Айдоочуларга эмес, жөө жүргүнчүлөр менен да иштөөнү күчөтүү керек

16 - Января  2018 | 4 : 18230
Айдоочуларга эмес, жөө жүргүнчүлөр менен да иштөөнү күчөтүү керек

 

 

Жалал-Абад шаарында өткөн жылы автожол кырсыктарынын саны 2016-жылга салыштырмалуу 12,9 пайызга өстү. Башкача айтканда, 2016-жылы жол кырсыктарынын саны 81 болсо, өткөн жылы алардын саны 93кө жеткен. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо кызматынын (ЖККК) башчысы Тыныбек Рахманов билдирди.

Деген менен, каза болгондордун саны өзгөргөн эмес, 2 жылда тең жол кырсыктарынан 5тен адам набыт болгон. Бирок, өткөн жылы мурдагы жылга салыштырмалуу жарат алгандар саны 17ге көп.

Ошондой эле жыл ичинде жаш өспүрүмдөрдүн катышуусу менен 24 жол кырсыгы катталып, набыт болгондор жок, бирок 24 өспүрүм денесинен жарат алган, бул мурдагы жылга салыштырмалуу 6га аз. Деген менен, бадардын катышуусундагы жол кырсыктарынын саны 7 пайызга кыскарган же 2016-жылы бул көрсөткүч 30 болсо, өткөн жылы 23 болду. Набыт бобгондор саны да 1ге азайды.

-Кырсыктардын негизги себеби болуп шаардагы жолдордун тардыгы жана транспорт каражаттарынын санынын улам көбөйүп жатканы эсептелет. Ошондой эле патрулдук милиция кызматкерлеринин штаттык курамынын жетишсиздиги да рол ойноодо, себеби бардык эле жерде көзөмөл жүргүзүү кыйын болуп жатат, - дейт Т. Рахманов.

Эми жыл башынан баштап жол кырсыктарынын санын кыскартуу максатында бир гана айдоочуларга эмес, жөө жүргүнчүлөр менен да иштөөнү күчөтүп, жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлу жатат. Айдоочулукка окутуп жаткан жайлар менен да келишимдер түзүлүп, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу процессине  жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо бөлүмүнүн адистери да катыша турган болду.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын аймагында ЖККК кызматкерлери тарабынан тейленген жалпы автожолдор 164 чакырымды түзөт. Ал эми патрулдук милиция кызматкерлеринин штаттык бирдиги жалпысынан 9 болсо, алардын төртөө аппарат кызматкерлери, ал эми 5 кызматкер жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөп келет. 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

От жагуу мезгилинде эрежелердин бузулушу адам өлүмүнө алып келди. От жагуу мезгилинде эрежелердин бузулушу адам өлүмүнө алып келди.

          Жыл башынан ушул күнгө чейин Жалал-Абад облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы райшаардык бөлүмдөрү менен биргеликте облус аймагындагы мамлекеттик өзгөчө мааниге ээ...

15 - Февраля  2017 | 3 : 21763
Ири  материалдык зыян тартышты Ири материалдык зыян тартышты

                           Сузак районунда  алты айга жетпей 40 өрт кырсыгы катталган.  Андан келтирилген материалдык зыян 3 миллион 36 миң 847 сомду түздү.     ...

8 - Июля  2016 | 13 : 441280
Аймактарда жабылган жолдор калыбына келтирилүүдө Аймактарда жабылган жолдор калыбына келтирилүүдө

Кара-Көл шаарындагы Бишкек-Ош унаа жолунда 2016-жылдын 7-июлунда саат 00:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 421-чакырымында жаан-чачындын кесепетинен болжол менен 10000м3 шагыл-таштар түшүп,  жол каттамы убактылуу жабылып...

8 - Июля  2016 | 15 : 16604
Мелдешке баратышкан мугалимдер кырсыктады Мелдешке баратышкан мугалимдер кырсыктады

Жалал-Абад облусу, Каракөл шаары, Муздак-Булак аймагы, Бишкек-Ош унаа жолунун 407-чкырымында мамлекеттик № D 64-00 К “Степвагон” үлгүсундөгү автоунаанын айдоочусу рульду башкара албай, астынан чыккан мамлекеттик №...

23 - Июня  2016 | 17 : 30551
Селден улам Бишкек-Ош жолу жабылды Селден улам Бишкек-Ош жолу жабылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 16-июнда саат 21:20лар чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Таш-Көмүр шаарында Бишкек-Ош каттамынын 430-435-чакырымдары жабылып калган. Жолго шагыл жана башка...

17 - Июня  2016 | 15 : 58824
Беш айдагы өрт 4 миллион  830 миң 948 сомдук зыян алып келди Беш айдагы өрт 4 миллион 830 миң 948 сомдук зыян алып келди

  Ноокен райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмү өрт коопсуздугу боюнча үгүт насаат иштерин жүргүзүп, областтык жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу макала, телекөрсөтүүлөрдү...

7 - Июня  2016 | 18 : 34774