“ДОСТУК КЕРБЕНИ” - ЖАЛАЛ-АБАДДА

6 - Февраля  2018 | 9 : 22416
“ДОСТУК КЕРБЕНИ” - ЖАЛАЛ-АБАДДА

 

Ош шаарында түзүлгөн “Инсан таануу” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү “Достук кербени” менен Жалал-Абад шаарына келишти. Жалпы 24 ыктыярчы жаштардан турган топ адегендеСузак районундагы Калмак-Кырчын айылында жайгашкан “Курманбек” баатырдын эстелиги менен таанышып келип, андан соң Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу корпустары, шаардагы тарыхый жайлар жана музейлерди кыдырууну пландаган.

-Жаштар арасында достук мамилени бекемдөө жана башка област-шаарлардагы тарыхый жайларга зыярат кылуу максатында “Достук кербени” түзүлгөн. Бул иш-чара 2016-жылдан бери болуп келет жана алгачкы кыдыруу Жалал-Абад шаарынан башталган. Андан кийин активисттер коңшу Казакстан өлкөсүнүн Алма-Ата шаарына 2 жолу, Өзбекстандын Ташкент шаарына да барып келишкен. Алдыда Кыргызстандын түндүк аймактарын кыдырууну пландаганбыз. Чындыгында Жалал-Абад шаарын көрө элек ыктыярчыларыбыз да бар эле. Ошондой эле, биздин бирикме өлкөбүздүн үч шаарына - Ош, Бишкек, жана Жалал-Абадга “Көчө китепканасын” ачкан элек. Жалал-Абаддагы көчө китепканасынын абалын көрүп, китептер азайып кеткен болсо, толуктап коюу үчүн китептерди көтөрүп келдик” – дейт  “Инсан таануу” коомдук бирикмеснин мүчөсү Өмүрбек Жороев.

“Достук кербени” мындан ары Баткен шаарына барат. Андан ары түндүк аймагындагы областтарды жана шаарларды кыдырат.

 

 

Нурайым Турдумаматова

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ? ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ КАНДАЙ САРПТАЛДЫ?

  Жалал-Абад шаарынын мэри Бишкектеги Жылуулук электр борборунун чатагы менен арызын жазып, кызматынан кетти. Ал эми Жалал-Абад шаарынын депутаттары 2016-2017-жылда шаар бюджетинин кандай иштетилгени тууралуу...

29 - Мая  2018 | 5 : 5578
Аймакка ичүүчү таза суу берилди Аймакка ичүүчү таза суу берилди

    Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына...

11 - Мая  2018 | 10 : 4982
IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат IT чөйрөсүндө окууга кабыл алат

  Программалык жабдуулар жана Кызматтар Өндүрүүчүлөрүнүн Кыргыз Ассоциациясы жана IT Академиясы өзгөчө муктаждыктары бар жарандарга IT тармагында кыска мөөнөттүк окутуу боюнча жаңы долбоордун ишке...

11 - Мая  2018 | 10 : 5861
Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө Жалал-Абад областында инвестиция тартуу көбөйүүдө

  Жалал-Абад областында ар кайсы тармактарды өнүктүрүү багытында тартылып жаткан инвестицияинын көлөмү улам артып баратат. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде област боюнча 2 миллиард 399 миллион сомдук...

11 - Мая  2018 | 11 : 2352
Кыргыз сомуна 25 жыл Кыргыз сомуна 25 жыл

  1993-жылы 10-майда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп өзүнүн жеке улуттук валютасын сомду жүгүртүүгө киргизген. Бул күнү баалар, эмгек акылар, стипендиялар пенсиялар, ишкана-мекемелердин...

10 - Мая  2018 | 8 : 387
Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды Базар-Коргондун тургуну 19 жаштагы айылдашын бычактап салды

Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары өз ара урушуп кетишип, 19 жаштагы И.А. аттуу тургунга 24 жаштагы айылдашы М. уулу Н. бычак уруп жиберген. Анын кесепетинен 19 жаштагы...

8 - Мая  2018 | 4 : 5472
Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык... Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык...

    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалынын...

8 - Мая  2018 | 5 : 0108