Өздүк финансыны пландоонун сырлары

23 - Января  2018 | 10 : 31414
Өздүк  финансыны пландоонун сырлары

 

 

Сиз окуучу, студент, ишкер же пенсиядагы адам болсоңуз деле эртеңки күнгө карата пландар менен жашайсыз, туурабы? Мисалы, бейшемби киного кирем, ишемби базарга ж.б... Ал эми ар бир чакан жана ири пландар акча менен байланыштуу экенин, акчасы жок бир дагы планды ишке ашыруу мүмкүн эместигин билесиз. Бирок, ошол акча каражатын дагы туура пайдаланып, пландаштыра билүү өзүнчө эле талант десем жаңылышпасмын. Анткени, арабызда алган айлыгын 1 жумага жетпей коротуп, куру кол олтуруп калдым дегендер четтен чыгат. Ушул көйгөйдү эске алып, биз финансы булагын туура пайдалануунун сырлары тууралуу маалымат алыш үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын көзөмөл бөлүмүнүн инспектору Суйунбек кызы Эльвира менен маектештик.

 

  • Акчаны кантип туура колдонуп, пландаштыра билиш керек деген суроого жооп берсеңиз?
  •  Адамдын капиталы –анын башында, саламаттыгында жана жаратылыш берген талантында болот. Кээ бирөөлөр ырдап, бирөө устачылык же мал-чарбачылык менен жан сактап, өзүнүн муктаждыктарын канааттандырып келет. Анткени менен тапкан акчаны тапкандай жоготуу менен “акча колдун кири” деген пикирде жашагандар көп. Акча каражатыңызды азыртан тескөөгө болот, мында кандай каражатка ээ болгонуңуз анча маанилүү деле эмес. Бул 1000 сом, же 15 000 сом болушу да мүмкүн. Төмөнкү жөнөкөй эрежелерди аткаруу менен акчанын чыныгы баалуулугун гана сезбестен, аларды тескөөга да үйрөнөсүз.

Алгач, чөнтөгүңүздө канча акча бар экендигин эсептеңиз. Бирок келечекте ала турган акчаңызды эсептебеңиз. Анткени күтүп жаткан акчаңыз колуңузга тие элек. 

Андан соң сиз канча карызыңыз бар экендигин эсептеңиз.

Өз капиталыңызды эсептеп чыгыңыз. Колдо болгон акчадан карызыңызды эсептеп чыгарыңыз. Мына дал ушул акча таза капитал болуп саналат. Ал алгылыктуу болсо, сиз туура жолдосуз, ал эми терс жыйынтык чыкса, анда сиз зарыл эмес чыгымдарды азайтууңуз керек.

Ар бир айда канча акча табасыз жана канча акча коротосуз?

Күн бою акча коротпоого аракет кылыңыз. Бир күндү тандап, ал күнү бир да сом коротпоого аракет кылыңыз. Акчаны үнөмдөө аркылуу өз эркиңизди тескей билүү канчалык жагымдуу экенин сезүүңүз керек. Акырындык менен үнөмдөөчү күндөрдү көбөйтүүгө аракет кылыңыз. 

Сатып алган буюмдардын чектерин сактап кою керек. Биринчиден, бул чыгашаларды системалаштырууга жардам берет жана акчанын эмнеге корогонун так билесиз. Экинчиден,  чектерди сактап коюу менен товарды алмаштырууга же аны кайтарып берүүгө мүмкүн болот.

Белгиленгенден көп төлөп жаткан жоксузбу? Текшериңиз. Бул уюлдук байланыш үчүн төлөм сыяктуу кадимки төлөмдөр да болушу мүмкүн.

Дүкөнгө, базарга баруудан мурда тизме түзүп алууну адатка айлантыңыз. Эмне жана канча керек экендигин тактап, андан соң  тизмеде көрсөтүлгөн нерселерди гана сатып алууга аракет кылыңыз.

Өз чыгашаңызды эсептеңиз. Ар бир сарпталган тыйынды жазуу керек. Бул каражаттын кайда сарпталып жаткандыгын билүүгө жардам берет.

Бюджет түзүү керек. Ар бир айда канча сумма келип түшөөрүн жана канча чыгаша болоорун аныктаган соң, бюджет түзүңүз.

Финансы жөнүндө окуу керек. Билимдүү болуу – финансы чөйрөсүндө эң зарыл нерсе. Бүгүн өздүк финансыга тиешелүү кызыктуу болгон бир макаланы же китептин бир бөлүгүн окуңуз. Кийинки күнү дагы бир бөлүгүн окуңуз. Финансы маселесин мыкты билүү үчүн үзгүлтүксүз окуп турганга аракеттенүү керек.

Инвестициялоо үчүн акча топтой баштаңыз.

 

  • Каражатты кай жерде сакташ керек  жана аларды эмнеге инвестициялоого болот?

 

  • Каражаттарды сактоонун төмөнкү варианттары бар: үйдө, банкта жана баалуу кагаздарга инвестициялоо.

Алсак, эгерде каражатты үйдө сактасаңыз, жыл өткөн сайын инфляциядан улам сакталып турган акчанын сатып алуу-сатуу жөндөмдүүлүгү төмөндөп, нарксыздана баштайт. Мындан тышкары, акчаны үйдө сактоодо алар өлкөнүн жүгүртүлүшүнөн четтейт. Бул өз кезегинде экономиканын өнүгүшүнө тоскоолдук кылат. Анын үстүнө, ууруларга жем болбойсуз деп, эч ким кепилдик бербейт. Ушул себептен, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө каражатты сактоонун эң оптималдуу ыкмасы болуп акчаны банктык эсепке жайгаштыруу саналат.

Ал эми инвестициялар тууралуу сөз кылсак, акчаны үлүштүк жана же карыздык баалуу кагаздарга жумшаса болот. Мисалы, ишкананын акцияларына жумшаса, алар ишкананын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү менен кошо дивиденддер түрүндө алгылыктуу киреше алып келет. Мында инвестициялардан киреше алууга гарантия берилбей тургандыгын унутпоо зарыл. Туура эмес инвестициялоодо каражатыңыздын бир бөлүгүнөн ажырап калышыңыз мүмкүн, бирок бир же бир нече ийгиликтүү инвестициялоо менен ажырап калган бөлүгүңүздүн орду компенсацияланып, сизге киреше түшүшү мүмкүн. Ошондуктан каражатты, иши ийгиликтүү, өнүккөн жана финансылык абалы жакшы компанияларга салып, же сиз ишенген дилерлер менен иш алып барууга аракет кылыңыз.

  • Өздүк каражатты пландаштыруунун эрежелерине токтоло кетсеңиз?

 

  • Эгерде өзүңүз ишкердик менен алектенсеңиз, анда тапкан кирешени өзүңүздүн бизнеске жумшаган жакшы. Ал эми кредитти керектөө үчүн эмес, аны бизнес баштоого жана аны өнүктүрүү үчүн алган туура болот. Анткени өз бизнесиңизди өнүктүрүү менен экономикалык гана эмес, социалдык көйгөйлөрдү да чечесиз.

Жогоруда айтылган сөздөрдү бышыктоо үчүн жана сизге өздүк каражатыңызды туура пландоо, пайдалануу үчүн төмөнкү беш эрежени пайдаланууну сунуштайбыз.

1- эреже. Үнөмдөө.

Үнөмдөө - бул адат. Аны адатка айландырыңыз. Байлык ошол замат келбейт, акырындап келет. Үнөмдөө- бул бай, жетиштүү жашоонун пайдубалы. “1 тыйын сомду бекемдейт” – деген принципти сактаңыз. Өздүк финансыны пландоодо эң биринчи рационалдуу, акыл менен коротууну үйрөнүү зарыл.

            2- эреже. Финансылык коопсуздук баштыкчасынын болуусу.

Жашоо ар кандай күтүлбөстүктөргө бай жана алар ар дайым эле жагымдуу болбойт. Кайсы убакта болбосун, күтүүсүз акча коротууну талап кылган учурлар болуп калат (ооруу, жаратылыш кырсыктары, тойлор ж.б.). Мындай жагдайдан чыгуунун эки жолу бар: карыз алуу же жогоруда айтылган финансылык коопсуздук баштыкчаны колдонуу. Ар ай сайын 500сом, 1000 сом, өзүңүздүн акчаңызга жараша топтой бериңиз. Бул сиздин финансылык коопсуздук баштыкчаңыз болмокчу.

            3- эреже. Керектөөңүзгө жараша пландаңыз.

Америкалык психолог Абрахам Маслоунун “Керектөө иерархиясы” теориясында, адам баласынын керектөөсүн этаптарга бөлгөн. Анда керектөө иерархиясынын эң төмөнүнө жөнөкөй тамак-аш менен камсыздоо жайгашып, төмөнкү муктаждык толук же жарым жартылай канааттандырылгандан кийин иерархиянын кийинки тепкичине жол ачылат. Ушинтип отуруп керектөөчүнүн суроо-талаптары, муктаждыктары татаалданып, өөрчүй берет.

Бул иерархияны пландоодо дагы колдонсок болот. Мисалга алсак:

Эң зарыл болгон - тамак-ашка болгон чыгымдар, батирдин акысын төлөө, кредитти төлөө;

Коопсуздук чыгымы – электр жарыгына, газ, суу, байланыш жана дары-дармектерге болгон чыгашалар;

Социалдык чыгымдар – белектер, оюн-зоок ж.б.;

Престиждүү чыгымдар – кымбат баалуу сатып алуулар;

Рухий чыгымдар – бул биздин хобби, саякаттоо ж.б.

Ошентип биздин чыгымдар эң төмөнкү муктаждыктан башталышы абзел.

            4- эреже. Эң биринчи кредитти төлөңүз, андан кийин инвестициялаңыз.

Экономикалык эсептөөлөр, эгер сизде кредитордук карызыңыз жана ашыкча акчаңыз болсо, анда ашыкча акчаңызды карызды төлөөгө жумшаганыңыз туура экендигин тастыктады. Эгерде сизде бир нече кредитиңиз болсо, анда алардын эң пайызы жогоркусун биринчи жапканыңыз туура.

            5- эреже. Өзүңүздүн акчаңызды колдонуп иш жүргүүзүүдөн ырахат алыңыз.

Акча эсепти жакшы көрөт. Бирок сизге дебет кредитти тыйыныга чейин эсептеп чыгаруу кыйынга турса, анда андай тактыктын кереги жок. Сиздердин эсептөөңүздөрдөгү бир-эки миң сомдук айырма, баш оорутууңузга арзыбайт.   

Өздүк финансыңызды алыңыздын жетишинче пландаңыз, ашыкча нерв коротуп ойлонуунун кереги жок. Пландооңуздун жыйынтыгында кирешеге чыксаңыз болгону.

                                                                                Гүлнура КЕЛДИБАЕВА 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сатылбаган электр лампасы эсти алды Сатылбаган электр лампасы эсти алды

    Майлуу- Суу шаарынын жергиликтүү бюджети 103 пайызга аткарылган.  Бирок, республикалык бюджет  97 пайыз гана болуп калды. Эмне үчүн?.. Албетте, салыктарды толтурууда жергиликтүү салык...

6 - Февраля  2018 | 9 : 43332
Жогорку чыңалуудагы электр тармактарында беш миллион киловат-... Жогорку чыңалуудагы электр тармактарында беш миллион киловат-...

    Жалал-Абад жогорку чыналуудагы электр тармактары ишканасы (ЖЖЧЭТИ) аркылуу өлкөнүн бардык тарабына электр кубаты тарайт. Себеби, Суу-электр станцияларынан иштелип чыккан электр кубаты жогорку...

28 - Августа  2017 | 4 : 20451
Акжол Доранбек уулу Акжол Доранбек уулу

  Акжол Доранбек уулу   1994-жылы 14-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн. 2009-2012-жылдары Ош соода экономикалык коледжин аяктап, экономист-бухгалтер кесибине ээ...

22 - Ноября  2016 | 7 : 351379
Биргеликте өнүгүүнүн жолун издөө Биргеликте өнүгүүнүн жолун издөө

        Бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү жана сырттан инвестиция тартуу аркылуу экономиканы көтөрүү, жашоо деңгээлин өстүрүү жагдайында бүгүн КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу...

17 - Августа  2016 | 17 : 101058
“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун... “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун...

  “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому (мындан ары “МИК” ААК) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын ишке ашыруунун чегинде...

29 - Июля  2016 | 10 : 37881
Чет өлкөлөрдөн товарлар келүүдө Чет өлкөлөрдөн товарлар келүүдө

   Жалал-Абад областынын керектөөлөрү үчүн быйылкы жылдын алты айынын ичинде областка  12820,4 миң АКШ долларга ар кандай сырьелор, товарлар алынып келинди. Мындан тышкары областка  Кытай Эл...

28 - Июля  2016 | 16 : 14365