”Театрсыз жашоомду элестете албаймын”

21 - Декабря  2017 | 8 : 23135
”Театрсыз жашоомду элестете албаймын”

 

  ГАЛИНА КОНУРБАЕВА, Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрынын актрисасы:

Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрында көп кырдуу таланттардын сабында актриса, ырчы жана алып баруучу Галина Коңурбаева да бар. Ал жакында Кыргыз Театр ишмерлер Союзунун башкы сыйлыктарынын бири болгон Кыргыз Республикасынын эл артисти, элибиздин даңазалуу кыздарынын бири Алиман Жангорозова атындагы эл аралык сыйлыкты алды. Мындай чоң сыйлык тим жеринен келген жок.

Таланттардын мекени Кетмен-Төбөнүн бир кызы

   Галина айтылуу Кетмен-Төбө өрөөнүнөн чыккан не деген керемет таланттардын көч сабын улаган кыздардын бири. Торкент айылында туулуп, айылдын чаңында эле чоңойду. Ата-энеси  Жалал-Абад шаарында да жашап калышты. Ошол кезде негедир алардын кыз балдары  токтобой, эми көзгө көрүнүп, күлкүлөрү чыга баштаганда чарчап калып жатышты. Ошондо улуулар аларга кеңеш беришип, илгертен келе жаткан  элдик ырым-жырымдарды да колдонуп көрүүнү сунуш кылышты. Алардын айтуусу менен жаңы төрөлгөн дагы бир кызын Торкенттеги  кичинекей бейтапканада иштеген Таня аттуу орус акущерге беришти. Ал кызды торолтуп, атын өзүнүн ысмына уйкаш кылып Таня деп койду. Негизи ырым-жырымдар деле жашоодон алынып,кайра  жашоодо колдонсо болот тура. Ага ушул үй-бүлө ынанып калышты. Себеби, кичинекей Таня кыз чоңоё баштаганда кайра өздөрү алышып, ага удаа келген кызга уйкаштырышып, өздөрү эле Галина деп  атап алышты.  Эми бул үй-бүлөдө орус ысымдуу эки кыз болду жана алардын артынан дагы жети балалуу болушту.

Улуулардын жолу менен

 Ал бала кезден эле ар өнөргө шыктуу болду. Балким, бул табигаттын  ага тартуу эткен белегидир. Мектепке бара электе эле  үнүн бийик чыгарып, ошол кездеги  ырларды тартынбай ырдай берчү. Ырдын маанисине баа бере албаса да, ыргактарын дал өзүндөй кайрып, созгон жерин дасыккан ырчылардын кем эмес созолонтуп ырдаганда айылдагы улуулар  кайра-кайра ырдата беришчү. “Ырчы кыз” атыгып калган жайы да бар. Дегинкиси дээринен өнөргө шыктуулардын бардыгы эле бала күнүнөн  даярдык көрө башташат го. Ал дагы  ошентти, алдына  атактуу өнөр адамы болуу максатын коюп алды. Кийин эс тарта баштаганда даңазалуу эжеси, Кыргыз эл артисткасы,  ырчы Шахра Талипованын жолу менен барууну самады да, көбүнчө ал ырдаган ырларды аткарып жүрдү. Бир жагынан анын үн тембри элдик ырларга жакшы түшкөндүктөн, унутула баштаган элдик ырлардан тартып, Жумамүдүн Шералиевдин, Рыспай Абдыкадыровдун, Асанкалый Керимбаевдин ырларын көп аткарып жүрдү. Азыр да  ошол ыргак менен келе жатат.

Билим жана эмгек сапары

   Анын өнөр адамы болуусуна ата-энеси каршы болгон жок. Тескерисинче, жардам беришти, ак жол каалашты. Мектепти аяктап, Жалал-Абад  шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы Маданият техникумуна тапшырды. Бул окуу жай  маданият тармагына атайын  адистерди даярдаган жергебиздеги бирден бир билим уясы. Ушул жерден не деген таланттар  өнөр башатына жол алышкан. Алардын катарында  Галина Коңурбаева да театр бөлүмүн аяктап, колуна диплом алган соң, түз эле туулуп-өскөн аймагына жолдомо алды. Токтогул  элдик театрында ырчы жана артист катары эмгек жолун баштады. Ал кезде  аталган элдик театрдын даңазасы таш жарып турган эле. Айрыкча бала кезден өзүнө кумир тутуп жүргөн эл ырчысы Шахра Талипова менен бирге иштеп калганына бактысы тоодой болуп жүрдү. Ошол эле кезде  куудул Абдылда Иманкулов, сахна чебери Самат Аскаров, Бусурманкул Корошевдер анын  талантын алга сүрөгөн  мыкты таянычтары болуп калды.  Аталган театрда он жылга жакын иштеди, сахнада такшалды. Мар Байжиевдин “Он эки күн” комедиясында  Дездемонанын ролун аткарып, республикалык фестивалда алдынкы орунга жетишишкен. Ошол эле спектакль менен  Россияга барышып, Бүткүл Союздук театр фестивалына катышышкан. Бул  анын сахнадагы чоң жетишкендиги болду. Кудайберген Жапаровдун “Кыздардын өчү” драмасындагы Назинин образы да көрүүчүлөрдүн эсинде калды. Ал эми  Токтоболот Абдумомуновдун “Сүйүү жана үмүт” драмасында Жибекчачтын ролун аткарганы да анын театр сахнасындагы чеберчилигин арттыра алды.

Өнөр жолундагы өрүштөр

Ал театрда иштеп жүрүп,   актриса жана ырчы гана болбостон, алып баруучулукту да кошо алып  кетти.  Бул милдетти ар ким эле аткара албайт. Анын алып баруучулук чеберчилиги, дикциясы, анан  коңур үнүнүн жагымдуулугу област борборунан барган жетекчиликтин купулуна толгон ирмемдер көп болгон. Ошол эле мезгилде  алар тарабынан аны борборго чакырган сунуштар көп түшүп жатты. Андыктан ушундай сунуштарды четке кага албай, 1995-жылы областтык Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияга режиссерлук кызматка келди. Ачыгын айтуу керек, ал кезде областтык филармония жаңыдан уюшулуп, таланттуу кадрларга суусап турган. Филармониянын да өзүнө тагылган жүгү болот. Ал жалаң гана ырчылардын куралбайт, улуттук музыкалык аспаптардан турган элдик оркестр, бийчилердин, ошол эле мезгилде чакан  театр тобу да болуусу шарт. Ушундай өңүттөн алганда жетекчилик менен катар режиссерго да көп милдет жүктөлөт. Галина болсо, андай милдетти жоопкерчилик менен аткарды, филармонияны бутка тургузууга көп эмгегин жумшады. Ошол эле аралыкта Ош мамлекеттик университетинин музыка факультетин аяктап, жогорку маалыматтуу музыкант деген адистик алды.

Кайрадан театр сахнасында

Токтогул элдик театрында иштеп жургөн кезинде ал  драмалык актриса катары такшалып калган. Андыктан аны 2005-жылы  областтык Барпы атындагы драма театрына чакырышканда, ал бул жерде эч кыйналбай ушул чөйрөгө аралашып кетти. Анын үстүнө ал өз дараметин драма жагына көбүрөөк сынап көргүсү келчү. Тээ дүйнө классиктеринен тартып, орус элинин,  Борбордук Азиядагы не деген  атактуу драматургдардын, кыргыздын белгилүү классик жана азыркы драма жанрындагы  даңктуулардын чыгармалары сахналаштырылса, андагы  өзү көксөгөн образдарды сахнага алып чыксам деген  көкүрөк тепкен кыялдары бар болчу. Мына ошол ой тилегине жетүүгө бул жерде толук мүмкүнчүлүк бар деп эсептеди. Адегенде эле Мамат Оморовдун “Ак Мактым” драмасында Мактымдын ролун аткарып чыкканда бир топ толкундануу болду. Анткени, анын сырт келбети, турпаты кыргыз легендасына айланган Мактым сулууга окшошуп кетет дегендер болду. Ал аркылуу ошол Мактымды элестеткендер чыкты. Мындай салыштыруу,  албетте,  кимди болсо кубантат. Көрүүчүлөрдөн, анан кесиптештеринен ушул сындуу жакшы каалоолорду угуп, улам шерденип, жаңы образ жаратуунун аракетинде болду. Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде сахналаштырылган спектаклде  Бекей менен Бугу эненин ролун бирдей аткарды. Бул образдар да ага жакшы ийгилик алып келди. Ч.Айтматовдун дагы бир чыгармасы “Саманчынын жолунда” Толгонайдын ролун аткарып,  согуш жылдарындагы кыргыз аялдын образын эң сонун жарата алды. Дагы бир классикага айланып бараткан “Кылым карыткан бир күн” повестинин негизинде сахналаштырылган “Эне бейит” драмасында  Найман эненин образын көрүүчүлөргө тартуулады. Мында өз уулунан ажал тапкан эненин элесин таасын жана таамай бергендиги үчүн аны таптаган устаттары да ыраазы болгон жагдайлар бар. Белгилей кетели Мактым менен Толгонайдын ролун мыкты аткаргандыгы   үчүн 2015-жылы Кыргызстан Театр Ишмерлер Союзу тарабынан Кыргыз эл артисткасы  Даркүл Күйүкова атындагы  сыйлыкка татыды.Ал эми Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин “Таажысында” Актрисанын образын жаратуу менен анын  сахнадагы талантынын дагы бир каалгасы ачылды десек болот. Себеби, философиялык, татаал образды жаратуу ар кимдин колунан келе бербейт.

Сыйлык артынан сыймык

Сапарын карытып бараткан жыл Галина Коңурбаева үчүн жемиштүү болгондой. Анткени ал бул жылда Барпы Алыкулов атындагы областтык драма театрында жаралган бардык ийгиликтерге насиптеш болду жана салымын кошту. Экинчи  Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунда аталган театр Ооганбек Стамбековдун “Курманбек баатыр” драмасын коюп, баш байгени алган эле. Ошондо ал Тейиттин аялынын ролун аткарды. Мына ушул ролу үчүн Кыргызстан Театр ишмерлер Союзунун Алиман Жангорозова атындагы эл аралык сыйлыкка татыды. Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алган. “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси. Театрдын жыйырма алтынчы жаңы сезонун грузин элинин данктуу драматургу Антон Цагареллинин “Ханума” комедиялык драмасы менен ачышканда, ал  башкы каарман Хануманын ролун аткарды. Негизи башкы каарманды жаратуу да оңой-олтоң нерсе эмес. Ага көп мээнет, эмгек талап кылынат. Галина кесиптештеринин баалоосунда мээнеткеч жана өжөр. Ал дагы деле драмалык актрисалыктан сырткары ырчылык менен алып баруучулукту кошо алып жүрөт. Элдик ырларды созолонто аткарып, көрүүчүлөрдүн, күйөрмандарынын жарпын жазат. Ар кандай  салтанаттарды, мааракелерди, мамлекеттик денгээлдеги иш-чараларды алып барууда анын өзүнчө орду бар.

-Мен жашоомду театрсыз элестете албайм. Маянабыз аз болсо да, каржылык жактан кыйналып, жетишпей, кардыбыз ачып турса да, айланып эле театрга үйүлүп калабыз. Башка тармакка кетип калууга аракет жасап да көрдүм, бирок, эч кете албадым. Театр-менин тагдырыма айланып калгандай, ушул жерден эс алууга чыгып кетем го – деп кеп салат ал.

 

Бактыкан Ажымаматова. 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сабыржан Жолдошев, акын жана обончу: «Чыгармачылыгыма кызым себепкер» Сабыржан Жолдошев, акын жана обончу: «Чыгармачылыгыма кызым себепкер»

  Каректе калган туулган жер      Кыргыз обондорунун  ордун толуктаган,ыргактуу , бири-бирине окшобогон  ондогон ыр кайрыктары менен чыгармачылыктын чыйыр жолун баштап, анын ...

19 - Марта  2018 | 10 : 2446
Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл артисти: «Обон ордо» оболосо дейм» Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл артисти: «Обон ордо» оболосо дейм»

     Кыргыз жыттанып, кыргыз үнүн мукамдуу обондору аркылуу  бул жагы Кытай, тиги жагы Америка, анан Түркия менен Азия жергесине угузуп жаткан, кыргыздын каны-жанына сиңип калган  обологон...

26 - Февраля  2018 | 5 : 32138
Дилкумар Жолдошева, Жалал-Абад областтык Токтосун Тыныбеков атындагы... Дилкумар Жолдошева, Жалал-Абад областтык Токтосун Тыныбеков атындагы...

  Дилкумар айым, адегенде өзүң тууралуу маалымат берсең? Мен 1979-жылы,  6-майда Сузак районунун Октябрь айылында, кызматчынын үй-бүлөсүндө туулганмын. Атам Сабыржан Жолдошев чыгармачыл...

9 - Февраля  2018 | 7 : 51153
“Бүт дүйнөмдү койгум келди, сага арнап, ...” “Бүт дүйнөмдү койгум келди, сага арнап, ...”

    Бүгүнкү каарманыбыз интернет желелеринде өзүнүн айкын чыгармалары-ырлары менен таанылган жердешибиз, Сузак районунун Ачы өрөөнүнүн Шатрак айылында төрөлгөн Назгүл Нышанбаева...

21 - Декабря  2017 | 8 : 71130
Нурмухаммед киного тартылды Нурмухаммед киного тартылды

         Россиялык башкы телеканалдын “Лучше  всех” программасы аркылуу дүйнө көрүүчүлөрүн таң калтырган  Жалал-Абад шаарынын кичинекей тургуну Нурмухаммед Ташмаматов дагы бир өнөрү...

10 - Ноября  2017 | 6 : 16164
Токтогулдун үй – музейин көрөлү Токтогулдун үй – музейин көрөлү

  Улуу демократ төкмө акын , ойчул  жана композитор Токтогул Сатылгановдун  чыгармачылыгын  барактабаган, баалабаган жан болбосо керек.  Дал ушул кайталангыс улуу инсанга арналып,  Токтогул...

26 - Сентября  2017 | 9 : 18308
"Клипке тартылуудан сырткары кино багытында да өзүмдү сынай баштадым"

Аты жөнү -  Нурсултан Кудаяров   Туулган жери - Ноокен району, Масы...

29 - Июня  2017 | 13 : 27680