Токтогулда өлгөн балыктар 3 тоннага жетти

23 - Января  2018 | 11 : 37217
Токтогулда өлгөн балыктар 3 тоннага жетти

  

 Токтогул районунда массалык түрдө кырылган балыктардын салмагы 3 тоннадай болду. Бул тууралуу райондун акими Майорбек Сатымкулов бүгүн, 23-январда билдирди.

Анын айтымында, балык чарбаларда 17 тоннага жакын балык бар. Балыктардын өлүүсү азыркыга чейин токтой элек.

 «Бүгүн, 23-январда саат 09:30га карата алынган маалыматтар боюнча балык чарбасынан 2,9 тонна балык өлгөнү аныкталды. Учурда балыктардын өлүүсү токтой элек. Адистер жеринде иштеп жатышат. Бул балык чарба 2008-жылы уюшулган. Ал чарбада жалпы 14 көлмө болсо, анда 17 тоннага жакын балык бар деп болжолдонууда», - деди ал.

Маалым болгондой, Жаңы-Жол айыл аймагынын тургуну Аман Борбуев 9 жылдан бери балык чарбачылыгы менен алектенип келген. Алгач 3 тонна балыкка ылайыкташкан жасалма көлмө менен ишин баштаган. Бир топ жылдан берки чарбачылыгынын үзүрүн көрө баштаган эле. Былтыркы жылы 15 тоннадай балык саткан. Быйыл 20 тоннага жеткирүүнү көздөп жатканын буга чейин билдирген.

Буга чейин маалымдалгандай 21-аянварда саат 23:00 чамасында Ош—Бишкек жолунун 264-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа Чычкан капчыгайындагы сууга кулап, анын кесепетинен балыктар массалык түрдө кырылган. Балыктар балык чарбасын иштеткен жеке ишкерге таандык болгон. Ал дарыяга күйүүчү май ташуучу унаанын кулоосунун кесепетинен экинчи жолу зыянга учурап жатат.

Жалал-Абад ОИИБ күйүүчү май ташыган унаанын сууга кулашы боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Унаа суудан чыгарылып, унаалар токтоочу жайга жеткирилген.

Ошондой эле, Мамэкотехинспекциянын Токтогул району боюнча аймактар аралык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан 38 тонна бензин төгүлгөн жерден административдик протокол толтурулган.

«Чычкан суусунда бир нече жеке менчик балык өстүрүүчү көлмөлөр жайгашкан. Кырсык учурунда бир көлмөдөн балыктардын массалык кырылуусу катталып, себебин аныктоо үчүн балыктар ветеринардык инспекциянын лабораториясына жөнөтүлгөн. Ал эми суунун үлгүсү Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча агенттиктин лабораториясына текшерүүгө берилди. Токтогул суу сактагычын текшерүүгө алганда кооптуу кырдаал катталган жок. Жаратылышка келтирилген зыян боюнча күнөөлүү адамдарга чара көрүү үчүн тийиштүү материалдар Токтогул райондук ички иштер башкармалыгына берилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат Мамэкотехинспекциянын билдирүүсүндө.
Ош—Бишкек жолундагы кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 2 адам ооруканага жеткирилген. Такталган маалыматтар боюнча, май ташуучу унаанын айдоочусу эмес, анын жардамчысы — 1986-жылы туулган А.Н. каза болгон. Унаа Бишкек шаарынан Жалал-Абад шаарын көздөй бара жаткан.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, оор жүк ташуучу унаа чукул бурулуштан катуу ылдамдыкта бурулуп, жүк унааны сайды көздөй тартып кеткен деп болжолдонуп жатат. Бул боюнча автотехникалык экспертиза дайындалып, териштирүү иши жүрүп жатат.  

 

Ж. Шайыкова

Редакциядан: сурөттөрү turmush.kg сайтынан алынды.

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сузакта 20 гектар  жерге логистикалык борбор курулат Сузакта 20 гектар жерге логистикалык борбор курулат

  Сузакта камыш баскан 20 гектардай жерге логистикалык борбор куруу көздөлүүдө. Мындай маалыматты Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бүгүн өмүрүн айыл чарба...

16 - Февраля  2018 | 8 : 1727
Суу маселеси чечилүүсү шарт Суу маселеси чечилүүсү шарт

  Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев бүгүн өмүрүн айыл чарба тармагына арнаган кызматкерлер менен жолугушту. Анда талаачылыкта, айыл чарба багытында...

16 - Февраля  2018 | 8 : 4727
Ооганчылар күнү эскерилди Ооганчылар күнү эскерилди

Ооган согушунун ардагерлеринин ошол кездерде жасаган күжүрмөн эрдиги өлкөбүз үчүн чоң кызмат жана Мекенди сүйүүнүн үлгүсү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын вице-мэри Турдаалы Темирбаев Жалал-Абад...

16 - Февраля  2018 | 9 : 731
ЖАМУ: ЖАЛАҢ ЖИГИТТЕР КҮЧ СЫНАШЫШТЫ ЖАМУ: ЖАЛАҢ ЖИГИТТЕР КҮЧ СЫНАШЫШТЫ

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономикалык-юридикалык факультетинде тайпалар арасында волейбол боюнча мелдеш уюштуруп, ал алдыдагы Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналды. Алты команданын ортосундагы...

16 - Февраля  2018 | 10 : 1721
Жалал-Абад: Жыл өнөр жайдын өсүшү менен башталды Жалал-Абад: Жыл өнөр жайдын өсүшү менен башталды

    Жалал-Абад шаары 2018-жылдын биринчи айын өнөр жайдагы өсүү менен баштады. Башкача айтканда, январь айындагы өнөр жай продукциясын өндүрүү жагынан өсүү темпи 108,7 пайызга жетти. Бул тууралуу...

16 - Февраля  2018 | 10 : 1923
ИРЕТСИЗ, МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН КҮРКӨЛӨР АЛЫНАТ ИРЕТСИЗ, МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛГАН КҮРКӨЛӨР АЛЫНАТ

  Жалал-Абад шаарынын мэриясы шаар аймагында иретсиз, мыйзамсыз курулган же орнотулган күркөлөрдү салып салуу аракеттерин башташты. Шаар мэри Салайдин Авазов өзүнүн буйругу менен иретсиз жайгашып, шаар...

16 - Февраля  2018 | 10 : 2624
ЖАМУ: ООГАН СОГУШУНУН  АРДАГЕРЛЕРИНЕ СЫЙ-УРМАТ КӨРСӨТҮЛДҮ ЖАМУ: ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИНЕ СЫЙ-УРМАТ КӨРСӨТҮЛДҮ

  Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Ооганчыларга таазим” аталышындагы иш-чара болуп, анда Ооган согушуна катышып келген окутуучуларга сый-урмат көрсөтулдү.  Ал Ооган...

16 - Февраля  2018 | 10 : 2933