Биз өз жашообуздун образын өзүбүз гана өзгөртөбүз

23 - Января  2018 | 10 : 25698
Биз өз жашообуздун образын өзүбүз гана өзгөртөбүз

 

                                                                                                       2018-жыл – региондорду өнүктүрүү жылы

 

 

 Бүгүн айыл маданиятын көтөрүү – эң башкы маселе

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков – 2018-жылды – “аймакты өнүктүрүү жылы!” – деп өзүнүн Указы менен жарыялап, анда аймактарды өнүктүрүүнүн негизги багыттары так белгиленди.

Аймак – бул өзүнүн структурасында негизинен айыл Өкмөттөрү, социалдык тармактар жана айыл-кыштактар түзөт. Указдын текстинде аймакты өнүктүрүүдө жергиликтүү  өзгөчөлүктөрдү эске алуу керек деп баса көрсөтүлгөн.

Чындыгында эле биздин айылдын абалдары кандай? – деген суроо пайда болот. Ачыгын айтуу керек бүгүнкү күндө биздин айылдын инфра структурасы, маданияты, кыскасын айтканда айылдын психологиясы менен айылдын философиясы кандай? Эң башкысы айылдын  табити кандай? – деген суроого жакшы деп айтууга болбойт. Мына Сузак районундагы Барпы, Багыш, Кара-Алма, Базар-Коргон райондорундагы Акман, Могол, Кызыл-Үңкүр ал эми Жалал-Абаддагы Тайгараев айылындагы айыл өкмөттөрүндөгү көптөгөн айылдарды карасаңыз, айыл бар, көчө бар, жолдор бар, үйлөр бар. Кыскасы бардыгы бардай эле көрүнөт. Айталы дүкөндөр, мектептер, ар түрдүү сервиздер, суу бар. Бирок, алардын  курулушу, айрыкча архитектурасы заманбап маданиятка туура келеби? – Бул башка маселе.

Менин оюмча аймакты, анын маданиятын өнүктүрүү үчүн, айыл өкмөттөрүндө айыл курулушун стандарттуу, эл аралык нормаларга ылайык келген, технологиялуу сервистери бар айылды куруу үчүн айыл өкмөттөрүндө, райондук администрацияларда Архитектуралык кызмат көрсөтүү бөлүмдөрү иштеш керек.

Маселен, бир чоң айылда 3 – 4 көчө жана кичи көчөлөр бар. Көп айылдардын ички жолдору чаң, жамгыр жааса ылай болуп, көчөлөр абдан тар коюлган. Эң башкысы көчөлөрдө аттар коюлган менен көчөлөрдү номерлөө, башкача айтканда ар бир айылды идентификациялоо колго алынган эмес.

Ал эми адамдарда болсо дагы эле болсо бардык нерселерди Өкмөт, мамлекет куруп бериш керек деген эски ойлордо, идеяларда жүрүшөт.

Аймактар көрктүү, социалдык инфраструктурасыкүчтүү болушу үчүн биз, өзүбүз – айыл адамдары турак жай салганда, маданий курулушту курганда, б.а., короонун ичин адам, үй бүлө мүчөлөрү эс ала турган, тамак ичүүгө ыңгайлуу, конок күтүүгө мүмкүнчүлүк бар – инфраструктураны биз өзүбүз курбасак, бул ишке Кыргыз Өкмөтү киришмек беле?

 

Ал эми айыл көчөлөрүн карап көрөлү. Айыл көчөлөрүндө туруктуу стандарт жок. Азыр Кыргызстандын айылдары чындыгында өзгөрүп бара жатат. Кээ жерлерде 2-3 кабаттуу үйлөр туруп, жол бойлоруна кирпичтен дубалдар тургузулуп, азыр ар бир үйдө 2-3төн телевизорлор коюлган менен жолдорубуз, айрыкча ички жолдорубуз оңолбой жатат. Көчөлөрдүн жээктерин жазында чөп басып, жайында тикен басып, эски жыгачтардан тосмолонгон үйлөр көчөнүн көркүн бузуп турат.

Менин оюмча көчөлөрдүн жээктерин тазалап, арча, туя өстүрүп, ал турмак гүлдөрдүн түрлөрүн өстүрүп, ар бир үйдүн тушунда архитектуралык маданият көрүнүп турса жакшы болмок. Экинчиден айыл көчөлөрүндө малдар көп. Жол булганчта. Ошондуктан азыр айылдын ар бир жашоочусу бул маселелерге көңүл буруусузарыл. Ал эми айыл Өкмөттөрү болсо жалаң эле налог менен аракеттенбестен, керек болсо айыл архитектурасын колго алуусу тийиш.

Айыл адамдарынын маданиятын жогору көтөрүү керек. Бул абдан зарыл проблема болуп саналат. Айыл адамдары мамиле жасоо боюнча улуттук каада-салтты өнүктүрүү боюнча, ар бир адамда укуктук жана этикалык, эстетикалык тарбиянын жогору болушуна жетишибиз зарыл.

Анткени айыл адамдары азыр билимдүү, илимдүү, маалымат алмашуунун бардык чөйрөсү менен тааныш, глобализациянын жана интеграциянын шарттары менен таанышып, дүйнө таанымы кеңири – адамдар болуп саналат. Ошондуктан айыл маданиятын көтөрүү үчүн эл арасында:

Эң мыкты демилге, мыкты идея;

Эң мыкты билим сапаты;

Маданияттын эң мыкты парадигмаларын гана өздөштүрүү зарыл.

Ошондо гана  айыл да,айыл маданияты да өскөн болоорэле.

Айыл маданиятын өнүктүрүүнүн структурасын албетте мыкты мектептер, балдар бакчалары, спорттук аянтчалар, анан ушуларды ишке ашыра турган патриот адамдар зарыл.Болбосо кийинки 10 жылда Кыргызстандын айыл-кыштактарындамечиттер көбөйүп кетти. Мечиттер да керек дейли. Бирок айыл өкмөттөрүндө, мектептерде, социалдык бөлүмдөрдө айыл маданиятын жакшыртуу үчүн, айрыкча спорттук зал, кинозал, сервистик уюмдар үчүн инвестициялык долбоорлор менен иштеген логикалык, сервиздик борборлорду ачуу зарыл.

Бул үчүн эл ичинде азыр ким көп? – дипломдуу жаштар көп. Мына ошолор айыл маданиятын жакшыртуу үчүн атайын социалдык, экономикалык долбоорлор менен, айрыкча эл аралык уюмдар, банктар менен иштеп, өзү жашаган айылдын абалын, анын образын өзгөртсө болот – деген ойдомун.

 

 

Суусуз – жердин кабагы ачылбайт

Президенттин бул жарлыгында сугат тармактарын жакшыртуу боюнча жакшы проблемалар козголгон. Чындыгында эле жердин бир бактысы – бул суу болуп саналат. Б.з.ч., кылымдарда эле байыркы грек философу Фалес тирүү организмдин өнүгүшү үчүн эң маанилүү нерсе – бул суу деп эсептеген. Чындыгында эле суу – бул экономиканын да, жашоонун да эң башкы ресурсу болуп саналат.

Жалал-Абад регионунда суудан пайдалануунун абалы кандай? Ачыгын айтыш керек жаман эмес. Сугат системасынын абалын көзөмөлдөп турган областтык суу чарба башкармалыгы, райондун сугат системалары, суу сактоочу дамбалар, суу бөлүштүрүүчү кызматтар иштеп турат. Ал эми область боюнча алганда чарбалар аралык 706 км аралыктагы суу каналдары, ошондой эле ички чарбалык 3376 км түзгөн каналдар иштеп турат. Булардын бардыгы жерди оптималдуу пайдаланууга багытталган.

Суудан натыйжалуу пайдалануу үчүн областтык, райондук сугат тармактар ишканасы бардык айыл өкмөттөрү, айрым жерлерде жеке субүектилер менен келишим түзүшүп, аларга суу бөлүштүргүчтөр аркылуу зарыл сууну берип турушат.

Суудан пайдалануу – бул жерди өнүктүрүүнүн башкы булагы болуп саналат. Областын аймагында суу ресурсу дайыма көптөй көрүнөт. Маселен Майлы-Суу, Көк-Арт, Кара-Үңкүр, Кара-Дарыя сыяктуу дарыялар болгону менен алардагы суунун көлөмү аба ырайына да тыгыз байланышкан. Маселен, жаз айларында бул дарыяларда суунун көлөмү көп болгону менен жай, күз айларында суунун деңгээли бирдей болбой калат. Ошондуктан суудан арамжалдуу пайдалануу учурдун талабы.

Суу тармагындагы экинчи чоң проблема – бул сугат системасында иштеген кызматкерлердин айлык маяналарынын аздыгы. Маселен областтык, райондук сугат кызматкерлери республикалык министрлик тарабынан каржыланса айыл өкмөтүнүн аймагындагы сугат ишиндеги адамдар айыл өкмөтүнө түшкөн суу налогунун эсебинен жашашат. Башкача айтканда айыл жерде иштеген суу чарба кызматкерлери 3-4 миң сомдон  араң айлык алышат. Демек суу чарба кызматкерлерине  айыл Өкмөтү тарабынан эмес, Республикалык деңгээлдеги колдоо көрсөтүү зарыл.

Сугат тармагындагы үчүнчү чоң маселе – бул суудан үнөмдүү пайдалануу болуп саналат. Азыр көп жерлерде тамчылатып сугаруу методу  жүрүп жатат. Муну колдоого алуу зарыл. Болбосо Жалал-Абад регионунда 9226 гектар жерде бак дарактар бар. Мындан тышкары азыр ар бир үйдө эң кеминде 10дон ири мүйүздүү малдар, 50дөн ашык кой-эчкилер бар. Булар үчүн да суу керек.

Сууну үнөмдүү пайдаланууда бир жылдары Аксы районунда  гидровикалык жамгырлоочу жол менен жерлерди сгаруу жүргөн. Бул ыкма жакшы болчу. Ошондуктан азыр региондо суудан пайдалануу боюнча ар бир айыл Өкмөттөрүндө логикалык борборлор түзүлүшү  зарыл.

Суудан пайдаланууда эң орчундуу маселелердин бири – бул чарбалык ички каналдарды, ал эми айыл жергесинде ички арыктарды тазалоо маселеси болуп саналат. Ошондуктан эл ичинде “кыйналып жүрүп арык чап, ырдап жүрүп суу сугар” деген сөз кокусунан айтылган эмес.

Дегинкисин айтканда жер жана суу жөнүндөгү түшүнүктөрдү дагы тереңдетүү үчүн акындар, жазуучулар суу, жер маселесине абдан көп кайрылышкан. Маселен, айтылуу акын Жеңижоктун суу жөнүндөгү термесин алсак болот.

...Суу сыйлаган зор болоор,

Суу кордогон кор болоор – деп какшаганы да кокусунан эместир. Ал эми айтылуу Барпы акындын суу жөнүндөгү ырлары мектеп программасына киргизилген. Мен өзүм да суу жана жер жөнүндө көп жазгамын. Ош областтык газетада иштеп жүргөндө “Жердин формуласын жазган адам” деп атап, анда жер менен иштеп СССР Жогорку Советине депутат болгон Сатыбалды Сарыков жөнүндө жазсам, кийин “Кыргыз Туусу” газетасында иштеп турганда Ноокен районунун акими менен болгон маегимди “Дыйкан жөнүндө роман жазылса” – деп атаганмын. Ошондо эле дыйкандын, райондун экономикасын түзүүдө суунун жана жердин ролун көрсөткөмүн.

Чындыгында эле региондо экономиканы көтөрүү үчүн жерди пайдалануу жана ага мамиле жасоо – чоң роль ойнойт.

Жакында сууга жасаган эң жаман көрүнүштү көрүп алып абдан кейидим. Элдин баары эле билет Жалал-Абаддагы Тайгараев атындагы айыл Өкмөтүнүн аймагында 1966-жылы курулган жана анын узундугу кеминде 20 кмге жакын келген, тереңдиги 2 метрге жакын эки бети бетондолгон суу каналы курулуп, ал каналдан Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүн аралап өткөн.

Бир кезде мелмилдеп аккан суунун да, каналдын да кейпин көрүп, чындыгында эле Жеңижоктун ыры эске түшөт. Каналдын ичи кумга толуп, чөп басып, жээктерин камыш аралап кеткен. Менин оюмча бул каналдын ээси болуш керек да. Болбосо бир кездеги абдан сапаттуу, эки тарабы тең абдан сапаттуу цементтелген мындай каналды куруу оңой иш эмес.

Жерди жана сууну пайдаланууда азыр Айыл өкмөттөрүндө жоопкерчилик жогору болууга тийиш.. Областтык администрациянын адиси Ажимамат Исаевдин айтуусуна караганда Жалал-Абад облусундагы 68 айыл өкмөтүнүн 60 айыл өкмөтү дотацияда олтурат. Демек азыр бардык айыл Өкмөттөрү күчтүү регионду түзүү, башкача айтканда Айыл Өкмөтү аркылуу айыл жеринде экономиканы, маданиятты, искусствону, илимди өүктүрүү үчүн өз иштеринде бурулуш жасоолору тийиш. Анткени, азыр айыл Өкмөттөрү, анын адамдары, адистер инвестиция менен иштөөнү  күчөтүүлөрү зарыл. Айрыкча банктар, эл аралык уюмдар менен тыгыз иш алып баруу – өнүгүүнүн негизги багыттары болот.

 

Экономика үчүн кошумча резервдерди иштетүү зарыл

Регионду өнүктүрүүнүн эң маанилүү шарттарынын бири – бул айыл жергесинде чакан ишканаларды, заводдорду жана фабрикаларды куруу болуп саналат. Бул үчүн адамдарда күчтүү эрк, күчтүү Дух зарыл.

Адамдагы эрк – бул анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Быйыл Европалык философ М. Вайер өзүнүн “Саясат – бул нравалык көрүнүш”  деген эмгегинде “адам өз алдындагы маанпилүү ишти милдет катары кабыл алганда гана анын коомго жасаган көз карашы да өзгөрөт” – деп жазган. Демек адамдын ишмердүүлүгү анын нравалык саясатына байланыштуу турбайбы.

Ал эми Дух деген түшүнүк да адамдын моралдык сапатына тыгыз байланышкан түшүнүк болуп саналат. Ошондуктан байыркы философ Спиноза – дух бул – субстанция деп атаган. Себеби дух – бул адамдын абийири, ар-намысына байланышкан сапат болгондуктан, эң мыкты духтук сапаттар элдик духка айланып кетиши мүмкүн. Ошондуктан жакшы нерселерди, болгондо да эл үчүн, калк үчүн пайдалуу иштерди жасоо – бл чыныгы адамдык сапат болуп саналат.

Азыр адамдардын аң-сезиминде коомдук өнүгүүнүн маданияты жөнүндөгү түшүнүк алдыңкы планга чыкты. Чындыгында эле өнүгүүнүн маданияты деген эмне?

Өнүгүүнүн маданияты – бул адамдардын өз ишмердүүлүгүнө алдыңкы технологияларды, илимдин жетишкендиктерин, алдыңкы идеяларды пайдалануунун жолдорун айтабыз.

Азыр көп жерлерде айталы Кытайда, Европанын бир катар өлкөлөрүндө биогазды, күндүн нурун, шамалды пайдалануу менен экономиканын башка шарттарын иштеп жатышат. Мындай шарттар бизде да бар. Кеп аны массалык коммуникация катары пайдаланууда турат.

Дагы бир айта турган нерсе айыл адамдары үчүн жер семирткичтерди чыгаруучу чакан ишканаларды түзүп алуу зарылдыгы кыйын деле эмес. Бул  үчүн Кыргыз илимдер Академиясынын тиешелүү институттары, республикадагы жогорку окуу жайлардын окумуштуулары бул багытта программалык иш алып баруулары зарыл. Болбосо качанга чейин жер семирткичтердисырттан ташыйбыз?

-Үчүнчү чоң маселелердин бири – бул региондо техникалык сервиздерди шартка жараша иштеп чыгуу болуп саналат. Маселен машинанын дөңгөлөктөрүн чыгаруу же болбосо эң зарыл болгон жаратылыш газын иштеп чыгуу милдети турат. Жалал-Абадшаарында мындан 5-6 жыл мурда газ өндүрүүчү чакан завод курулган. Элдер алардын кызматынан пайдаланышкан. Азыр болсо бул сервиздин ишмердүүлүгү көрүнбөйт.

Экономиканы көтөрүү аркылуу регионду көтөрүү – бул башкы проблема болуп саналат. Бул жагынан алганда Жалал-Абад облусундагы төртүнчү чоң проблема – бул мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү чакан заводдорду куруу болуп саналат.

Бул жагынан алганда Жалал-Абад регионунда абдан бай тажрыйба бар болчу. Маселен, Жалал-Абадда, Базар-Коргондо консерва заводдору курулган. Кийин алар жок болуп кетти. Азыр эмне көп? – элде мөмө-жемиш көп. Башкасын айтпаганда да дал ушул Жалал-Абад облусунун аймагында 17 токой чарбасы бар. Бул жерден азыр алманын, алчанын, чиелердин ширелеринен эң мыкты кыямдарды, сокторду жасаганга толук шарттар бар. Эң башкысы токойдон алынган ширелер дайыма экологиялык жактан тазалыгы менен баалуу. Бул ишти колго алуу зарыл.

Бешинчи эң чоң көйгөй – бул Жалал-Абад облусунда мөмө-жемиштерди, азык-түлүктөрдүн сапатын аныктап берүүчү биосанитардык лаборатория жок. Менин оюмча биолабораторияны куруу эң зарыл иштерден болуп саналат. Болбосо коңшу региондорго барып продукцияны лабораторияданөткөрүп келүү канчалык убаракерчиликти алып келиши мүмкүн.

Кыскасын айтканда регионду өнүктүрүү – бул биздин, ар бирибиздин башкы максатыбыз болушу зарыл жана бул маселеге ар бирибиз активдүү катышканда гана жакшы натыйжа пайда болот деп ойлоймун.

 

Аким Акжолов, ЖаМУнун профессору, жазуучу.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Келечек ээлери бөксөлүктү толтурабы? Келечек ээлери бөксөлүктү толтурабы?

...

2 - Марта  2018 | 12 : 40154
Дача-СУ кырсыгына күнөөлүүлөр аныктала элек Дача-СУ кырсыгына күнөөлүүлөр аныктала элек

Өткөн жылы 16-январда 39 кишинин өмүрүн алган учак кырсыгына күнөөлүү тарап так аныктала элек. Бул иш боюнча жүрүп жаткан тергөөнүн алдын ала божомолу боюнча, кырсыкка учкучтар күнөөлүү деп табылган. Бул тууралуу...

16 - Января  2018 | 4 : 12230
«Акылдуу шаар» долбоорун Кытайдын «Huawei» компаниясы ишке ашырат «Акылдуу шаар» долбоорун Кытайдын «Huawei» компаниясы ишке ашырат

"Акылдуу шаар" долбоорун Кытайдын "Huawei Technologies Co." компаниясы ишке ашырат. Кыргыз өкмөтү менен бул компаниянын ортосундагы келишимге 11-январда кол коюлду. Ага премьер-министр Сапар Исаков катышат деп...

12 - Января  2018 | 6 : 39312
Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы... Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы...

  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол...

11 - Января  2018 | 5 : 01325
Жээнбековдун Өзбекстанга сапарында чек ара боюнча документ каралбайт Жээнбековдун Өзбекстанга сапарында чек ара боюнча документ каралбайт

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга сапарынын күн тартибине чек ара боюнча документтер киргизилген жок. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева Жээнбековдун сапары...

12 - Декабря  2017 | 10 : 33274
Исаков: Казакстандын ортодогу бардык көйгөйлөрдү чечерине ишенебиз Исаков: Казакстандын ортодогу бардык көйгөйлөрдү чечерине ишенебиз

Премьер-министр Сапар Исаков 25-октябрда Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында Казакстан чек арадан жүк ташуу унаалардын эч тоскоолдуксуз өтүшүн камсыздайт деген ишенимин...

26 - Октября  2017 | 4 : 57144
Депутат айым менен жолугушуу Депутат айым менен жолугушуу

           Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Жалал-Абад областындагы  активист айымдар менен жолугушуу өткөрдү. Кыргыз республикасынын Эгемендүүлүк майрамынын жана...

7 - Сентября  2017 | 5 : 34491