, бир туугандарга болгон сагыныч ж.б. жөнүндө да бар.

 

-Ырдан башка да жазган чыгармачылыгыңыз барбы?

- Жок, он чакты обонум бар, эл укпаган, аларды жаздыруум керек.

- Россияда кыргыздардын диаспоралары ж.б. уюштурган ар кандай сынак-кечелер болот, аларга катышып көрө элексизби?

- Санкт-Петербург шаардык, улуттар  аралык фестивалдарга, кыргыз диоспаранын атынан катышып, диплом, грамоталарды алып жүрөм.  Эми дагы катышып баштайм , буйруса.

- Өзүңүздү жана талантыңызды элге сынатып чыгайын деген максаттарыныз бардыр, качан сахнадан көрүп калышыбыз мүмкүн?

- Мени азыр кызым колдоп турат,” ырдап чыгууңуз керек”- дейт, ошого аракет кыламын. Буйруса чыгабыз деген оюбуз бар.

 -Чыгармачылыктагы жакшы ирмемдериңиз болсо керек?

-2010-жылы Ошто Гүлшайыр Садыбакасова жана Султан Борошев агайлар уюштурган "Ырдын пири - Рыспай" аттуу  чоң концертте, атактуу ырчылардын катарында, Рыспайдын ырдалбаган ырын жандуу аткарып Гранпри алгамын. Ошол күндөрдү жашоомдогу “жакшы күндөр” -деп эскерип жүрөм.

 -Ракмат, чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

 

 

МЕНИН СҮЙҮҮМ -  МЕНИН ЫРЛАРЫМ

 

Жылуу сөзгө,мээримиңе жылынып,

Эркелегим келип турат баладай.

Жалгыздыктан ооруп турган жүрөктү,

Жалын чачып, сүйчү, сүйчү аябай.

 

Суранчыңа эч бир жооп таба албай

Жүзүм турду күйүп, кызыл анардай

Бүт дүйнөмдү койгум келди, сага арнап

Эч нерсеге, эч нерсеге карабай !

 

 *  *  *

 

Өзүңдү сагынуудан,

Окшоштук издептирмин.

Өмүрдө жалгыз сүйүүм,

экениң билбептирмин.

 

Кайчылаш жолдо туруп,

Сен турмуш тузагында.

Карадың эле үнсүз,

Мен алыс узаарымда.

 

Коштошуу үчүн анда,

Кокустан, кездешипбиз.

Көп жылдык айрылуу бар

экенин сезбептирбиз.

 

Жолдогон каттарыңды,

Жоодурап тиктей берем.

Мен сенден качкан менен,

Мен сени издей берем...

 

 ***

 

Бирде жаш, бирде болуп үй-бүлөлүү,

Бир сунуш айталбадың .. же жүйөөлүү.

Бирибизди-бирибиз сүйгөн менен,

Бир да каш кагалбасаң , ким күнөөлүү.

 

Жалындайт сүйүү, жүрөк тереңинде,

Жашоодо, өмүр шамдын билигиндей,

А биздин сүйүү улам  качат алыс,

Аскадагы мергенчинин кийигиндей.

 

***

 

 

Оо, ал кез укмуш эле..

Көргөндү тамшандырган,

Көркүнө көз тайгылган,

Супсулуу бир кыз эле !

Каухардай жанып турган,

Хрустальдай шыңгыр, назик,

Фарфордой, таза, тунук,

Периште, Үр кызы эле !

 

Үндөсө карабаган,

Үлпөттү самабаган.

Куш эле эркиндикте

Аска-зоо аралаган.

Канаты талыбаган,

Көк асман, мейкиндикте,

Бийикке сабалаган !

 

Аппак жүз , капкара каш,

Көздөрү, күйгөн чырак.

Карекпи же каухар таш

Өрттөгөн бир көз караш,

Балбылдап жанып турат.

Тереңи океандай,

Чалкыган көпкөк асман.

Көзүндө эле аалам

Көргөн жан кайра чыкпас.

 

Оо! Сулуу сулуу эле !

Каректи кадаттырган.

Кокустан кез келгенди

Оюнан адаштырган.

Оозунан сөзү түшуп

Жалдырап көз албастан

Кара таш катып калган,

Жандарды көп көргөндөн,

Жадаган кыз көрмөксөн,

Басууну адат кылган.

 

Керилип ак маралдай,

Жалгыздап басчу эле.

Муңканып теңин таппай

Жүрөгү какчу эле.

Балбылдап шам чырактай,

Көзү от чаччу эле.

Бир көрүп сүйүп калып

Көбүнө жакчу эле.

 

Бир күнү жолуктурду,

Жүрөгү сүйгөн жанга.

Теңирим кошуп турду!!!

 

Эх аттиң !!!

Ушул жерден

Бактылуу кылып кызды,

Жомокту бүткүм келди!..

 

***

Арада болуп өткөн

Адамзат жыркычтыгын!

Алдырсаң кайрып бербес,

Мезгилдин уткучтугун !

Айтпастан.. жуткум келди!

 

Көөдөн пас, ичи тарлык

Ич күйдү , арсыздыгын.

Адамдын, башкалардын

Бактысын көрө албаган

Бир шордуу алсыздыгын.

Ачпастан жапкым келди!

 

Бир-биринин убалына

Шоруна калгандыгын.

Ушунун баары баткан

Бул дүйнө жалгандыгын !

Айтпастан, кыйналсам да

Ичиме каткым келди!

 

 

***

Эх, аттин бир кайрылып

Мен сизди келээр дегем

Айта алсам, мен бир сөздү

Бир жооп берээр, дегем

 

Кездешуу сагынычтуу

Чоң майрам болор дегем

Көңүлүм жаркылдаган

Сүйүүгө толор дегем

 

Өзүңдү өзүм деген

Көзүмдү көрөр дегем

Умсунуп калгам анда

Бул ирет, өбөр дегем

 

Өксүгү толбогон эч

Бири кем дүйнө белен?

Озүңдү жоктоп азыр

Өмүрдө жалгыз келем..

 

***

 

Ойлоп сизди,жаным от болуп,

Жалындады жүрөк октолуп.

Түндө көргөн түшүм эстесем,

Түшүм эмес, өңүм окшонуп.

 

Түш сыяктуу, өңумдө азыр,

Кыялданып кеттим,шоктонуп.

Кутүүсуздөн көрүп түшүмдөн,

Күлүмсүрөп жүрөм,ой жоруп.

 

  

 

АТАМ, ЭНЕМ , ЭЛ - ЖЕРИМ .

 

Башка өлкөнүн, жүрөгүнө башым жөлөп

Башка өлкөдөн, издедимби арга жөлөк

Туулган жерим, санаадан чыкпай такыр

Тагдырга, жазылганбы жашоо  бөлөк ...

 

Сары күзүн, тосо албай койнун жыттап

Жашыл жайда барбадым, турмуш тушап

Сагынычым, саргайтты өзөк  өрттөп

Ата-журттан  жүргөнгө,  алыс жашап...

**.

Кусалыгым көңүлдө, ырбап, дагы,

Кулап жатты тамчыдай.. ыр саптары.

Туулган жерге ак сүйүүм, арзууларым,

Бүт бардыгым арналып, турган чагы...

 

Абаңды атыр жыттуу, мээ сергиткен,

Сагындым, моокум кана жыттаар бекем.

Жазданып  көйкөлгөн көк шибериңди,

Жамынып асманыңды уктаар бекем.

 

Кечиң ай, салкын соккон желди улай,

Кою түн кучактачу, жүзүм ссылай.

Алтындай,  тал башында Ай отурчу,

Жайнаган жылдыздары, кошуп  чырай.

 

Аппак түн..жылдызы жок, бул Питерде,

Адашып таңы атат.. түн киргенде..

Таптакыр коюнуңдан чыкпасам ээ !

Туулган-жер кучака ал, мен келгенде!

 

 

 

                 " Мигранттын ыры "

Кара жумуш кайыштырып жанымды

Карайладым уйку канбай апталап.

Кайгы-муңум бөлүшүүгө, сырдашып,

Кайрат болду, калем менен ак барак.

 

Канча мезгил өткөнүн да билбеймин,

Кайыл болуп,оор жумушка көнгөмүн.

Сыртым үмүт берген менен башкага,

Сынып ичтен, мин жаралып өлгөмүн...

 

Мээнет басып, максатымдан кайтара,

Мигрант болдум, тагдыр жолдон жазгара.

Мекенимде жылыбады мандайым,

Качан эми, ажыралат ак кара...

 

03.04.2017.

 

**.

Сен менин  сезбейсин го, абалымды..

Билдирбей жүргөн менен кабарымды.

Сезе албай кээде жашоо ырахатын,

Себепсиз, бир кеч ыйлап аларымды.

 

Кубанычы кайгысы бар, койунунда,

Дайрада тынбай жалгыз агарымды.

Дарексиз толкундарга согулганда,

Дабышсыз,үнсүз ыйлап аларымды.

 

Көөнүмдү билбей кантип жазарымды,

Көл бойлоп, кечте жалгыз басарымды.

Көргөндө төп келишкен, түгөйлөрдү.

Көз албай, көпкө тиктеп.. каларымды.

 

Өксүгөн көңүлүмө.. жалгыз даба,

Көйкөлгөн, көк шиберлүү жашыл талаа.

Камалып калган кезде кусалыка,

Кабылгым келет бороон, шамалына.

 

Күтөмүн,сыр билгизбей кабарыңды,

Күтөмүн, бир күн эшик кагарыңды.

Күйүтүм,сагынычым айттырбастан,

Көзүмдөн, баарын окуп аларыңды.

 

 

 

***.

Эртели кеч журуп турган суук шамал,

Эл жеримден, угузбачы суук кабар.

Ата-журтум аманбы алыстагы,

Аман бекен баатыры, уулу багар.

 

Сай  сөөгүм сыздаттың, суук шамал,

Суранамын угузбачы суук кабар.

Аман болсун эл-журттун тиректери,

Аянбастан кан төгүп, коргоп алар.

 

Алоолоп, каным менен жүрүп турган,

Ал берип, журөгумдүн отун жагар.

Аманат жаратканга эли-жерим,

Айланып мен келгенде тосуп алар.

 

 

04.04.2017

 

" Кыргызымдын жигиттери "

 

Ак чокулуу Ала-Тоону мекен кылып,

Ата-журтту кылымдарга,сактап келген.

Ак калпактуу кыргызымдын жигиттерин,

Аалам эли, эрдиктерин мактап келген.

 

Ар-намысын, ата салтын бийик тутуп,

Акылманын, улугун барктап келген.

Айкалышта  эли үчүн жан аябас,

Азаматын, баатырын таптап келген.

 

Уюткулуу Улуу журттун уучун улап,

Урпагы учун оз милдетин актап келген.

Касиеттуу кыргызымдын жигиттери,

Кадырына башымды ийип,таазим этем !

 

 Автор: Назгүл Нышанбаева.

Даярдаган: Элиза Капарова. 

 

 

 

 

 

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сабыржан Жолдошев, акын жана обончу: «Чыгармачылыгыма кызым себепкер» Сабыржан Жолдошев, акын жана обончу: «Чыгармачылыгыма кызым себепкер»

  Каректе калган туулган жер      Кыргыз обондорунун  ордун толуктаган,ыргактуу , бири-бирине окшобогон  ондогон ыр кайрыктары менен чыгармачылыктын чыйыр жолун баштап, анын ...

19 - Марта  2018 | 10 : 24284
Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл артисти: «Обон ордо» оболосо дейм» Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл артисти: «Обон ордо» оболосо дейм»

     Кыргыз жыттанып, кыргыз үнүн мукамдуу обондору аркылуу  бул жагы Кытай, тиги жагы Америка, анан Түркия менен Азия жергесине угузуп жаткан, кыргыздын каны-жанына сиңип калган  обологон...

26 - Февраля  2018 | 5 : 32354
Дилкумар Жолдошева, Жалал-Абад областтык Токтосун Тыныбеков атындагы... Дилкумар Жолдошева, Жалал-Абад областтык Токтосун Тыныбеков атындагы...

  Дилкумар айым, адегенде өзүң тууралуу маалымат берсең? Мен 1979-жылы,  6-майда Сузак районунун Октябрь айылында, кызматчынын үй-бүлөсүндө туулганмын. Атам Сабыржан Жолдошев чыгармачыл...

9 - Февраля  2018 | 7 : 51441
”Театрсыз жашоомду элестете албаймын” ”Театрсыз жашоомду элестете албаймын”

    ГАЛИНА КОНУРБАЕВА, Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрынын актрисасы: Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрында көп кырдуу таланттардын сабында актриса, ырчы...

21 - Декабря  2017 | 8 : 23262
Нурмухаммед киного тартылды Нурмухаммед киного тартылды

         Россиялык башкы телеканалдын “Лучше  всех” программасы аркылуу дүйнө көрүүчүлөрүн таң калтырган  Жалал-Абад шаарынын кичинекей тургуну Нурмухаммед Ташмаматов дагы бир өнөрү...

10 - Ноября  2017 | 6 : 16332
Токтогулдун үй – музейин көрөлү Токтогулдун үй – музейин көрөлү

  Улуу демократ төкмө акын , ойчул  жана композитор Токтогул Сатылгановдун  чыгармачылыгын  барактабаган, баалабаган жан болбосо керек.  Дал ушул кайталангыс улуу инсанга арналып,  Токтогул...

26 - Сентября  2017 | 9 : 18562
"Клипке тартылуудан сырткары кино багытында да өзүмдү сынай баштадым"

Аты жөнү -  Нурсултан Кудаяров   Туулган жери - Ноокен району, Масы...

29 - Июня  2017 | 13 : 27779