Элдик жыйында эл кимге нааразы болушту?

9 - Февраля  2018 | 8 : 38288
Элдик жыйында эл кимге нааразы болушту?

 

Эл үнү угулуп жаткан элдик жыйындар бул сапар Кара-Көл шаарында жана Токтогул районунда болду. Өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков баштаган жумушчу топ алгач Кара-Көл шаарынын тургундары менен жолугушту. Энергетиктер шаары аталган аймактагы тургундар негизинен  Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиевдин келээри күтүлүп жаткандыктан, ага  тиешелүү суроолорду камдап  келишкенин айтышып, анын келбей калганына нааразы болушту.   Шаардыктардын ырастоолорунда,  Токтогул ГЭСтер Каскадына тиешелүү 1964-жылы курулуп, ушул күнгө чейин оңдоп-түзөөдөн өтпөгөн борбордук мончону оңдоо зарылдыгы турат.   Үйлөрдүн 90 пайызы жыгач үйлөр, меш колдонууга  мүмкүн эмес. Ошол үчүн өрт коопсуздук эрежелерине да маани берүү зарылдыгы бар экенин айтышты.  Ошондой эле Токтогул ГЭСтер Каскадынын карамагындагы  гидрокуруучулар жана энергетиктер үчүн салынган мончону,  коммуналдык ишканалар комбинатын шаардык мэрия өткөрө салууга кызыктар болуп жаткан Улуттук энергохолдингдин жетекчилигине нааразычылык күч экени баса белгиленди. Бул маселе боюнча шаардык кеңештин депутаты Тилек  Эстебес уулу да төмөнкүдөй үн катты:

- Айбек Калиев Улуттук энергохолдингди  жетектей баштагандан бери шаардагы коммуналдык ишканалар комбинатын шаардык мэрияга өткөрүп берүү аракети күч болууда.  Комбинатты  өткөрүп берсе эле Улуттук энергохолдингдин маселеси чечилип калчудай болуп жатышат.  Шаардын  бюджети  жылуулук цехи менен комбинатты каржылоону көтөрө албайт. Кыргызстанды электр энергиясы менен камсыздап жаткан шаардын  эки  ишканасын өткөрө салуу акылга сыйбаган кадам. Ансыз деле сатуудан түшкөн салыктар шаар бюджетине түшпөй шаардагы иштер аркага кетти-деди ал. Жыйында Токтогул ГЭСтер каскадына карапайым калктын жумушка орношуусу кыйынга тураары, шаарда жумушсуздук көйгөйү күч экендиги айтылды. Шаар мэри  Ильяз Еркеев: Мага күнүнө 20дай адам жумушсуздук маселеси менен кайрылышат, көпчүлүгү  Токтогул ГЭСтер Каскадына жумушка орношууну каалашат. Бирок, алар да  жумуш ордулары чектелүү. Оот айылына акыркы үлгүдөгү  техникалар менен жабдылган экологияга зыянсыз заманбап цемент заводу курулганы жатат. Эгер бул завод ишке кирип калса  300-400 жумуш орду түзүлүп калат. Андан сырткары Камбар-Ата шаарчасына дагы  инвестиция келе жатат. Пландалган максаттар жүзөгө ашса анда  шаарчада дагы 100 жумушчу орун пайда болот,-деди .

Камбар-Ата шаарчасындагы таза суу көйгөйү да көтөрүлдү. Маалыматка караганда, аталган шаарчаны таза суу менен камсыздоо үчүн 13 чакырымга суу түтүктөрү тартылган, бирок жумуш учурунда аяктабай создугуп кеткендиктен 500дүк суу түтүктөрдүн 8 чакырымы уурдалып кеткен. Шаарчага таза суу жеткирүү боюнча 2014-жылы жергиликтүү бийлик  тендери жок эле “Кызыл Буурчак” ЖЧКсы менен  келишим түзүлүп жумуш башталган. Тилекке каршы таза суу  чыгаруу жоопкерчилигин алган  жоопкерчилиги чектелген коом  бүгүнкү күнгө чейин өзүнө тийиштүү болгон жумушту жасабай жүрөт.  Куруучулар 3 жылдан бери  жергиликтүү бийликке “Ана барабыз, мына барабыз” деген шылтоолорду айтып келишет. Бул маселе боюнча финполиция кылмыш ишин козголуп, иш жабыла элек. Ошол үчүн да жергиликтүү бийлик ал шаарчага каражат кароого мүмкүн болбогондуктан, конкреттүү кадамдарга бара албай жатышат. Калаа башчысы бул багытта дагы колдон келген аракеттер жасалаарын айтты.  Айтор, шаардыктар энергетика тармагына байланышкан суроолорду беришип, областтык бийлик өкүлдөрүн тийиштүү жетекчилерге жеткирүүнү суранышты.

Токтогул районунда элдик жыйын Үч-Терек айыл аймагында жана Токтогул шаарында өттү. Мында суу сактагыч алдынан көчүп чыккан элеттиктердин  таза суу көйгөйү курч экени белгиленди.  Мисалы Кетмен-Төбө айыл аймагындагы Терек-Суу айылында 8 миңге чукул калк жашайт. Аталган айылда агын суу да жок. 600 гектарга ылайыкташып насостун жардамы менен суу жеткирилген, бирок 1000гектардай жер өздөштүрүлүп, насостун кубаттуулугу  жетпей калды. Жергиликтүү кеңештин депутаты Бакытбек Чороевдин айтымында, жай мезгилинде көп кыйынчылыкка кабылышууда.

-Биздин айылда агын суу деген жок. Насостун жардамы менен араң суу ичебиз акыркы жылдары суу да убагында чыкпай убай тартуудабыз.  Жай мезгилинде насос бузулду эле 3-4 күн таптакыр суу жок калк кыйналдык же мал жандык ичкени суу жок, же эл ичкени суу жок. Бизге суу жеткирилген насосторду оңдоп бербесеңиздер жай мезгилинде суусу жок калганы турабыз-деди жергиликтүү кеңештин депутаты.  Мындан сырткары ушул эле аймактагы Ак-Тектир айылында  айылга суу кетүүчү башкы булактын айланасын тосмолоо зарылдыгы, калк саз жыттанган суу ичип жатышканы маалым болду. Торкент айыл аймагында болсо 2 миңге жакын калк суу ичкен насостук станциядагы трансформатр жарылып, 3 күндөн бери калк 2-3 чакырымга чейинки аралыктагы булактардан ат, эшектер менен  суу ташууга мажбур болушууда. 

Жыйында  авариялык абалдагы мектептердин абалы, бала бакчалардын жетишсиздиги айтылды. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ы. Ызабеков калк көйгөйүн угуу үчүн келишкенин, айтылган  маселелер протоколго түшүрүлүп жатканын белгиледи.

-Өкмөттүн “Жаңы доорго 40 кадам”  программасын иштеп чыкканбыз. Өкмөт башчынын тапшырмасы менен эл көйгөйүн угуу үчүн жер-жерлерде  элдик жыйындар өтүүдө.  Аймактагы көйгөйлөрдү тереңден билүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болууда.  Айтылган маселелердин баарысы иргелет,  жергиликтүү бийлик  чече ала турган маселелер боюнча өзүбүз иш алып барабыз. Биздин күчүбүз жетпеген көйгөйлөрдү өкмөткө жеткирип, калк көйгөйүн чечүүгө болгон кадамдарды жасайбыз-деди Ы. Ызабеков.

Кошумчалай кетсек, Сузак районунан башталган элдик жыйындар Тогуз-Торо районунан башка район-шаарларда өткөрүлүп, калк көйгөйү угулду.

 

Жумагүл ШАЙЫКОВА

 

 

 

Досторуң менен бөлүш

Коментарии FACEBOOK:



Тектеш жаңылыктар

Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө? Майлуу-Суудагы уран калдыгы кайда изилденүүдө?

                 Майлуу-Суу шаарында  1946-1967-жылдары «Кыргызэлектроизолит» заводунда уран калдыктарын иштетилип, чыныгы уран сырт өлкөлөргө жөнөтүлүп турган. Ал...

21 - Сентября  2018 | 10 : 46
Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө Каттоонун камылгасы, камсыздандыруунун кадамы кечеңдөөдө

  Өлкөдө 2020-жылы боло турган элди жана турак жайды каттоого даярдыктар Жалал-Абад областында  солгун жүрүүдө. Ар он жылда эл каттоо болгонуна карабастан бүгүнкү күнгө чейин айрым айылдардын,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 239
Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык? Бир короодогу эки мектептин зарылдыгы канчалык?

  Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылында 5 миңге чукул калк жашайт. Кызыгы андагы айылда бир короодо М. Алымбеков жалпы орто мектеби жана Айры-Там мектеп-гимназиясы  жайгашкан,...

21 - Сентября  2018 | 11 : 295
«Кан жетишсиз… Эмнеге?....» «Кан жетишсиз… Эмнеге?....»

                                                                                                               ...

27 - Июня  2018 | 9 : 3899
Дарбыз эмес дарт жейбизби? Дарбыз эмес дарт жейбизби?

    Учурда мөөнөтүнөн мурун, күч менен бышып жаткан мөмө-жемиштерден баш тартуу кыйынга турары белгилүү. Күн да ысып, тарс жарып дарбыз жегиң келген учур. Бирок, алардын ар дайым көзөмөлдө болуусу...

27 - Июня  2018 | 9 : 46124
Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?.. Абактан кийинки азаптан кантип чыгабыз?..

    Түрмөгө түшкөн аялдардын көбү жакындарын өлтүрүп, же баңгизат менен кармалгандар. Арасында уурулук кылгандары да бар. Республиканын абак жайларында кармалган...

27 - Июня  2018 | 10 : 35131
Башкы плансыз болочок күткөн шаар Башкы плансыз болочок күткөн шаар

  Жалал-Абад шаары алгач шаар статусун алгандан тартып, 1950-жылы шаардын өнүгүшү үчүн алгачкы башкы (генералдык-генплан) планы бекитилген. Областтык керек-жарак коому, түштүк кыргыз жаңгак токойлору...

29 - Мая  2018 | 4 : 1144