Сузакта ФАП ачылды

23 - Января  2018 | 10 : 825
Сузакта ФАП ачылды

Сузак районуна караштуу Мундуз айылында  №11 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жамааты  жаңы имараттуу болушту.  Заманбап имараттын ачылуу аземине Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев, «Ас-Салам”  кайрымдуулук  фондунун жетекчиси Доктор Нобиль Алоун жана жергиликтүү  тургундар катышты.  Калк саламаттыгы үчүн кызмат кылуучу имаратка кайрымдуулук фонд тарабынан 6 миллион сом, жергиликтүү казынадан 600 миң сом жумшалып бүткөрүлгөн. Заманбап жабдыктар менен да камсыз болгон.

-Буга чейин имаратыбыз тар болуп ыңгайсыздык жаралчу. Эми  кыйынчылыктардын баары артта калды. Анткени чоң жана жарык имараттуу болдук, заманбап медициналык жабдыктар алынды. Оорулуулар үчүн стамотология, анализ чыгаруу үчүн атайын лабораториялар жана башка ушул сыяктуу шарттар жакшырды,-дейт №11 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери Тилла Кенжебаев. Кошумчалай кетсек, мындагы кызматкерлер  3500дөн ашуун калк саламаттыгын көзөмөлдөшөт.

Имараттын ачылуу аземине келген «Ас-Салам» фондунун кыргызстандагы өкүлү Н. Миңбаев жер көчкүдөн жабыркагандарга жана оор шартта жашаган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү сунушу айтылгандыгын, алдыда бул маселелерди да карап көрүшөөрүн билдирди.

Ж. Шайыкова

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сузакта 20 гектар  жерге логистикалык борбор курулат Сузакта 20 гектар жерге логистикалык борбор курулат

  Сузакта камыш баскан 20 гектардай жерге логистикалык борбор куруу көздөлүүдө. Мындай маалыматты Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бүгүн өмүрүн айыл чарба...

16 - Февраля  2018 | 8 : 1727
Суу маселеси чечилүүсү шарт Суу маселеси чечилүүсү шарт

  Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бүгүн өмүрүн айыл чарба тармагына арнаган кызматкерлер менен жолугушту. Анда талаачылыкта, айыл чарба багытында...

16 - Февраля  2018 | 8 : 4727
Ооганчылар күнү эскерилди Ооганчылар күнү эскерилди

Ооган согушунун ардагерлеринин ошол кездерде жасаган күжүрмөн эрдиги өлкөбүз үчүн чоң кызмат жана Мекенди сүйүүнүн үлгүсү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын вице-мэри Турдаалы Темирбаев Жалал-Абад...

16 - Февраля  2018 | 9 : 731
ЖАМУ: ЖАЛАҢ ЖИГИТТЕР КҮЧ СЫНАШЫШТЫ ЖАМУ: ЖАЛАҢ ЖИГИТТЕР КҮЧ СЫНАШЫШТЫ

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономикалык-юридикалык факультетинде тайпалар арасында волейбол боюнча мелдеш уюштуруп, ал алдыдагы Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналды. Алты команданын ортосундагы...

16 - Февраля  2018 | 10 : 1721
Жалал-Абад: Жыл өнөр жайдын өсүшү менен башталды Жалал-Абад: Жыл өнөр жайдын өсүшү менен башталды

    Жалал-Абад шаары 2018-жылдын биринчи айын өнөр жайдагы өсүү менен баштады. Башкача айтканда, январь айындагы өнөр жай продукциясын өндүрүү жагынан өсүү темпи 108,7 пайызга жетти. Бул тууралуу...

16 - Февраля  2018 | 10 : 1923
ИРЕТСИЗ, МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН КҮРКӨЛӨР АЛЫНАТ ИРЕТСИЗ, МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН КҮРКӨЛӨР АЛЫНАТ

  Жалал-Абад шаарынын мэриясы шаар аймагында иретсиз, мыйзамсыз курулган же орнотулган күркөлөрдү салып салуу аракеттерин башташты. Шаар мэри Салайдин Авазов өзүнүн буйругу менен иретсиз жайгашып, шаар...

16 - Февраля  2018 | 10 : 2624
ЖАМУ: ООГАН СОГУШУНУН  АРДАГЕРЛЕРИНЕ СЫЙ-УРМАТ КӨРСӨТҮЛДҮ ЖАМУ: ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИНЕ СЫЙ-УРМАТ КӨРСӨТҮЛДҮ

  Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Ооганчыларга таазим” аталышындагы иш-чара болуп, анда Ооган согушуна катышып келген окутуучуларга сый-урмат көрсөтулдү.  Ал Ооган...

16 - Февраля  2018 | 10 : 2933