“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун 6 жыл аралыгында алгылыктуу жумуш аткарды

5 - Февраля  2018 | 4 : 55191
“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун 6 жыл аралыгында алгылыктуу жумуш аткарды

 

 

    "Жалалабатэлектро" ачык акционердик коомунун негизги иш-милдеттери 35-10-6-0,4 кВ электр тармактары аркылуу электр энергиясын бөлүштүрүү жана сатуу, колдонууга уруксат берилген кубаттуулуктагы электр энергиясы менен керектөөчүлөрдү коопсуз, ишенимдүү жана сапаттуу жабдууну камсыз кылуу, ошондой эле Жалал-Абад областынын Тогуз-Toро районунан башка бардык аймактарындагы керектөөчүлөрдү электр тармактарына кошуу болуп саналат.

    33,7 миң чарчы метр аянтты ээлеген Жалал-Абад областынын 1,051 млн. калкын тейлейт.

"Жалалабатэлектр" ААКсынын түзүмүнө 12 район электр тармактары, 2 электр электр энегиясын сатуу ишканалары, 7 өндүрүштүк кызматтар жана 14 бөлүмдөр кирет.

     “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому жылдын жыйынтыгы менен алты жыл аралыгында аткарылган иштерге саресеп салып көрдү.

 

Өзбекстан Республикасынын аймагы аркылуу өткөн аба чубалгылар Кыргызстан Республикасынын аймагына чыгарылып, курулду

 

Ала-Бука, Аксы, Ноокен райондорунун айрым айылдары Өзбекстан Республикасы менен чектеш болгондуктан, биздин аба чубалгылар Өзбекстандын аймагында жайгашып калган. Мындан улам ыкчам тейлөө иштерин жүргүзүүдө тоскоолдуктар жаралып келген. Жакынкы алты жыл аралыгында өзүбүздүн аймакка алып өтүү жумуштары ийгиликтүү ишке ашырылды.

       2013-жылга чейин Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылынын калкы Өзбекстандын аймагында жайгашкан "Гава" 35/6 кВ көмөк чордонунан электр жарыгын алып келген. Бирок Өзбекстандын өзүнүн аймагында катуу чектөө коюлгандыктан аталган айылдын калкы суткасына 2-3 саатка гана электр жарыгын пайдаланып келген болсо, аталган аймакка “Достук” 110/6 кВ көмөк чордонунан 6 кВ чыңалуудагы  жалпы узундугу 12 километр “Көк-Таш” электр аба чубалгысы курулган. Ал эми Ноокен районуна караштуу Достук (Лола) айылында 206 кожолукка Өзбекстан Республикасынан суткасына 3-4 саат гана электр энергия берилип турган болсо, 2013-жылы 160 кВА трансформатордук пункт орнотулуп,  4 км аралыктагы электр аба чубалгысы тартылды.

        Мындан тышкары 2016-жылы Ала-Бука районундагы 35 кВ “Шекафтар-Ажек-Кыргызстан” аба чубалгысынын 4 чакырымдан ашыгы Өзбекстандын аймагында жайгашкан болсо, 2015-жылы Өзбекстан Республикасынын аймагындагы электр чубалгылар толугу менен чыгарылып, 5,5 чакырым аба чубалгысы Кыргызстандын аймагына кайрадан курулду.

                 Алгылыктуу аракеттер, алдыга болгон өсүштөр

      Ала-Бука районундагы 35кВ “Шекафтар-Терек-Сай” аба чубалгысы 1967-жылы курулган. Мамычалары жыгачтан болгондуктан эскилиги жетип калган. Мындан улам 2016-жылы 2 чакырымы кайрадан калыбына келтирилген болсо,   2017-жылы аталган  аба электр чубалгысына СК-22 маркадагы 21 даана жана У-35 маркадагы 5 даана таянычтар орнотулуп 5 км тилкеси кайра келбеттелинди . Жалпы 7 чакырымы кайрадан келбеттелининип калыбына келтирилди. 

     35/10 кВ “Ключевая”, “Астана”, “Промышленная”,“Бекен”, “Благовещенко”, “Сакалды”, “Ленинская”, “Рахманжан”, “Кара-Үңкүр” көмөк чордондорундагы эскилиги жеткен чыңалуу трансформаторлору жаңы ишенимдүү иштөөгө сапаты жакшыртылган трансформаторлорго которулду. Ал эми 35/10 кВ төрт көмөк чордондорунун 6-10 кВ ячейкалардагы 45 даана эски май өчүргүчтөрү заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылды.

   6 жыл аралыгында 6-10/0,4 кВ кубаттуулукта 257 даана кошумча трансформатор орнотулду. ВЛ-6-10-0,4 кВ электр аба чубалгысынан 177,65 чакырымы кайра келбеттелди, ал эми ВЛ-35 кВ электр аба чубалгысынын 10,95 километри  кайра келбеттелди.

      2014-жылы Ноокен районуна караган Апыртан айылында электр мамычалар жыгачтан болгондуктан, эскилиги жетип авариялык өчүүлөр көп каттала баштаган. Мындан улам  72 даана электр мамыча жана  жогорку кубаттулуктагы трансформатор орнотулду.

 

Заман талабына ылайык жабдуулар менен камсыздалган жаңы имараттар

     2015-жылы зарылдыктан улам “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому электр энергиясын сатуу кызматы үчүн эски эки кабаттуу имаратты сатып алып, толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөргөн. Имараттын ачылуу аземи  22-декабрь күнү энергетиктердин кесиптик майрамында болгон. Имарат эки кабаттуу жана 13 бөлмөдөн турат. Мында азыр электр энергиясын сатуу бөлүмү, адистер бөлүмү, башкаруунун автоматташтырылган тутуму бөлүмү, окуу борбору сыяктуу бир катар бөлүмдүн кызматкерлери иш алып барууда.

   Ал эми 2017-жылы Аксы райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери жаңы имаратка көчүп киришти. Заманбап имарат эки кабат курулуп, зарыл болгон бардык жабдуулар менен камсыздалды. Аксы район электр тармактар ишканасынын эски имараты 1960-жылдары салынып, бүтүндөй бир районду эмес бир айыл өкмөттү гана тейлегенге ылайыкташкан участкалык жай болгондуктан, бөлмөлөр жетишсиз эле. Андан да эскилиги жетип, авариялык абалда турган. Мындан улам “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому өзүнүн каражатына жаңы имарат курду.

                                     Автопаркты жаңылоо

 

      Жыл сайын компания автопаркты жаңылоонун үстүндө иш алып барууда. Тейлөөнү талаптагыдай уюштуруу максатында өз каражатыбызга  2012-жылдан бери 45 даана унаа сатып алууга жетиштик. УАЗ 390942-18ден 17 даана, ГАЗ-322132ден 1 даана (лаборатория), ГАЗ 3309-АПдан 1даана (телевышка), мындан тышкары 2 даана манипулятор, 1 даана кран, 1 даана Белорус тракторун, ошондой эле оор жүк ташуучу мерседес-бенс сыяктуу унаалар алынган. УАЗ жана Лабо маркасындагы унаалар тоолуу аймактарда жайгашкан район электр тармактарына берилип, оңдоо жумуштарын ыкчам аткарууга кошумча шарттарды жаратты.  

 

Трансформаторлорду кайрадан калыбына келтирүү цехи жана трансформаторлорго керектүү тетиктерди даярдоо цехи ийгиликтүү иштеп жатат

 

Иштен чыккан трансформаторлорду кайрадан калыбына келтирүү цехинде айына 15 даанага чейин трансформаторлор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жылына 180 трансформатор кайрадан калыбына келтирилет.Ошону менен бирге бул ишканада трансформаторлордун майларын тазалап иштетүүгө жана трансформаторлордон чыккан жараксыз ором зымдарын кайрадан жаңылоого шарттар бар. Ал эми өткөн жылы аталган цех кеңейтилди. Адистер ага чейин 6-10/0,4 кВ чыңалуудагы трансформаторлорду гана оңдоп-түзөөдөн өткөрүп келишкен болсо, кеңейтилген жаңы имаратта 35/10-6 кВ чыңалуудагы трансформаторлорду кайрадан калыбына келтирүү жумуштарын алып барышат.  Мурун 35/10-6 кВ чыңалуудагы трансформаторлорду калыбына келтирүү иштери Бишкек жана Ош шаарларында гана ишке ашчу. Мындан тышкары трансформаторлорго керектүү тетиктерди жана аба чубалгыларга керектүү темир конструкцияларды өзүбүз ачкан механикалык цехибизде жасап келүүдөбүз.

 

                             Акылдуу электр эсептегич орнотуу

    Техникалык коромжуларды жана электр энергиясын уурдоону кыскартуу үчүн эски индукциялык электр эсептегичтерди жаңы заман талабына ылайык электрондук электр эсептегичтерге алмаштырып, таянычтан эсептегичке чейинки аралыктагы кирги зымдары көрүнүп тургандай кылып үйлөрдүн сыртына жайгаштыруу жумуштары жүрүп жатат. 2012-жылдан бери 167 088  абонентке электрондук эсептегич орнотулган.

     Ал эми Акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу жумуштары “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунда 2015-жылдан бери пилоттук негизде ишке ашып келет. Абоненттер үчүн дагы, көзөмөлдөөчү кассирлер үчүн дагы бул ыңгайлуу жана бир топ артыкчылыктарга ээ. Электр энергиянын жоготууларын жоюу жана иш мүнөзүн жеңилдетүү максатын көздөйт.  Текшерүүчүнүн кызматын жокко чыгарган бул аппарат уруксат берилген кубаттуулуктан ашыкча колдонсо автоматтык түрдө жарыкты өчүрөт. 2015-жылдан бери область боюнча жалпы 3804 даана акылдуу электр эсептегичтер орнотулган.

                         Кардарларды сапаттуу тейлөө           

 

     Өткөн жылы Жалал-Абад шаардык электр энергиясын сатуу ишканасынын алдында  “Кардарларды тейлөө борбору” ачылып  ишке кирди. Бир эле учурда бир бөлмөдө  6 адис абоненттер үчүн кызмат кылышат. 2 оператор, 2 кассир, 1 администратор жана 1 жаңы абоненттерди кириштөө боюнча атайын адис иш алып барууда. 2017-жылдын 3-ноябрь күнү ачылып, эки ай аралыгында 611 абонент кайрылган. Өзгөчө күз-кыш мезгилдеринде төлөмдөрдү кабыл алуучу жайларда кезекке тургандардын саны кыскарып, тейлөө жагы алда канча ыкчам болууга өттү. Бир нече маселе менен келгендер ар адиске барып чуркабай, баарын бир жерден бүтүрүүгө мүмкүнчүлүктөр каралган. Кардарларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн компаниянын өзүндө “Бирдиктүү терезе” бөлүмү бар, ал жерде  абоненттер үчүн 149 кыска номердеги атайын ишеним телефону иштейт. Мындан тышкары  биздин веб сайтта электрондук кабылдама бар, ал жерге абоненттер үйлөрүнөн чыкпай туруп өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алуу үчүн кат жолдогонго мүмкүнчүлүктөр каралган.

                   Окуу борбору адистердин квалификациясын жогорулатууда

     “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому 2014-жылдын ноябрь айында атайын Окуу борборун ачкан. Аталган борбор өндүрүштүк зарылчылык үчүн кызматкерлердин адистигин жогорулатууну талаптагыдай уюштурууну максат койгон. Бул окуу борбор жыл сайын электромонтёрлорду, көзөмөлдөөчү-кассирлерди, мастерлерди жана иш алып баруучуларды окутуп келет.

Окуу борбору ачылгандан бери жалпы  619 кызматкер адистигин жогорулатты. 619 кызматкердин ичинен 299у бөлүштүрүүчү электр тармагын тейлөөчү кызматкерлер, 307си электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн кызматкерлери болсо, 13ү иш алып баруучулар болду.

 

 “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому калкты үзгүлтүксүз сапаттуу электр энергия менен камсыздап, ар бир үйгө жарык жана жылуулук тартуулайт. 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Ааламдашуу доорун артка тарткан агымдар Ааламдашуу доорун артка тарткан агымдар

      Дегеле  жер алкагындагы  бардык мамлекеттерге коркунуч алып келген, анын ичинде  Кыргызстан үчүн да опурталдуу деп эсептелген   экстремисттик  аракеттер  ачык эле жүрүп...

6 - Апреля  2018 | 7 : 4780
Мечит менен мектептин атаандаштыгы күч алдыбы? Мечит менен мектептин атаандаштыгы күч алдыбы?

  Акыркы мезгилде  мектепке караганда мечиттердин көп курулуп, ага мектеп жашындагы балдардын да арбын тартылуусу коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган орчундуу маселеге айланып бараткандай. Башка аймакты...

6 - Апреля  2018 | 8 : 3419
Заманбап бут кийим тиккен өтүкчү Заманбап бут кийим тиккен өтүкчү

  Сузак районунун Ырыс айылынын тургуну Шарабидин Рахимбердиев өз колу менен заманбап жана сапаттуу бут кийимдерди тигип сатып, киреше табууда. Эч кандай техника колдонулбастан кол жумушу менен...

19 - Марта  2018 | 9 : 5254
Рысбек Жабиров, кинорежиссер:  ”Улуттук баалуулуктарга эшик ачтым” Рысбек Жабиров, кинорежиссер: ”Улуттук баалуулуктарга эшик ачтым”

  Азыркы кыргыз кинорежиссерлорунун арасында өз орду бар, таланттуу жана жаңычыл жигит Рысбек Жабиров  буга чейин “Кайып булак”, “Түндүктүк келин”, “Достор”, “ Талак”,...

7 - Марта  2018 | 9 : 4457
Аярлуу катмарлар да пайда келтирүүдө Аярлуу катмарлар да пайда келтирүүдө

Бүгүнкү экономикалык каатчылыкта алты саны аман, ишке толук жарактуу адам гана эмес, табияттын жазмышы менен көзү көрбөй, угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган адамдар да кол куушуруп, олтуруп алганы жок. Алар да эч кимден...

26 - Февраля  2018 | 5 : 18104
Электрди үнөмдөп, кирешени көбөйтүңүз Электрди үнөмдөп, кирешени көбөйтүңүз

       Жыл өткөн сайын электр энергияга болгон муктаждык да өстү. Бир кезде бир үйдө бир эле сыналгы болсо азыр  экиден-үчтөн кезиктирүүгө болот. Электр тогу аркылуу иштей турган үй-тиричилигине...

6 - Февраля  2018 | 5 : 1887
Жаңы саамалыгы көп “Жалалабатэлектро” Жаңы саамалыгы көп “Жалалабатэлектро”

    Өткөн аптада областта  энергетиктердин кесиптик майрамы кызуу белгиленди.  Кесиптик күндүн тарых таржымалына токтоло турган болсок, 1966-жылы СССРдин Жогорку...

26 - Декабря  2017 | 14 : 7195