Ишкерлерди кандай колдоо күтөт?

6 - Февраля  2018 | 8 : 53375
Ишкерлерди кандай колдоо күтөт?

Жеке ишкерлерди колдоо, жаңы иш багыттарды ачууга көмөк көрсөтүүнү көздөгөн «Гарантиялык фонд» ААКга жергиликтүү бийлик да көмөк көрсөтүүсү зарыл болуп турат. Мындай пикирди аталган акционердик коомдун төрагасы Малик Абакиров Өкмөттүн Жалал-Абад областы областындагы ыйгарымдуу өкүлдүн аппарат жетекчиси Ислам Масабировдун жана  аким-мэрлер баштаган тийиштүү жетекчилердин катышуусунда өткөн жыйында билдирди.   

Айтымында, аталган ачык акционердик коом  жеке ишкерлерге  финансы сабаттуулугун жогорулатуу, бизнес пландоо боюнча окутууларды өткөрөт. Мындагы коом иштеп баштагандан бери 248 миллион сомго 237 гарантия берген. Бул коммерциялык банкттар тарабынан чакан жана орто ишкерлерге жалпысынан 972 миллион сом насыя бергенге жол ачкан. Алынган насыянын жардамы менен 476 жаңы иш орундар түзүлгөн жана учурда иштеп жаткан 2999 иш орундарына колдоо көрсөтүлгөн. гарантиялар экономика тармагына берилип жатат. Былтыркы жыл ичинде Жалал-Абад дубанында 11 ишкерге гарантия берген. Бүгүнкү күндө ишканалардын гарантияларга муктаждыгы 15 миллиард сомдон ашык болуп эсептелет.

-+ндүрүштү өндүрүү муктаждыгы да эске алынып, «Бир район-бир ишкана» жаңы программасын баштады. Бул программа өлкөнүн  ар бир районунда жаңы ишканаларды же иштеп жаткан ишканалардын негизинде жаңы иш багыттарын ачууга шарт түзөт. Бул ишканалардын жана аймактардын өнүгүүсүнө жардам берет.  Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сиздердин да колдооңуздар керек болуп турат. Жер-жерлердеги ишин жөндөп кете турган, ишенимдүү ишкерлер боюнча маалыматтарды берсеңиздер, бизди байланыштырууга көмөк көрсөтүп берсеңиздер. Биз өзүбүз багыт берип жардам беребиз-деп билдирди М. Абакиров.

Эске салсак, «Гарантиялык фонд» ААКсы 2016-жылы КРнын өкмөтүнүн буйругунун негизинде түзүлгөн. Негизги максаты-чакан жана орто ишканаларга жардам көрсөтүү, керектүү насыя сумманы толук алууга мүмкүнчүлүк берүү, күрөөсү жетишсиз болгон учурда гарантия берип, финансыга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо болуп саналат. 

 

Жумагул ШАЙЫКОВА 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 5578
Аймакка ичүүчү таза суу берилди Аймакка ичүүчү таза суу берилди

    Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына...

11 - Мая  2018 | 10 : 4982
IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат

  Программалык жабдуулар жана Кызматтар Өндүрүүчүлөрүнүн Кыргыз Ассоциациясы жана IT Академиясы өзгөчө муктаждыктары бар жарандарга IT тармагында кыска мөөнөттүк окутуу боюнча жаңы долбоордун ишке...

11 - Мая  2018 | 10 : 5861
Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө

  Жалал-Абад областында ар кайсы тармактарды өнүктүрүү багытында тартылып жаткан инвестицияинын көлөмү улам артып баратат. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде област боюнча 2 миллиард 399 миллион сомдук...

11 - Мая  2018 | 11 : 2352
Кыргыз сомуна 25 жыл Кыргыз сомуна 25 жыл

  1993-жылы 10-майда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп өзүнүн жеке улуттук валютасын сомду жүгүртүүгө киргизген. Бул күнү баалар, эмгек акылар, стипендиялар пенсиялар, ишкана-мекемелердин...

10 - Мая  2018 | 8 : 387
Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы...

8 - Мая  2018 | 4 : 5472
Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык... Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык...

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалынын...

8 - Мая  2018 | 5 : 0108