Дилкумар Жолдошева, Жалал-Абад областтык Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын директору, ырчы, дастанчы: “Ырчылык хоббим эле, бара-бара кесипке айланып кетти”

9 - Февраля  2018 | 7 : 51536
Дилкумар Жолдошева, Жалал-Абад областтык Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын директору, ырчы, дастанчы:  “Ырчылык хоббим эле, бара-бара кесипке айланып кетти”

 

  • Дилкумар айым, адегенде өзүң тууралуу маалымат берсең?
  • Мен 1979-жылы,  6-майда Сузак районунун Октябрь айылында, кызматчынын үй-бүлөсүндө туулганмын. Атам Сабыржан Жолдошев чыгармачыл адам,ыр жазат,обон чыгарат. Апам болсо,  мугалим. Узакбай Абдукаимов атындагы орто мектепти алтын медаль менен аяктап, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинен окудум. Эмгек жолумду Кыргызстан эл аралык университетинин Жалал-Абаддагы филиалында лингвистика кафедрасында баштадым. Ал жерде он төрт жыл иштеп, келечектеги адистерге чет тилин окуттум. Ошол эле аралыкта өзүм да билимимди дагы да жогорулатуу максатында бир катар чет мамлекеттерде болдум.
  • Кесибиң башка экен,кантип чыгармачылыкка келип калдың?
  • Ырчылык өнөрдү мага табигат берген белек деп билем,себеби, башкаларга окшобогон үн берди, мен ал үчүн өзүмдү чексиз бактылуумун деп сезем. Экинчиден чыгармачылыкка үндөгөн менин атам болду. Ал ыр жазат,обон чыгарат дебедимби. Атамдын обондорун ашыра мактаган болбоюн, бирок, элге сиңимдүү жана жагымдуу, сөзүнө обон ыргактары төп келип турат. Элетте жүргөнү үчүнбү, татыктуу  баасын толук кандуу ала элек. Эгер борбордо жүрсө, эбак бир чоң наамдын ээси болмок.  Мага атам шык берди, айылдагы музыкалык мектептен кошумча билим алуума шарт жаратты. Ырдоонун ыкмаларын үйрөттү. Ошол себептенби мектепте да, жогорку окуу жайында да  ырдаганды токтоткон жокмун. Ар кандай маданий - массалык иш чараларда ырдай бердим. Чоң сахнага чыктым, областтык деңгээлде эмес, республикалык ырчы-аткаруучулардын катарына да кошулдум. Айтор, ырчылык алгач хоббим болсо, бара-бара бул өнөр мени өзүнө арбап олтуруп, кесибиме айланып кетти.
  • Мен билгенден алгач дастанчы катары тааныла баштасаң керек эле?
  • Ооба, ошондой десем да болот. Түгөлбай Казаковдун “Насыйкатын” ырдап чыкканымда мага жогору баа бергендер көп болду. Себеби, бул ыр өтө татаал жана үндүн диапазону бийик болуш керек. Созо турган, бир дем менен ырдала турган саптары көп да. Ушул ыр менен бир нече сынактарга катышып,жакшы ийгилик ээси болдум. Анан атамдын “Көчө баласынын арманы” деген дастаны бар, ошол чыгарманы да ырдап чыгып, оозго алындым. Дастандарды азыр деле ырдайм.
  • Ырчылык , кесипке айланып кетти дебедиңби, эмне,  негизги кесипти таштадыңбы?
  • Аргасыздан таштоого туура келди, себеби, областтык филармонияда алгачкы жылдары жөн гана ырчы болуп иштеп келсем, өткөн жылдын апрель айында  ошол менин кийинки тагдырым  байланган маданий мекемеге жетекчи болуп калдым. Ал эмгек жамааттын сунушу менен болду. Ырас, мага ишенич көрсөтүп жатышкан соң, иштейин деп, билек түрүнө жетекчиликти колго алып, шымаланып жумушту баштадым.
  •    Байкашыбызча өткөн жылда   областтык филармониянын таржымалында бир топ эле урунттуу окуялар жүз бергенсиди.  Анын  башкысы  ысмын алып жүргөн Токтосун Тыныбековдун  90 жылдыгы  белгиленди.  Бул иш чараны  өткөрүүгө силердин да салымыңар болсо керек?
  • Ооба, өткөн жылы кыргыздын таланттуу, кайталангыс өнөр ээси, төкмө акыны, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Токтосун Тыныбековдун мааракеси белгиленди. Ал иш чараны өткөрүүгө биз көп мээнет жумшадык. Марафон-концерт уюштурдук, үй-бүлөсү да жардам беришти. Областтык жетекчилик, коомчулук салым кошту. Мында биз аз да болсо,  материалдык-техникалык базабызды чыңдаганга каражат жыйнагандай болдук.
  • “Жетекчилик алмашкандан кийин филармониянын алдындагы эл аспаптар оркестри  тарап кетти” деген маалымат айтыла баштагансыды?
  • Ал маалымат чындыкка коошпойт, оркестр таркаган жок, тескерисинче  чыңдалып жатат. “Мөлмөл” эл аспаптар оркестри жаш кадрлар менен толукталууда. Мурда  оркестрдин дирижеру, Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Дүйшөн Молдобаев болуп келген. Ал филармониядан жумуштан кеткенден кийин бул милдетти белгилүү обончу Райымкан Анарбаев колго алып, оркестрдин репертуарын кеңейтип жатат. Жаңы ырларды иштеп чыгышты. Мында жергиликтүү обончулардын чыгармаларына басым жасалып жатат. Музыкалык аспаптарыбызды жаңылап жатабыз.Оркестр эч качан жок болбойт.
  • Жеке ырчылар да бар эмеспи, алардын жараткан ийгиликтери болсо керек?
  • Албетте, өзүмдөн баштасам, мен да ырчымын да. өткөн жылдын март айында Түркия мамлекетинин Мерсен шаарында түрк тилдүү мамлекеттер арасында уюштурулган түрк элинин Каражолан акынга арналган фестивалга барып келдим. Ырчы жана комузчу Нургүл Темиркулова болсо,  өзбек мамлекетинде чек ара кызматташтыгы боюнча өткөн маданий иш чарага катышып келди. Ырчы Динара Тилекеева Казакстанда өткөн фестивалга барды. Акын жана ырчы Абдыкайым Ашымбаев Талас жергесинде өткөн акындардын айтышына катышып, 2-орунду камсыз кылып келди. Мындан сырткары бир катар ырчыларыбыз Россиянын бир нече шаарларына барышып, эл аралап, ал жактагы жердештерибизге концерт коюп келишти. Ал эми  ноябрь айында маданият кызматкерлеринин күнүнө карата  Эмил Балтагулов, Самарбек Шабданов,  Кочкоров сыяктуу ырчы-аткаруучуларыбыз Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана жергиликтүү  бийликтердин сыйлыктарын алышты.
  • Филармониянын алдында “Чалдар” куудулдар тобу бар эмеспи, алар тууралуу кандай сөз?
  • “Чалдар” куудулдар тобу көрүүчүлөр арасында жакшы ой калтырып жатышат. Бул топто эки гана куудул жигитибиз бар. Азыркы турмуш көйгөйлөрүн улуу муундун, чалдардын көзү менен көрүп, аны сатиранын тили, куудулдуктун тамашалары аркылуу коомчулукка жеткирүүнү колго алышкан. Кырктын кырына жете элек жаш жигиттерибиз тээ сексен-токсон жаштагы чалдардын образын жаратышып, өз көрүүчүлөрүн таап келе жатышат. Ар бир сахнага коюлган сатираларды өздөрү табышат, сценарийин жазышат,  ал эми көрүнүштөр турмуштан алынат.
  • Динара Тилекеева менен “Аңдышкан абысындар” телепрограммасын уюштуруп жаттыңар эле?
  • Ооба, бул көрсөтүү элге сиңе баштаган болчу. Эки жыл мурда,жаңы жылдык программада  “Сентябрь” телеканалынын жетекчиси бизге ушундай сунуш менен кайрылып, Динара экөөбүздүн  аялдар маселесин, үй-бүлөдөгү аялдардын ордун, коомчулуктагы жүрүм-турумдарын айтып, эфирге чыгуубузду өтүнгөн эле. Анда мен филармонияда катардагы ырчы болчуумун да. Динара экөөбүз бардык дараметибизди, чыгармачылыгыбызды ошол программага арнап, жакшы эле эфирге чыгып жүрдүк. Көрүүчүлөрдөн ар кандай ой-сунуштар, пикирлер, каалоолор түшүп жатты.  Анан аталган телеканал жабылып калбадыбы. Биз да программаны токтоттук. Эми ал канал  башка аталышта эфирге чыгып жатат. Бизге кайрадан сунуш түштү. Бул жагын караштырып жатабыз, балким кайрадан эфирге чыга баштайбыз.
  •  
  • Жаңы  жылга карата дагы  кандай максаттарды койдуңар, иш мерчемдерин белгиледиңер?
  • Өткөн жыл “Ыйман,адеп жана маданият” жылы катары белгиленбедиби. Ага карата биз аймактарды кыдырып чыктык. Алыскы айыл-кыштактарга чейин барганга аракет жасадык. Эми ошол  чыгармачыл иш чапарларыбызды улайлы деген ойдобуз. Иш башы кылып,  20-21-февраль күндөрү Ош шаарындагы  Султан Ибраимов атындагы театрда эки күн концерт тартуулайлы деп турабыз. Андан кийин областтын аймагына сапар алабыз. Мында  куудулдарыбыз, оркестрибиз жана жеке ырчыларыбыз өз репертуарларын жаңыртышып,жаңы программа менен чыгышат.Анан  быйылкы жылды мамлекет башчыбыз “Региондорду өнүктүрүу жылы” деп кабыл алса, КРнын өкмөтүнүн “40 кадам” программасын турмушка ашырууга да биз өз салымыбызды кошолу деп, айкын  багыттарды белгилеп жатабыз.
  • Жетекчилик жеке чыгармачылыкка тоскоолдук болгон жокпу?
  • Албетте, жетекчилик бул чоң жоопкерчилик. Анын өзүнө жараша түмөн түйшүктөрү  болот экен. Жеке чыгармачылыкка убакыт өтө тар болсо да өз алдымча изденип, жаңы чыгармаларды жаздырып жатам. Атамдын жаңы ырларын иштеп койдум. Дагы элдик чыгармаларды жаздыруудамын.
  • Маегиңе чоң ырахмат, ийгиликтер болсун.

Маек курган Бактыкан АЖЫМАМАТОВА

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Сабыржан Жолдошев, акын жана обончу: «Чыгармачылыгыма кызым себепкер» Сабыржан Жолдошев, акын жана обончу: «Чыгармачылыгыма кызым себепкер»

  Каректе калган туулган жер      Кыргыз обондорунун  ордун толуктаган,ыргактуу , бири-бирине окшобогон  ондогон ыр кайрыктары менен чыгармачылыктын чыйыр жолун баштап, анын ...

19 - Марта  2018 | 10 : 24357
Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл артисти: «Обон ордо» оболосо дейм» Арзыбек Бедияров, Кыргыз эл артисти: «Обон ордо» оболосо дейм»

     Кыргыз жыттанып, кыргыз үнүн мукамдуу обондору аркылуу  бул жагы Кытай, тиги жагы Америка, анан Түркия менен Азия жергесине угузуп жаткан, кыргыздын каны-жанына сиңип калган  обологон...

26 - Февраля  2018 | 5 : 32405
“Бүт дүйнөмдү койгум келди, сага арнап, ...” “Бүт дүйнөмдү койгум келди, сага арнап, ...”

    Бүгүнкү каарманыбыз интернет желелеринде өзүнүн айкын чыгармалары-ырлары менен таанылган жердешибиз, Сузак районунун Ачы өрөөнүнүн Шатрак айылында төрөлгөн Назгүл Нышанбаева...

21 - Декабря  2017 | 8 : 71641
”Театрсыз жашоомду элестете албаймын” ”Театрсыз жашоомду элестете албаймын”

    ГАЛИНА КОНУРБАЕВА, Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрынын актрисасы: Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрында көп кырдуу таланттардын сабында актриса, ырчы...

21 - Декабря  2017 | 8 : 23296
Нурмухаммед киного тартылды Нурмухаммед киного тартылды

         Россиялык башкы телеканалдын “Лучше  всех” программасы аркылуу дүйнө көрүүчүлөрүн таң калтырган  Жалал-Абад шаарынын кичинекей тургуну Нурмухаммед Ташмаматов дагы бир өнөрү...

10 - Ноября  2017 | 6 : 16369
Токтогулдун үй – музейин көрөлү Токтогулдун үй – музейин көрөлү

  Улуу демократ төкмө акын , ойчул  жана композитор Токтогул Сатылгановдун  чыгармачылыгын  барактабаган, баалабаган жан болбосо керек.  Дал ушул кайталангыс улуу инсанга арналып,  Токтогул...

26 - Сентября  2017 | 9 : 18620
"Клипке тартылуудан сырткары кино багытында да өзүмдү сынай баштадым"

Аты жөнү -  Нурсултан Кудаяров   Туулган жери - Ноокен району, Масы...

29 - Июня  2017 | 13 : 27815