“Тез жардам” өзү тез жардамга муктаж

6 - Февраля  2018 | 5 : 23150
“Тез жардам” өзү тез жардамга муктаж

 

Жалал-Абад шаарындагы тез жардам кызматынын турган жайы өтө коопту абалда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарындагы тез жардам кызматынын жетекчиси Нургүл Садырова менен маектештик.

-Нургүл айым,тез жардам кызматы бир кокустук болсо өзү тез жардамга муктаж болор абалда экен. Имаратыңыздардын абалы тууралуу кененирээк айтсаңыз?

-Чынында жайгашкан ордубуз начар. Баштагы санитардык гаражда турабыз. Өтө эски, полдору чирип, дубалдары көчөйүн деп турат. Үч жыл мурун ӨКМканын областагы башкармалыгы бул имаратты өтө коопту, турганга болбойт деп бүтүм чыгарып кеткен. Ошого карабастан эптеп кудай сакта менен иштеп келебиз.Биз да жаңы болбосо да коопсуз имаратта иштегибиз келет. Тилеке каршы,көп жылдан бери ары-сүр, бери-сүр менен эски тамда иштеп келебиз. Жайгашкан ордубуздун мындай абалы,  айлык акынын төмөндүгү кызматкерлерибиздин ишке болгон кызыгуусун арттырбайт. Айла жок, сүйгөн кесибибизде, элге жардамыбыз тийсин деп иштеп келе жатабыз.

-Акыркы кезде тез жардам кызматын кеч жардам кызматы деп калгандарды угуп калабыз. Бул жөн жеринен болбосо керек?

-Ооба чындыгында кечиккен учурлар болот. Кечигүүгө жүйөөлү себептер бар. Мисалы, чакырган үйдүн дарегин табуу кыйын мүшкүл жаратат. Көчөлөрдүн аты, үй номурлары дээрлик жазылбайт. Мен бул көйгөйдү шаар бийлигине көп эле жолу айттым. Бирок ушул күнгө чейин оң натыйжа боло элек. Борбордук көчөлөрдү эске албаганда шаардын чет жактарындагы жана жаңы конуштагы көчөлөрдүн аты жок. Же тез жардамды чакырган адам күтүп албайт. Биз кабар түшөөрү менен жолго чыгабыз.Жогоруда айткандай даректерди табуу көп убаракерчиликти жаратып, көздөгөн жерге кечигип барып жатабыз.

-Кечигүүгө ушул нерсе гана тоскоолдук келтирип жатабы же башка да тоскоолдуктар барбы? Мисалы дары-дармек, кадр жана унаа маселесинде көйгөйлөр?

-Дары-дармектерден көйгөй жок. Шаарда 93 миң калк болсо, ар бир 9 миң калкка бир биргада кызмат өтөш керек. Бизде штат кыскарып кеткен. Учурда 30 кызматкер бар. Эскилиги жеткен төрт унаабыз бар. Булардын маселеси эч бүтпөйт. Бир күн, бир жери, дагы бир күн, экинчи жери бузулат.  УАЗ маркасындагы эски унаалар менен иштейбиз. Мунусунан да  имаратыбыз чоң көйгөй жаратат.

-Ачыгын айтканда акыркы  мезгилде өлкөдө тез жардам кызматын себептүү да себепсиз да чакырып жатышкандыктары айтылууда. Сиздерде да ушундай учурлар болуп турабы?

-Ооба, болбоду эле дегенде жеңил ооруларга деле тез жардам чакыргандар болот. Чынында көпчүлүк жарандар кандай ооруларга тез жардам чакырыш керектигин билишпейт. Бир айдан бери же бир жумадан бери ооруп жаткандар чакырышат. Алар жакынкы ооруканага же аймактык үй бүлөлүк дарыгерине барса болот да. Негизи тез жардам деген капысынан кармаган ооруларга тактап айтканда дене табынынын, кан басымдын кескин көтөрүлүшүндө барат. Мындан башка да хирургиялык ооруларда, башка капысынан катуу кармаган ооруларда тез жардам кызматын чакырса болот.Бизди көп учурда жеңил эле ооруларга чакырган учурлар болгонуна карабастан оорулууга алгачкы медициналык жардамдарды берип келебиз.

                                                Гүлнура КЕЛДИБАЕВА

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Башкы плансыз болочок күткөн шаар Башкы плансыз болочок күткөн шаар

  Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору...

29 - Мая  2018 | 4 : 162
Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт? Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт?

  Акыркы убакта төрөлбөй жатып кордолуп, эс тартпай жатып зордукталып жаткан келечек муундар тууралуу жүрөк үшүн алган окуялар катталып, баласы бардын башын катырып жатканы да ырас. Айрыкча социалдык...

29 - Мая  2018 | 4 : 2064
Коом жек көрүп, бирок көбөйүүгө жол берген дарт Коом жек көрүп, бирок көбөйүүгө жол берген дарт

    Май айынын үчүнчү жекшембиси СПИДден каза болгон жарандарды эскерүү күнү катары белгиленет. Маалыматка ылайык, дүйнөдө ушул күнгө чейин 35 миллионго жакын, ал эми Кыргызстанда 1800дөн ашса,...

29 - Мая  2018 | 4 : 4745
Балдар үйү жоюлабы? Балдар үйү жоюлабы?

  Акыркы жылдары каралбай калган балдардын саны өсүүдө. Ага карабастан мамлекет балдар үйлөрүн оптималдаштыруу кадамын жандантууну көздөөдө. Максат-балдар үйүндө тарбияланган балдарды жакындарына...

11 - Мая  2018 | 10 : 1562
«Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук……» «Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук……»

  Күндөн күнгө уруп-токмоктоого дуушар болгон аялда коргонуу инстинкти пайда болот да, аффектик абалда ар кандай күтүлбөгөн кадамдарга барышы мүмкүн.Көпчүлүк учурларда мындай кол салуулар кылмышка алып...

11 - Мая  2018 | 10 : 4137
Көрсөткүчү жакшы, келечеги инвесторго муктаж “Кыргызнефтегаз” ААКы Көрсөткүчү жакшы, келечеги инвесторго муктаж “Кыргызнефтегаз” ААКы

  Быйылкы жылы  Кочкор-Атадагы “Кыргызнефтегаз” ААКсы  өзүнө тиешелүү иш ыргагын  кызуу колго алып, областтын экономикалык көрсөткүчүн алдыга чыгарууга чоң салым кошо  баштады. Анткени...

11 - Мая  2018 | 11 : 1462
Кайра иштетүү жанданды... Кайра иштетүү жанданды...

  Област аймагында биринчи кварталда кайра иштетүү тармагы жанданды. Жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү иш-чараларынын алкагында  үч айда 18 жаңы ишкана ишке кирди. Талаа иштери кызуу жүрүп жатат. Ушул...

4 - Мая  2018 | 4 : 3770