“Жалал-Абад №27-булак кимдики?

28 - Декабря  2017 | 10 : 56188
“Жалал-Абад №27-булак кимдики?

   

Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүнүн тургундары  №27-булак суусун толук өзүнө каратып алуу үчүн КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошту. Эске салсак, №27-булак суусу Барпы айыл өкмөтү менен “Келечек” жабык акционердик коомунун ортосунда он жети жылдан бери  талашка түшүп, соттон сотко өтүп, Чубактын кунундай чубалып келген.

Ушул чечилбей келе жаткан маселеге чекит коюу үчүн жыл соңунда айыл өкмөттүн жайыт комитетинин мүчөлөрү, депутаттар жана тургундары ийри отуруп, түз кеңешип,  маселени сессияда карашты.

Барпы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Абдиманап Каржолдиевдин айтымында 2009-жылы жайыт мыйзамы кабыл алынып, мунун негизинде айыл өкмөттүн балансына 8,64 гектар жерди өткөрүп берген. Ошол 8,64 га жердин ичине “Келечек” жабык акционердик коому иштетип жаткан №27-булак да кирет.Мунун сөзүн баштагы айыл өкмөт башчы, учурда  соту каралып жаткан Дөөлөтбек Эргешов да ырастайт.

-Акыйкат ушундай ачуу, өңгүл-дөңгүл болот  тура. Мунун айынан биз бешөөбүз сотко түштүк. Төртөө Жогорку сотко чейин барып, акталып келди. Мен башым дагы деле соттон  чыкпай жүрөт. Ошол “№27-булакты мыйзамсыз басып алды” деп бизге жөн жерден күнөө коюп, милициялар кармап кетишти. Болбосо, сот аткаруучулар бизге караштуу деп өткөрүп берген 3,80 га жерде гана отурганбыз. Органдагы айрым кызматкерлер да “Келечектин” буйругун аткарып, бизге жалаа жаап, жок жерден соттотуп жатат. Ушул булак Барпы айыл өкмөтүнүн балансына өтүшү мыйзамдуу. Бизде бардык документтер бар. Жогорку сотко чейин жетип, экинчисинде утуп алдык. Бирок, булак айыл өкмөттүн балансына толук өтпөй, алигиче “Келечек” иштетип жатат. Алар барган эле адамды күч колдонуп,  органга өткөрүп берип жатышат.

-Эгерде булак толук түрдө айыл өкмөттүн балансына өтсө, иштетип, анын эсебинен айыл аймагынын социалдык көйгөйлөрү чечилмек. Тактап айтканда жолдор оңдолуп, бир топ социалдык обьектилер курулмак. - Оюн ушинтип бышыктаган Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Апсатар Сыргабаев “Келечектин” аракетин мыйзамсыз деп эсептейт.

Айыл өкмөт менен “Келечек” жабык акционердик коомунун бул талашына Жалал-Абад шаардык мэриясы да кошулган. Тактап айтканда Өкмөттүн 2001-жылы 8-октябрындагы №608- токтомунун негизинде бардык муниципалдык жайлар, имараттар жана жерлер жергиликтүу муниципалдык кызматка карашы керек.

-Биз ушул токтомду аткарып 4, 45га жер менен №27-булак мэрияга өткөрүлүп берилген. Бул жер эч кандай айыл өкмөткө да, “Келечекке” да тийиштүү эмес. Эгер мэриянын буга тиешеси жок болсо, ошол токтом Өкмөт тарабынан жокко чыгарылышы керек.  Болбосо, токтом күчүндө калып,  булак мыйзамдуу түрдө мэрияга караш керек. Ушул эки жол гана калды = дейт Жалал-Абад шаардык мэриясынын муниципалдык жеке менчикти башкаруу комитетинин төрагасы Болот Жусупбеков.

Ал эми “Келечек”жабык акционердик коомунун филиалынын жетекчиси Мирлан Туманов “мыйзам биз тарапта болгон үчүн ушул кезге чейин булакты иштетип келе жатабыз” деп эсептейт.

-Биринчиден, бул жер мэрияга караштуу. Буга Барпы өкмөтүнүн эч кандай тиешеси жок. Кайсы бир адамдардын жеке кызыкчылыгы үчүн гана айыл өкмөттүн жайыт комитетине караш керек деп чыгышууда. Алардын бул аракеттери мыйзамсыз болгон үчүн кылмыш козголуп, соттон башы чыкпай жатат. Кылмыш жөн жерден ачылбайт да. Экинчиден, жакшылап логикалык ой жүгүрткөн адамга жайыт комитетине жайыт жер керек экени белгилүу. Булак турган жер эч кандай жайытка берилбейт. Чекесиндеги жерлерди талашкан жокпуз. Дегеле №27-булакты да эч ким менен эч качан талашпайбыз. Биздин аракет мыйзамдуу, лицензиябыз бар. Учурда 200 үй бүлө жумуш менен камсыз болуп, тиричилигин өткөрүп жатат. Алар биздин ишибизге тоскоолдук келтирип жатат - дейт Мирлан Туманов.

Кыскасы, бул жагдайдын ары же бери чечилишине Президент  таасир берет өңдүү. Алдыда эмне болот, кабардар болуп, окурманга кабарлап турабыз.

Гулнура КЕЛДИБАЕВА, “Акыйкат”. 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 5576
Аймакка ичүүчү таза суу берилди Аймакка ичүүчү таза суу берилди

    Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына...

11 - Мая  2018 | 10 : 4982
IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат

  Программалык жабдуулар жана Кызматтар Өндүрүүчүлөрүнүн Кыргыз Ассоциациясы жана IT Академиясы өзгөчө муктаждыктары бар жарандарга IT тармагында кыска мөөнөттүк окутуу боюнча жаңы долбоордун ишке...

11 - Мая  2018 | 10 : 5860
Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө

  Жалал-Абад областында ар кайсы тармактарды өнүктүрүү багытында тартылып жаткан инвестицияинын көлөмү улам артып баратат. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде област боюнча 2 миллиард 399 миллион сомдук...

11 - Мая  2018 | 11 : 2350
Кыргыз сомуна 25 жыл Кыргыз сомуна 25 жыл

  1993-жылы 10-майда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп өзүнүн жеке улуттук валютасын сомду жүгүртүүгө киргизген. Бул күнү баалар, эмгек акылар, стипендиялар пенсиялар, ишкана-мекемелердин...

10 - Мая  2018 | 8 : 386
Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы...

8 - Мая  2018 | 4 : 5471
Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык... Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык...

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалынын...

8 - Мая  2018 | 5 : 0107