Сузак районунда элдик жыйын өттү

16 - Января  2018 | 12 : 3396
Сузак районунда элдик жыйын өттү

           

                       

      Бүгүн, 16-январда Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында облустук жана райондук жетекчилердин катышуусунда райондун айыл аймактарынан келишкен өкүлдөрдүн катышуусунда элдик жыйын болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Элдик жыйындын ишине ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков, облусттук тармактардын жетекчилери катышты. Элдик жыйындын катышуучуларына Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Эрмекбай Омошев 2017-жылы райондун социалдык-экономикалык тармагында аткарылган иштер туурасында кыскача маалымат берди.

      - Бүгүнкү элдик жыйын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун тапшырмасы жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык “2018-жыл – Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялангандыгына карата өткөрүлүп жатат. Өткөн жылды райондун эли жакшы көрсөткүчтөр менен жыйынтыктады. Республикалык бюджет 120 млн 796 миң 580 сомго аткарылып, план тапшырма 104 пайызга аткарылды. Ал эми жергиликтүү бюджет 167 млн. 852 миң 790 сомго аткарылып, план тапшырма 105 пайызга аткарылды. Социалдык фонд 102 пайызга аткарылып, болгону Көк-Жаңгак шаарында элге кызмат көрсөтүү болгону 94 пайызга гана аткарылып калды. Өткөн жылы Ырыс айыл аймагына караштуу Кыр-Жол айылында жаңы 150 орундуу Карабаев орто мектеби жана Атабеков айыл аймагынын Жийде айылында жаңы Жунусов атындагы 275 орундуу жалпы билим берүүчү орто мектеп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди,- деди Сузак районунун аким Эрмекбай Омошев.

    Элдик жыйында турак-жайларды камсыздандыруу компаниясынын областтагы өкүлү Закиржан Анарбаев өткөн жылда аткарылган иштер туурасында маалымат берип, элдик жыйындын катышуучулары тарабынан берилген бир катар суроолоруна жоопторду берди. 2017-жылы Сузак району боюнча 2454 турак жайлар милдеттүү камсыздандырылуудан өткөрүлгөн. Ал эми облус боюнча 10 миңге жакын турак-жайлар милдеттүү камсыздандырылуудан өткөн. Элдик жыйындын катышуучуларынын суроолоруна КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын башчысы, подполковник Дайырбек Каримов, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Маматжан Миянов, облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Зайырбек Кыралиев, “Жалал-Абадэлектро” ААКсынын директору Кеңешбек Мамырканов элдик жыйындын катышуучулары тарабынан берилген ондогон суроолорго жоопторду беришти. Көк-Арт дарыясынын жээктерин бекемдөө, дамбаларды куруу жана сел коркунучтарынын алдын алуу, жазгы талаа жумуштарына карата ирригациялык каналдарды тазалоо, мектептердин капиталдык ремонтун жүргүзүү багытындагы суроолор элдик жыйындын катышуучулары тарабынан көп берилди жана бул багытта аткарылуучу милдеттер менен максаттар туурасында жетиштүү маалыматтар берилди.

     Сузак районунда өткөн элдик жыйындын ишин ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков жыйынтыктады. Өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков өзгөчө белгилеп кеткендей азыркы учурда облустун район-шаарларында жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү, малдын асылдуугун жакшыртуу жана идентификациялоо, ирилештирилген айыл чарба кооперативдерин түзүү багытындагы иш аракттер жандуу жүргүзүлүп жатат. Бул жумуштарды аткарууда “Жаңы доорго – кырк кадам” долбоорунун алкагында “Таз коом” программасы түздөн-түз жетекчиликке алынып жатат.

       Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 5578
Аймакка ичүүчү таза суу берилди Аймакка ичүүчү таза суу берилди

    Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына...

11 - Мая  2018 | 10 : 4982
IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат

  Программалык жабдуулар жана Кызматтар Өндүрүүчүлөрүнүн Кыргыз Ассоциациясы жана IT Академиясы өзгөчө муктаждыктары бар жарандарга IT тармагында кыска мөөнөттүк окутуу боюнча жаңы долбоордун ишке...

11 - Мая  2018 | 10 : 5861
Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө

  Жалал-Абад областында ар кайсы тармактарды өнүктүрүү багытында тартылып жаткан инвестицияинын көлөмү улам артып баратат. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде област боюнча 2 миллиард 399 миллион сомдук...

11 - Мая  2018 | 11 : 2352
Кыргыз сомуна 25 жыл Кыргыз сомуна 25 жыл

  1993-жылы 10-майда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп өзүнүн жеке улуттук валютасын сомду жүгүртүүгө киргизген. Бул күнү баалар, эмгек акылар, стипендиялар пенсиялар, ишкана-мекемелердин...

10 - Мая  2018 | 8 : 387
Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы...

8 - Мая  2018 | 4 : 5472
Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык... Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык...

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалынын...

8 - Мая  2018 | 5 : 0108