Сатылбаган электр лампасы эсти алды

6 - Февраля  2018 | 9 : 43169
Сатылбаган электр лампасы эсти алды

   

Майлуу- Суу шаарынын жергиликтүү бюджети 103 пайызга аткарылган.  Бирок, республикалык бюджет  97 пайыз гана болуп калды. Эмне үчүн?.. Албетте, салыктарды толтурууда жергиликтүү салык кызматы жетиштүү түрдө иштебегени белгилүү. Бул тууралуу  шаардык мэрияда  өткөн жылдагы аткарылган иштер жана быйылкы жылда эске алынуучу жагдайларды талкуулаган  колегияда айтылды.

Коллегияны шаар мэри  Нурадил Маматов ачып,  ага областтык бийликтен өкүлдүн орун басары Мамасалы Акматов катышты.

Майлуу-Суууда элди социалдык жактан тейлөөдө мурдагы жылга караганда былтыр чеке жылытарлык иш болгон. Электр энергиясын жана коммуналдык кызматтарды колдонууда ашыкча чыгымдалган эмес. Салык  жыйноо  жакшы көрсөткүчкө жетти. Билим берүү жана медициналык кызматтарда оркойгон кемчилдиктер болгон жок. Деген менен шаарда орчундуу маселе бар.  Маселе  электр лампаларын чыгаруучу заводго тиешелүү. Бүгүнкү күндө завод иштеп чыгарган даяр өнүмдөр  сатылбай  турат. Газ алуу маселеси да көйгөйлүү. Шаар башчы  Н. Маматов   Майлуу-Суу лампа заводунун учурдагы абалын баса белгилеп , быйылкы жылы жагдайды жөнгө салуу үчүн конкреттүү аракеттер болорун билдирди. Анын айтымында республикалык бюджеттин толтурулбай калышы  лампа заводунун  көйгөйлөрүнө байланышкан. Заводдун техникалык директору Мурзажан Токтобаевдин айтымына караганда 2017-жылы план боюнча 120 миллион лампа өндүрүүнүн ордуна иш жүзүндө 122 миллиондон ашык лампа чыгарылды.  Кеп мына ошол жаңы электр лампаларын  сатуу иши жөнгө салынбай жаткандыгында болуп жатат.

-Жылына 50 түрлүүдөн ашык 200 миллиондой  лампа чыгарабыз. Ошону сата албай жатабыз. Азыр кампада мурунку жылдан калган лампаларды кошуп эсептегенде  180 миң даана лампа бар. Быйыл кырк  миң  эле лампочка  саттык.  Өзбекстан 39 миллион даана электр чырагын алчу. Быйыл “фактически” албады. Украинага 15 миллион сатчубуз, алар да азыр албай калышты. Россияга да аз сатып жатабыз.Газ да маселе жаратууда. Ушу күнгө  чейин Өзбекстандан бир кубометрин он жети жарым сомдон  газ алабыз. Биздин  Кочкор –Атадагы “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунан  газды 7 сом 50 тыйындан көбүрөөк өлчөмдө алсак деген ниетибиз бар. Алардан азыр газды 800 миң кубдан гана алабыз. Лампанын баасы газга көз каранды болуп жатат. Өзбекстандан алган газ кымбат болуп, биздин лампалар да кымбатка түшүүдө. Натыйжада рынокто ордубузду таба албай жатабыз. Эл Кытайдын арзан лампаларын алып, биздин лампаларды албайт экен.  Арзан газ алсак, арзан лампа чыгарабыз да. Бул туууралуу тиешелүү жерлерге расмий кайрылганбыз, бирок  канаттандырарлык жооп ала элекбиз -  дейт Майлуу-Суу лампа заводунун техникалык директору М.Токтобаев.

Заводдун бул көйгөйү туурасында өкүлдүн орун басары Мамасалы Акматов жакында премьер министр Сапар Исаков област жетекчилерин кабыл алганда Бишкекке өкүлдүн ордуна барып,  Майлуу-Суу лампа заводунун көйгөйүн ортого салганын билдирди. Бирок, жакында эле заводго келип кеткен Өкмөт башчы С. Исаков сатуу жана башка көйгөйлөр туурасында жеткиликтүү маалымат албаганын билдирген. М. Акматов завод жетекчилигин көйгөйлүү маселени  премьер-министрге  жеткиликтүү түрдө айта албагандыгын   сынга алды.

Учурда ишканада 2015-жылдан бери жаңы типтеги светодиоддук лампалар чыгат. Бул электр энергиясын үнөмдөгөн, иштөө мөөнөтү узакка созулган лампа. Тактап айтканда, жөнөкөй лампаларга караганда  светодиоддук лампалар электр энергиясын 8-10 эсе азыраак  керектейт.Жөнөкөй лампа 1000 саат иштесе, бул лампа 10000 саат иштеп,  жок  дегенде үч жылга чыдайт.  

М.Токтобаевдин айтымына караганда  алар  иликтөө жүргүзгөндө  жылына 300 миң ушундай лампа өндүрүлсө,  өлкөдө 40 жарым миллион кВт. сааттык электр энергиясы үнөмдөлөрү белгилүү болгон. Муну акчага айландырганда 90 миллион сом үнөмдөлөт. Баасы 150 сом. Кымбат, бирок сапаттуу мындай лампаны сатуу өтө кыйынга турат. Ал бул көйгөйдү чечүү үчүн Өкмөт атайын мамлекеттик программа кабыл алып,   “бүткүл  бюджеттик мекемелерге  Майлуу-Суу лампа  заводунун лампаларын сатып алууну милдеттендириш керек”  деп ээсептейт. Антпесе,   заводдун лампасы рынокто өз ордун ээлей албайт. Мындан сырткары М. Токтобаев  “бир гана лампа чыгаруу менен чектелбей,  областта өндүрүлгөн мөмө-жемиштерди кайра иштетүү, ширелерди  иштетип  чыгаруу  колго алынса,  айнек  идиштерди да жасап  чыгарсак. Бул үчүн бизге бир аз эле техникалык колдоо керек.”  деген  сунушун кийирди.   

Ошентип,  сыртка сатылбаган Майлуу-Суу заводунан өндүрүлгөн лампалардын сатылуу жагдайы азырынча бүдөмүк бойдон калууда.  Тиешелүү адистердин пикирине караганда маселеге   Өкмөт өзү киришип,  көйгөйдү  чечмейинче , миңдеген лампалар заводдун кампасында жата берерине шек жок. 

                                              Гүлнур КЕЛДИБАЕВА 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Өздүк  финансыны пландоонун сырлары Өздүк финансыны пландоонун сырлары

    Сиз окуучу, студент, ишкер же пенсиядагы адам болсоңуз деле эртеңки күнгө карата пландар менен жашайсыз, туурабы? Мисалы, бейшемби киного кирем, ишемби базарга ж.б... Ал эми ар бир чакан жана...

23 - Января  2018 | 10 : 31164
Жогорку чыңалуудагы электр тармактарында беш миллион киловат-... Жогорку чыңалуудагы электр тармактарында беш миллион киловат-...

    Жалал-Абад жогорку чыналуудагы электр тармактары ишканасы (ЖЖЧЭТИ) аркылуу өлкөнүн бардык тарабына электр кубаты тарайт. Себеби, Суу-электр станцияларынан иштелип чыккан электр кубаты жогорку...

28 - Августа  2017 | 4 : 20301
Акжол Доранбек уулу Акжол Доранбек уулу

  Акжол Доранбек уулу   1994-жылы 14-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн. 2009-2012-жылдары Ош соода экономикалык коледжин аяктап, экономист-бухгалтер кесибине ээ...

22 - Ноября  2016 | 7 : 351157
Биргеликте өнүгүүнүн жолун издөө Биргеликте өнүгүүнүн жолун издөө

        Бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү жана сырттан инвестиция тартуу аркылуу экономиканы көтөрүү, жашоо деңгээлин өстүрүү жагдайында бүгүн КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу...

17 - Августа  2016 | 17 : 10988
“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун... “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун...

  “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому (мындан ары “МИК” ААК) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасын ишке ашыруунун чегинде...

29 - Июля  2016 | 10 : 37806
Чет өлкөлөрдөн товарлар келүүдө Чет өлкөлөрдөн товарлар келүүдө

   Жалал-Абад областынын керектөөлөрү үчүн быйылкы жылдын алты айынын ичинде областка  12820,4 миң АКШ долларга ар кандай сырьелор, товарлар алынып келинди. Мындан тышкары областка  Кытай Эл...

28 - Июля  2016 | 16 : 14324