Билим уялары аргасыз абалда

6 - Февраля  2018 | 4 : 58890
Билим уялары аргасыз абалда

 

Областыбызда  219784  окуучу билим алган 476 мектептин  отуз алтысы  азыркы  учурда авариялык абалда калган.  Атап айтсак, алардын сегизи -  Сузак районунда , жетөө - Токтогулда, Базар-Коргон жана Ала-Бука райондорунун ар биринде алты мектеп, үчөө Аксыда, Ноокен менен Кара-Көл шаарында экиден мектеп, Тогуз-Торо менен Чаткал районунда бирден мектеп коркунучтуу абалда турганы жергиликтүү бийлик менен элге билим берүү мекемелерине белгилүү.  

Муну “Акыйкат”  гезити областтагы  авариялык абалдагы мектептердин абалы менен кабардар болуу үчүн  тизмектеп чыкты. Алардын баш сабында Сузак районуна караштуу Сафаровка айылындагы жалгыз мектеп турат, анын  эскилиги жетип,  жараксыз болуп калган. Окуу жайдын эң алгачкы корпусу  127 жыл мурда салынган. Имарат алгач түрмө, андан соң балдар үйү болуп турган. Белгилүү жазуучу Жоомарт Бөкөнбаев ушул балдар үйүндө тарбияланган. Кылымдан ашык кызмат өтөсө да,  имаратты окуучулар пайдаланбай калганына саналуу жылдар болгон. Кийинчерээк  100 жылдан кийин  экинчи имарат салынган, жарымында бир класс, жарымы китепкана болуп. Имарат ашар жолу менен курулгандыктан абал начар. Ага карабастан ушул күнгө чейин кызмат өтөп келген. Шамшы Базарбаев атындагы №39 - орто мектебинин диретору Нургул  Сулайманованын айтымында балдар экинчи нөөмөттө түшкү саат экиден баштап окуйт. Күндүзгү окуу нөөмөтү бүткүчө караңгы кирип калат. Ошондуктан эки мектептин окуучуларынын  ортосунда  конфликт болбос бекен чочулоо бар.

Мектеп директорунун тынчсызданганы  жөн жерден эмес. Анткени, Шамшы Базарбаев атындагы мектеп  майрамдык иш чаралар өтчү зал, китепкана, спорт зал, үч окуу корпусу менен алты корпустан турат .  Дээрлик бардыгы авариялык абалда. Окуу жайдын жарака кеткен, тамтыгы чыккан имараттары жаңыдан курулуп жаткан  альтернативдүү Балыкчы-Жалал-Абад  каттамындагы түндүк-түштүк автотрассасынын боюнда жолдун көркүн бузуп турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистеринин  “бул мектепти пайдаланууга болбойт” деген  корутундусу 2011 – жылы  чыгарылган. Ошондон тартып, окуучулар төрт жылдан бери Жоомарт Бөкөнбаев атындагы балдар үйүндө окуп жатышат.

 Ж. Бөкөнбаев атындагы Октябрь балдар үйүнүн директору Бегайым Маматова:

-Ш. Базарбаев атындагы орто мектептин окуучулары бизге көчүп келишти. Бирок, эч кандай маселелер чечилбеди. Мен болсо,  мектептин электр жарык акысына  240 миң сом карыз болуп, айып пул төлөп жатам.  Биз мектепти түшкө дейре эле жылытчубуз.  Азыр аны балдардын көптүгүнөн күнү- түнү ысытууга туура келип жатат.  

 

Мектептин абалы начар болгондуктан көпчүлүк ата-энелер балдарын башка окуу жайларга алып кетип калышкан. Мурда 500дөн ашык бала окуса,  азыр 350 окуучу калган. Эми сентябрь айында окуу башталса,  кайра эле алыскы мектептерге ата-энелер балдарын берүүгө аргасыз. Сузак райондук билим берүү бөлүмү  5 жылдан бери окуу жайга жаңы имарат салууну министрликке  сунуштап келет. Билим берүү  министрлигинен “жакынкы жылдары жетим балдар үйү оптимизация болуп, анын имараты  мектепке бошотулат” деген кат келген. Балдар үйүнүн   240 орунга ылайыкташкан имараты кенен,  бардык шарттары бар. Учурда болгону отуз алты  бала тарбияланат. Архитектура жана курулуш агенттиги  “көп жылдан бери бүтпөй жаткан   имараттар турганда  жаңы мектептер курулбайт”  деген чечим кабыл алышкан.

 

Ушул эле райондун Жоон-Күнгөй айылындагы  Камчыбек Тайгараев атындагы башталгыч класстардын мектеп уясы да  авариялык абалга туш келген. Аталган мектептин мугалими Мырзайым Ташиева 37 жылдан бери 1-4-класска чейин орус тил сабагынан билим берип келет:

- Класстык бөлмөлөрдүн шыбынан суу таамп, тактай полу болсо,  чирип калган. Айылдын окуучулары башка мектептин жоктугунан улам авариялык мектепте  билим алууга аргасыз. Меш  менен жылытылган класска  окуучулар кезек-кезеги менен отун жагышат -  дейт мектеп мугалими.  

 

Айыл тургуну  Ормош Бекташовдун  аталган мектепти окуп  - бүткөнүнө туп-туура элүү жыл болуптур. Элеттиктер бул мектепти “Дүйшөндүн мектеби” деп атап алышкан.  Мектеп директору Курстан Эшенкуловдун маалыматында 1960-жылы  ашар жолу менен тургузулган мектеп алгач “8-март орто мектеби” деп аталган. Кийин Таштемир Кочкоров орто мектебинин башталгыч класстары  үчүн мектеп  катары окуучуларга билим берип келген . 2007-жылдан тарта билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык төрт жылдык өз алдынча билим берүү тармагы болуп түзүлүп,  Камчыбек Тайгараев ысымы ыйгарылган. Учурда бул мектепте жүзгө   чукул окуучу билим алып,  8 мугалим эмгектенет.

 

Ал эми Аксы районундагы  3мектеп 1940-жылдары салынган. Кызыл-Туу айыл аймагында  О. Арстанбаев атындагы орто мектеби, Кош-Дөбө айылындагы Ж.Султанов атындагы орто мектеби жана Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү К. Кулназаров атындагы жалпы билим берүүчү мектеби да бар. Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытов  О. Арстанбаев мектебинин жанына жаңы 192 орундуу, ал эми Ж.Султанов атындагы билим уясынын жанына 225 орундуу спорт  залы, ашканасы жана жылытуучу системасы менен жаңы мектеп  салынып жатканын билдирди. Анын айтымында 2018-жылы сентябрь айына окууга берилет.

 

 

 

Ал эми  Сузак районуна караштуу Каду айылынын тургундары жылдын жаз -күз мезгилдеринде кооптонуу менен жашап келишет. Анткени,  тоолуу аймак болгондуктан көчкү түшүү коркунучу күч аймак. Көчкүнүн жанында жайгашкан мектепке жылда ылайка суу аралаш сел мектептин короосуна чейин келгендиктен окууу процесстерин токтотууга аргасыз болушат. №67-Таштан Кайыпов атындагы мектеп жарга жакын жайгашкан билим уясы. “Жаз айларындагы катуу жааган жаандын кесепетинен  тоонун топурагы борпоң болуп,  көчкү жылып,  мектептин пайдубалына чейин сел келет. 350 окуучу билим алган мектепте жамгыр жааган сайын кооптонуу пайда болуп,  окууну үзгүлтүккө учуратууга аргасыз болобуз”  дешет. Каду айылында башка мектептин жоктугуна  байланыштуу балдар аталган мектепке барууга аргасыз.  Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин кызматкерлери “аталган аймак  башкармалыктын көзөмөлүндө жана 1994-жылы кооптуу аймак”  деп корутунду чыгарышкан.  670 түтүн жашаган аймакта учурда   бийиктиги 4км болгон көчкүнун жаркалары пайда болгон жана 60миң м3 көчкү түшүү коркунучу бар.  

 

Ал эми Токтогул районунун өзүндө 7мектеп учурда авариялык абалда Толук айыл аймагындагы  №24-Канаша атындагы 200окуучуга ылайыкталган мектепте учурда 400гө чукул окуучу билим алат. 1978-жылы салынган бул мектепте окууга мүмкүн эмес деп ӨКМнин адистери тарабынан 2009-жылы эскертүүлөр берилген.  Сары-Камыш айыл өкмөтүндөгү №26-Зуфар Эгембердиев мектеби 1994-жылы салынып,  200 окуучуга ылайыкташып салынган бул мектеп да учурда авариялык абалда. Торкен айылындагы 556 окуучу окуган №27-Аманкан Мамыров атындагы мектепти 1974-жылы дүкөн катары пайдаланган тургундар анын бир корпусун мектеп катары колдонууга беришкен. Учурда ал корпус да коркунучтуу  абалда. Ничке-Сай айылындагы Акылбек Шабданов атындагы мектеп 1995-жылы курулган. Мындан эки жыл мурун ӨКМ  авариялык абалдагы мектептердин катарына киргизген. Өзгөрүш айылындагы №36 – С. Ибраимов атындагы мектептин биринчи корпусу да ушундай эле  абалда. Кетмен-Төбөдөгү  №2 - Курама уулу Турусбек атындагы мектептин салынганына  45жыл болду. Андагы экинчи корпуста окуучулардын сыйымдуулугу көп болгондуктан окутуучулар коридордо да окутууга аргасыз болушат. Өзгөрүш айылындагы Термечиков мектеби да 1965-жылы салынып , билим уясы жаңы окуу мекемесине муктаж.

 

         Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн  башчысы Гүлзат Ашырованын маалыматында областтагы авариялык мектептердин саны 36 .

- Алардын ичинен Ш. Базарбаев атындагы орто мектептин окуучуларын Ж. Бөкөнбаев атындагы мектепке  гана көчүрүүгө аргасыз болдук. Ал эми калган 35 авариялык мектепти титулдук максатта сунуш катары министирликке киргизип жатабыз. 2018-жылы Сузак районунунан 2 мектеп, 2019-жылы бир мектеп жана буга кошумча беш мектепти жаңы куруу максатында киргиздик. Алыскы Тогуз-Торо районунан Т. Жаңыбаев атындагы мектепти да жаңы мектеп салуу максатында сунуштап жатабыз. Белгилеп айта кетүүчү жагдай жогоруда айтылган 35 авариялык мектептин баарында тең окуу процесстери жүрүп жатат. Болгону - окуучулардын коопсуздугу  жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөлгө алынып, жыл сайын үстүртөн ондоп - түзөө иштери жүргүзүлүп келет.

 

Кыргыз Республикасында  2236 мектептин  эки жүз беши авариялык абалда кала берүүдө.  Эгер бөлүп айта турган болсок, алардын элүү алтысы Ош областында,  Ысык-Көл  аймагында  - 42,  Жалал-Абад дубанында - 36, Нарын областында  - 24,  Баткенде – 14, Талас менен Чүй областтарында – 14, ал эми Бишкек шаарында - 4 мектеп коркунучтуу жагдайда турат

Акыркы он эки жылда Кыргызстанда 436 жаңы мектеп курулду. Өлкөбүздө эки жүздөн ашык мектептин имараты ондогон жылдардан бери бүтпөй келет.

Элиза АКЖОЛТОЕВА 


 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө? Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө?

                 Майлуу-Суу шаарында  1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводунда уран калдыктарын иштетилип, чыныгы уран сырт өлкөлөргө жөнөтүлүп турган. Ал...

21 - Сентября  2018 | 10 : 4142
Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө

  Өлкөдө 2020-жылы боло турган элди жана турак жайды каттоого даярдыктар Жалал-Абад областында  солгун жүрүүдө. Ар он жылда эл каттоо болгонуна карабастан бүгүнкү күнгө чейин айрым айылдардын,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 23152
Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык? Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык?

  Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылында 5 миңге чукул калк жашайт. Кызыгы андагы айылда бир короодо М. Алымбеков жалпы орто мектеби жана Айры-Там мектеп-гимназиясы  жайгашкан,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 29153
«Кан жетишсиз… Эмнеге?....» «Кан жетишсиз… Эмнеге?....»

                                                                                                               ...

27 - Июня  2018 | 9 : 38215
Дарбыз эмес дарт жейбизби? Дарбыз эмес дарт жейбизби?

    Учурда мөөнөтүнөн мурун, күч менен бышып жаткан мөмө-жемиштерден баш тартуу кыйынга турары белгилүү. Күн да ысып, тарс жарып дарбыз жегиң келген учур. Бирок, алардын ар дайым көзөмөлдө болуусу...

27 - Июня  2018 | 9 : 46238
Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?.. Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?..

    Түрмөгө түшкөн аялдардын көбү жакындарын өлтүрүп, же баңгизат менен кармалгандар. Арасында уурулук кылгандары да бар. Республиканын абак жайларында кармалган...

27 - Июня  2018 | 10 : 35229
Башкы плансыз болочок күткөн шаар Башкы плансыз болочок күткөн шаар

  Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору...

29 - Мая  2018 | 4 : 1228