Ортоктуктар ордунан жылгысы келбейт

6 - Февраля  2018 | 5 : 31159
Ортоктуктар ордунан жылгысы келбейт

 

 

Сузак районуна караштуу Орток айылында жер көчкү кооптуулугунан улам 100дөн ашуун бала билим алган мектеп жабылып,  жергиликтүү бийлик айылдагы 33 түтүндү коопсуз жайларга көчүрүү аракетин көрүп жатышат. Деген менен бийликтин талабына  баш ийбеген элеттиктер жылуу жумшак жеринен көчүүнү каалабастан,  мектепти убактылуу ачып берүүсүн талап кылышууда.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак районундагы бөлүмүнүн жетекчиси Алманбет Карабековдун айтымында,  1998-жылдан 2005-жылга чейин  Орто айылындагы 133 түтүнгө тең жер тилке берилип, 250 миң сомдон ссудалар да берилген. Андагы үй-бүлөлөрдүн 100ү коопсуз аймакка көчүп кетишкен. Ал эми 33 түтүн мамлекеттен жардамын алганына карабастан жер которуша элек.

-Кооптуу аймакта жашап жаткан үй-бүлөлөргө  эскертмелер берилген, түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.  Негизгиси азыр 33 кожолукту башка аймакка чыгарып кетүү зарылдыгы турат. Мектеп имаратына да кооптуулук жаралгандыктан жабууга туура келди.  Быйыл буга чейин коопсуз болуп келген 17 үй-бүлөгө да кооптуулук жаралды,- деп билдирди ал.

Район акими Эрмекбай Омошевдин ырастоосунда, аталган айылдагы Т. Алыбаев атындагы орто мектептин окуучуларын Жашасын айылындагы 600 орунга ылайыкташкан Жуманазаров  мектебине которуу  аракетин көрүшүүдө. Ал эми жашоочулардын окуу жылы бүткөнгө чейин   балдарды айылдагы ФАПка окутуп туруу өтүнүчү каралууда. Бийлик түшүндүрүү иштерине карабастан көчүүнү каалабаган жарандарды мажбурлап көчүрүү үчүн сотко кайрылууга аргасыз болушууда.

Орток айылынын жашоочулары болсо жер көчкү жүрүүсү мүмкүн болгон жерлерди кайрадан мониторинг жасоо керектигин  айтышууда. Ошол эле тапта айыл жашоочулар өздөрү бир пикирге келе албай, талашып тартышкан учурлары жок эмес. Саналуу гана жарандар көчүү зарылдыгын айтышса, дээрлиги айылда эл кооптонгудай жер көчкү жүрүүсү мүмкүн болгон жарака жоктугун айтышууда жана мектепти жабылуусуна нааразы болушууда. Элеттиктердин ырастоолорунда бир канча жылдан бери эле эки коктудан жаз мезгилинде бир аздан топурак түшүп турат. Буга чейин элге эч кандай зыяны тийген эмес.

-Жарды жарака деп элди дүрбөтүүнүн кереги жок. Бийлик бизди жылуу ордубуздан козгобой эле коюшсун. Мектептин маңдайындагы жарака  имаратка эч кандай кооптуулук жаратпайт. Бийлик дүрбүп жаткан колоттон кээде көчкү түшүп жар болуп катып калат, эл жайкысын чөптөрүн оруп жыйнап эле жүрөт. Айылдын тоогун да көчкү баскан эмес.  Бийлик башка аймакка көчүргөн менен айылдагыдай шарт түзүп бере алышпайт» деген пикирди карманышууда. Айылдагы  аксакалдар арасында  «сөөгүм ушул айылдагы топуракка коюлушу керек, эч кайда кетпейм» дегендери да жок эмес.  Айтор, элеттиктер айрымдарынын айылдан көчүп кетүү ниеттери жок экенин ачык айткандар да бар.

 Ал эми Кара-Алма айыл аймагынын жетекчилиги, ӨКМдин Сузак районундагы өкүлдөрү айыл эли менен жолугушуп,  адистер негиз болгон үчүн кооптуу деп табышкандыгын, башка аймакка көчүү зарылдыгын белгилешти.  Жергиликтүү бийлик 17 үй-бүлөгө жер тилке ажыратып берүү боюнча иш алып барышууда. Алардын балдарын К. Эрматов атындагы жатак мектебине жайгаштыруу кадамы жүрүп жатат.  

Кошумчалай кетсек, Сузак районунда 900дөн ашык түтүн кооптуу аймакта жашашат.

 

Жумагүл Шайыкова  

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Башкы плансыз болочок күткөн шаар Башкы плансыз болочок күткөн шаар

  Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору...

29 - Мая  2018 | 4 : 162
Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт? Ара жолдо калган балдар, же алардын укугун ким коргойт?

  Акыркы убакта төрөлбөй жатып кордолуп, эс тартпай жатып зордукталып жаткан келечек муундар тууралуу жүрөк үшүн алган окуялар катталып, баласы бардын башын катырып жатканы да ырас. Айрыкча социалдык...

29 - Мая  2018 | 4 : 2064
Коом жек көрүп, бирок көбөйүүгө жол берген дарт Коом жек көрүп, бирок көбөйүүгө жол берген дарт

    Май айынын үчүнчү жекшембиси СПИДден каза болгон жарандарды эскерүү күнү катары белгиленет. Маалыматка ылайык, дүйнөдө ушул күнгө чейин 35 миллионго жакын, ал эми Кыргызстанда 1800дөн ашса,...

29 - Мая  2018 | 4 : 4745
Балдар үйү жоюлабы? Балдар үйү жоюлабы?

  Акыркы жылдары каралбай калган балдардын саны өсүүдө. Ага карабастан мамлекет балдар үйлөрүн оптималдаштыруу кадамын жандантууну көздөөдө. Максат-балдар үйүндө тарбияланган балдарды жакындарына...

11 - Мая  2018 | 10 : 1562
«Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук……» «Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук……»

  Күндөн күнгө уруп-токмоктоого дуушар болгон аялда коргонуу инстинкти пайда болот да, аффектик абалда ар кандай күтүлбөгөн кадамдарга барышы мүмкүн.Көпчүлүк учурларда мындай кол салуулар кылмышка алып...

11 - Мая  2018 | 10 : 4137
Көрсөткүчү жакшы, келечеги инвесторго муктаж “Кыргызнефтегаз” ААКы Көрсөткүчү жакшы, келечеги инвесторго муктаж “Кыргызнефтегаз” ААКы

  Быйылкы жылы  Кочкор-Атадагы “Кыргызнефтегаз” ААКсы  өзүнө тиешелүү иш ыргагын  кызуу колго алып, областтын экономикалык көрсөткүчүн алдыга чыгарууга чоң салым кошо  баштады. Анткени...

11 - Мая  2018 | 11 : 1462
Кайра иштетүү жанданды... Кайра иштетүү жанданды...

  Област аймагында биринчи кварталда кайра иштетүү тармагы жанданды. Жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү иш-чараларынын алкагында  үч айда 18 жаңы ишкана ишке кирди. Талаа иштери кызуу жүрүп жатат. Ушул...

4 - Мая  2018 | 4 : 3770