«Акылдуу шаар» долбоорун Кытайдын «Huawei» компаниясы ишке ашырат

12 - Января  2018 | 6 : 39256
«Акылдуу шаар» долбоорун Кытайдын «Huawei» компаниясы ишке ашырат

"Акылдуу шаар" долбоорун Кытайдын "Huawei Technologies Co." компаниясы ишке ашырат. Кыргыз өкмөтү менен бул компаниянын ортосундагы келишимге 11-январда кол коюлду. Ага премьер-министр Сапар Исаков катышат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Тараптар талаштуу деп эсептелип жүргөн маселелер боюнча бир пикирге келишти. Кыргыз тараптан долбоор үчүн Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги жооптуу болот.

Милициянын ишинин ачыктыгын, ыкчамдыгын камсыз кылып, жол кырсыктарын азайтууга багытталган “Коопсуз шаар” долбоору тууралуу бир топ жылдан бери айтылып жүрөт. Бирок бул долбоордун айланасында сот иштери болуп, ал ишке ашпай калган. Долбоордун алкагында Бишкек жана Ош шаарларына, стратегиялык мааниси бар жолдорго видеокөзөмөл камералары орнотулат. Аны ишке ашырууга болжол менен 43 миллион доллар жумшала тургандыгы айтылган.

Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук программасын апрелдин башында жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган. Программанын алкагында “Коопсуз шаардын” ордуна “Акылдуу шаар” долбоору ишке ашырылмакчы.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Келечек ээлери бөксөлүктү толтурабы? Келечек ээлери бөксөлүктү толтурабы?

...

2 - Марта  2018 | 12 : 40111
Биз өз жашообуздун образын өзүбүз гана өзгөртөбүз Биз өз жашообуздун образын өзүбүз гана өзгөртөбүз

                                                                                                         2018-жыл...

23 - Января  2018 | 10 : 25618
Дача-СУ кырсыгына күнөөлүүлөр аныктала элек Дача-СУ кырсыгына күнөөлүүлөр аныктала элек

Өткөн жылы 16-январда 39 кишинин өмүрүн алган учак кырсыгына күнөөлүү тарап так аныктала элек. Бул иш боюнча жүрүп жаткан тергөөнүн алдын ала божомолу боюнча, кырсыкка учкучтар күнөөлүү деп табылган. Бул тууралуу...

16 - Января  2018 | 4 : 12167
Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы... Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы...

  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол...

11 - Января  2018 | 5 : 01165
Жээнбековдун Өзбекстанга сапарында чек ара боюнча документ каралбайт Жээнбековдун Өзбекстанга сапарында чек ара боюнча документ каралбайт

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга сапарынын күн тартибине чек ара боюнча документтер киргизилген жок. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева Жээнбековдун сапары...

12 - Декабря  2017 | 10 : 33205
Исаков: Казакстандын ортодогу бардык көйгөйлөрдү чечерине ишенебиз Исаков: Казакстандын ортодогу бардык көйгөйлөрдү чечерине ишенебиз

Премьер-министр Сапар Исаков 25-октябрда Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында Казакстан чек арадан жүк ташуу унаалардын эч тоскоолдуксуз өтүшүн камсыздайт деген ишенимин...

26 - Октября  2017 | 4 : 57133
Депутат айым менен жолугушуу Депутат айым менен жолугушуу

           Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Жалал-Абад областындагы  активист айымдар менен жолугушуу өткөрдү. Кыргыз республикасынын Эгемендүүлүк майрамынын жана...

7 - Сентября  2017 | 5 : 34435