Терек-Сайдан алынып келе жаткан сурьма ташы кармалды

9 - Июня  2016 | 11 : 35913
Терек-Сайдан алынып келе жаткан сурьма ташы кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 6-июнь күнү Таш-Көмүр шаарынын  түндүк аймагынын  чыга беришинен  оперативдик маалыматтын негизинде Ала-Бука районунун Терек-Сай аймагынан  7 тоннага жакын сурьма табигый асыл ташына окшогон заттарды жүктөп келе жаткан   оор жүк ташуучу унаа кармалды. Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынан алынган маалыматка караганда,  Таш-Көмүр ШИИБнин жана шаардык жол кайгуул күзөт кызматкерлери биргеликте токтотушкан. Сурьма ташы болушу мүмкүн деп күмөндөлгөн асыл таштарды   Токтогул районунун тургуну 1972-жылы туулган Ш. К аттуу атуул өзүнүн жеке менчик унаасына  документтери жок абалда, мыйзамсыз  жүктөп бара жаткан. Бул окуя ошол эле күнү Таш-Көмүр ШИИБнин кылмыш каттоо китепчесине катталып, тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан  тарабынан  тийиштүү иш мерчем жүргүзүлүп, унаа ШИИБнин аймагына киргизилди.  Ошондой эле соттук химиялык экспертиза дайындалды. Экспертизанын корутундусуна ылайык юридикалык баа берилет.

 -Алдын ала маалыматтарга караганда, сурьма ташына окшогон заттар  кытай өндүрүшөн чыккан мүшөктөргө жүктөлүп, Ала-Бука районунун Терек-Сай аймагынан алынып келе жаткан, божомолдоолорго караганда  унаадагы таштардын салмагы 7 тоннага жакын-, деп айтылат ОИИБден алынган маалыматта. 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сузак районунда жол кырсыгынан бир адам каза болду Сузак районунда жол кырсыгынан бир адам каза болду

  2017-жылдын 3-декабрында саат 18:30 чамасында Жалал-Абад Казарман жолунун 38 чакырымында, Сузак районунун Курманбек айыл аймагына караштуу Таран-Базар айылынын тургуну, 1976-жылы туулган Д. А ны мамлекеттик...

4 - Декабря  2017 | 6 : 5155
Маңзат сөзсүз уулайт Маңзат сөзсүз уулайт

      Жалал-Абад ОИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан өткөн айда баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Кара-Көл шаарынын Жээн-Кыштоо...

26 - Октября  2017 | 7 : 27105
Түркияга алданып барган сузактык кыз сексуалдык кулчулукка кабылып, 3... Түркияга алданып барган сузактык кыз сексуалдык кулчулукка кабылып, 3...

Сузак районунун тургуну Түркияга алданып барып, сексуалдык кулчулукка кабылып, 3 ай 15 күн иштеп келген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин өкүлү Ширин Расулов облуста «Адам сатууга каршы 100 күн» акциясынын жүрүшү...

7 - Сентября  2017 | 3 : 2278
Кумарпоздордун курмандыгы болдум Кумарпоздордун курмандыгы болдум

Адам сатуунун курмандыгы болгон каарманым маектешүүгө макул болбой жатып араң көндү. “Аты-жөнүмдү өзгөрт, кай жерден экенимди сураба” деген шарт менен баштан өткөн окуясын баяндоого...

7 - Сентября  2017 | 5 : 29257
Шайлоодо мыйзам бузулса оор жаза күтүлөт Шайлоодо мыйзам бузулса оор жаза күтүлөт

2016-жылдын 11-декабрындагы болуп өткөн Жалал-Абад шаарындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо убагында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” 2011-жылдын...

7 - Сентября  2017 | 5 : 51272
Кылмышты жаап-жашыруу менен жасалган аракеттер алдын алынууда Кылмышты жаап-жашыруу менен жасалган аракеттер алдын алынууда

        Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан, Базар-Коргон РИИБнын КККне 167 саны менен катталган материалды карап чыгып, төмөнкүлөр аныкталган.  Базар-Коргон районунун Акман айыл...

28 - Марта  2017 | 2 : 56368
Областтык сотко түшкөн кылмыш иштер Областтык сотко түшкөн кылмыш иштер

  Былтыркы жылы областтын жергиликтүү сотторунда 2074 кылмыш иши түшүп, областтык сотко апелляциялык жана кассациялык даттануу менен 486 кылмыш иштери ачылган. Мындай маалымат областтык...

15 - Февраля  2017 | 3 : 28580